Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-апрели № 252
"Мунайзаттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 461 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мунайзаттарды алып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга контролду күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мунайзаттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 461 токтому менен бекитилген Мунайзаттарды эсепке алуунун жана контролдоонун жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуунун тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
экинчи абзац "мунай базасы" деген сөздөрдөн кийин "(мунай сактоочу жай)" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"отун-таратуучу колонка (мындан ары - ОТК) - күйүүчү-майлоочу материалдарды (мындан ары - КММ) автомашиналарга куюу боюнча АКЖынын колонкасы;
темир жолдогу куюучу туюк - автоцистерналарга темир жол цистерналарынан (резервуарлардан) мунайзаттарын куюу үчүн жер.";
- 4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын аймагында мунайзаттын жүгүртүлүшүн, сакталышын жана сатылышын контролдоо үчүн контролдук пломбалар колдонулат, алар автоцистерналардын (резервуарлардын) жана АКЖнын ооз жагына жана куюучу түтүктөрүнө, ошондой эле АКЖдагы ОТКнын эсептөөчү механизмдерине орнотулат.
5. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети (мындан ары - СЖМК) автоцистерналарга (резервуарларга) жана АКЖга, ошондой эле АКЖдагы ОТКнын эсептөөчү механизмдерине пломбаларды жана пломбалоо үчүн пломба койгучтарды орнотууга заказ кылышат. Аны орнотуу учурунда контролдук пломбанын наркын чарбакер субъекттер төлөп беришет.
Мунайзаттарды контролдоо үчүн арналган контролдук пломбаларда бирдей эки заводдук номер коюлууга тийиш.";
- 6-пункт "идиштерди" деген сөздөн кийин "автоцистерналарга жана АКЖга, ошондой эле АКЖдагы ОТКнын эсептөөчү механизмдерине" деген сөздөр менен толукталсын;
7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Мунай базалар жана АКЖлар күн сайын аймактык салык органына мунайзаттарды сатып алууда жана жүктөөдө контролдук пломбаларды орнотуу зарылдыгы жөнүндө маалымат берип турушат. Бекитилген салык инспектору мунайзаттарга коштолуучу накладной документтер болгондо аны "Чыгарууга уруксат берилди" деген жазуу коюп ырастоо менен "мунай базасы (мунай сактоочу жай) же темир жол цистернасы (темир жол туюктарында куюу) -автоцистерна - АКЖ" технологиялык тизмектин жүрүшү боюнча контролдук пломбаларды орнотот.
Чарбакер субъекттер мунай базалардан (мунай сактоочу жайлардан), темир жолдогу куюучу туюкттардан жана АКЖдан жеке керектөө үчүн арналган мунайзаттарды алып чыгууда салык инспектору автоцистернанын ооз жагын жана куюучу түтүктөрүн пломбалайт жана мунайзаттарына коштоочу накладнойго "Чыгарууга уруксат берилди" деген жазууну коет.";
- 8-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 9 жана 10-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Мунайзатты мунай базалардан автоцистерна менен берүүгө жана мунайзаттарына коштоочу накладной толтурулбастан жана салык органдары тарабынан белгиленүүчү контролдук пломбалар менен пломбаланбастан АКЖга алуу-берүү жүргүзүүлөрүнө тыюу салынат. Мунайзаттарды сактоо, ташуу жана сатуу шарттарын сактабаган учурда чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
10. Мунайзаттарды алууда жана берүүдө мунайзаттарына коштоочу накладнойлорго контроль жүргүзүү үчүн жана мунайзаттар үчүн контролдук плобаларды орнотуу үчүн мунай базалардын, мунай сактоочу жайлардын, темир жолдогу куюучу туюктуктун жана АКЖнын жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин тиешелүү башкармалыгынын начальнигинин буйругу менен жооптуу инспекторлор дайындалышат, алар мунайзаттарын жөнөтүүгө жана алууга катышат.";
- 11 -пункттун биринчи абзацында:
биринчи сүйлөм "Мунай базасына" деген сөздөрдөн кийин", мунай сактоочу жайына, темир жолдогу куюучу туюгуна" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи сүйлөмдөгү "мунай базасы катталган" деген сөздөрдөн кийин "мунай базасы, мунай сактоочу жайы жана темир жолдогу куюучу туюгу жайгашкан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктта:
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сатып алынуучу жана сатылуучу баасы;";
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Бекитилген салык инспектору АКЖга мунайзаттарын алууда катышууга, контролдук пломбалардын сакталышына жана мунайзаттарына коштоочу накладнойлордун туура толтурулушуна контроль жүргүзүүгө милдеттүү.";
- 14-пунктта "жеке сактоочу жайларына" деген сөздөр "мунай сактоочу жайларына жана темир жолдогу куюучу туюкттарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:
"15. Мунайзаттардын сатылган көлөмдөрүн контролдоо үчүн ар бир АКЖда ОТКнын суммалык эсептегичтеринин жана КММнын калдыктарынын ар күнкү көрсөткүчтөрүн эсепке алуу журналы - жүргүзүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети эки айлык мөөнөттө өзүлөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
|
|