Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ
2020-жылдын 17-июну № 2020-П-33/35-1-(НФКУ)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ), 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу";

- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө";
- 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) "Коммерциялык банктар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө".
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо компанияларын жана кредиттик союздарын, "Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин, "Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин тааныштырсын.
5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ), 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинин:
- 2-1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-1.2. Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин, ошол банктан/ФКУдан чогуу жоопкерчиликтүү топтун курамында алган кредитинен тышкары, ошол же башка топтун курамында, башка банктан/ФКУдан чогуу жоопкерчилик алдында кайсыл болбосун жеке кредити же чогуу алган кредити болгон болсо, анда карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол банктан/ФКМден алынган жана ушул тартипке ылайык атайы классификацияланууга тийиш болгон бардык кредиттери, алардын негизги суммасы жана пайыздары боюнча 31 күндөн 60 күнгө чейинки карыздары болсо "байкоого алынган активдер" катары классификацияланууга тийиш.";
- 2-1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-1.4. Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол банктан/ФКУдан алынган жана ушул тартипке ылайык атайы классификацияланууга тийиш болгон бардык кредиттерине карата ошол кредиттерге карата классификациялоонун эң төмөнү (начары) ыйгарылууга тийиш.
Эгерде эң начар категория өзгөчө кырдаалдардын жана/же эпидемия/пандемия жана башка форс-мажордук кырдаалдардын (форс-мажордук кырдаалдардын) кесепетинен начарлаган же карыз алуучунун насыясына берилсе, ФКУ бардык насыялар боюнча эң начар классификациялык категорияны колдонбоого укуктуу.
Бул учурда ФКУ категориянын мүнөздөмөлөрүнө ылайык ар бир насыя боюнча классификациялык категорияны өзүнчө колдоно алат.";
- 2-1.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-1.5. Биргелешип бизнес жүргүзүшкөн чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары тарабынан ошол банктан/ФКУдан алынган кредиттердин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алган шартта, ушул документке ылайык, аларга карата мөөнөттө төлөнбөгөн күндөрдүн санына жараша классификация колдонулушу зарыл. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын биринин кредитинин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча 60 күндөн ашкан, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алса, анда ушул документке ылайык, чогуу жоопкерчиликтүү топтун ошол катышуучусунун кредитине ыйгарылган классификациялоо категориясы, топтун катышуучуларына берилген бардык кредиттерге карата колдонулууга тийиш.";
- 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.2. Негизги сумма боюнча жана/же пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген пландык төлөмдөрдүн күндөрүнүн эсебине жараша атайын классификация колдонулуучу кредиттер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкү өлчөмдөрү белгиленет:
Кредиттердин атайын квалификациясы жана РППУга тиешелүү чегерүүлөр:
Классификация категориясы | Мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген пландык төлөмдөрдүн күндөрүнүн эсеби | РППУ |
Канааттандырарлык | 0 | 2% |
Байкоого алынгандар | 1-59 | 10% |
Шектүүлөр | 60-89 | 50% |
Жоготуулар | 90 жана андан ашык | 100% |
";
- 4.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.7. Атайын классификация колдонулуучу кредиттер, кредиттин мөөнөтүн узартууну жана/же пландык төлөмдөрдүн үзгүлтүксүздүгүнүн өзгөрүүсүн кошо алганда, кредит боюнча эки жолку пролонгация болгон учурда, "байкоого алынгандар" катары классификацияланат жана ал боюнча кредиттин негизги суммасынан 10% өлчөмүндө РППУ түзүлөт. Кийинки насыяларды реструктуризациялоодо, классификациялык категория жок дегенде бир категорияга төмөндөйт.";
- 4.8-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункту күчүн жоготкон деп табылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) "Коммерциялык банктар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышында "Коммерциялык банктар" деген сөздөрдөн кийин "жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктунда "коммерциялык банктар" деген сөздөрдөн кийин "жана айрым банк эмес финансы-кредиттик уюмдары" деген сөздөр менен толукталсын;
- пункт 1 после слов "коммерческими банками" дополнить словами "и отдельными небанковскими финансово-кредитными организациями";
- 2-пунктунда "Коммерциялык банктар" деген сөздөрдөн кийин "жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун талаптары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибинин" талаптары коммерциялык банктарга, депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компанияларына, кепилдик фонддорго жана "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсына карата ушул токтомго каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.".
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Коммерциялык банктар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелеринин":
аталышында "Коммерциялык банктар" деген сөздөрдөн кийин "жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктунда:
- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Бул коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелерде (мындан ары - Убактылуу эрежелер) коронавирус инфекциясынын жайылышына жана ага бөгөт коюуга мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чектөө чараларына байланыштуу жагдайдан улам сапаты начарлаган же начарлап жаткан активдерди коммерциялык банктар жана депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компаниялары, кепилдик фонддор жана "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы (мындан ары - банктар) тарабынан классификациялоонун убактылуу эрежелерин белгилейт.";
- экинчи абзацында "коммерциялык" деген сөз алынып салынсын;
- 5-пункттун 4-пунктчасы "же гарантия/кепилдик менен камсыздалган болсо - банк гаранттын/кепилдин финансылык абалынын начарлоосу жөнүндө маалымат алат" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пункттун 5-пунктчасы "же гарантия/кепилдик менен камсыздалган болсо - банк гаранттын/кепилдин финансылык абалынын начарлоосу жөнүндө маалымат алат" деген сөздөр менен толукталсын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ
2020-жылдын 17-июну № 2020-П-33/35-1-(НФКУ)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ), 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС), 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу";
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө";
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ), 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо компанияларын жана кредиттик союздарын, "Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин, "Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин тааныштырсын.
5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ), 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС), 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинин:
- 2-1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-1.2. Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин, ошол банктан/ФКУдан чогуу жоопкерчиликтүү топтун курамында алган кредитинен тышкары, ошол же башка топтун курамында, башка банктан/ФКУдан чогуу жоопкерчилик алдында кайсыл болбосун жеке кредити же чогуу алган кредити болгон болсо, анда карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол банктан/ФКМден алынган жана ушул тартипке ылайык атайы классификацияланууга тийиш болгон бардык кредиттери, алардын негизги суммасы жана пайыздары боюнча 31 күндөн 60 күнгө чейинки карыздары болсо "байкоого алынган активдер" катары классификацияланууга тийиш.";
- 2-1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-1.4. Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол банктан/ФКУдан алынган жана ушул тартипке ылайык атайы классификацияланууга тийиш болгон бардык кредиттерине карата ошол кредиттерге карата классификациялоонун эң төмөнү (начары) ыйгарылууга тийиш.
Эгерде эң начар категория өзгөчө кырдаалдардын жана/же эпидемия/пандемия жана башка форс-мажордук кырдаалдардын (форс-мажордук кырдаалдардын) кесепетинен начарлаган же карыз алуучунун насыясына берилсе, ФКУ бардык насыялар боюнча эң начар классификациялык категорияны колдонбоого укуктуу.
Бул учурда ФКУ категориянын мүнөздөмөлөрүнө ылайык ар бир насыя боюнча классификациялык категорияны өзүнчө колдоно алат.";
- 2-1.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-1.5. Биргелешип бизнес жүргүзүшкөн чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары тарабынан ошол банктан/ФКУдан алынган кредиттердин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алган шартта, ушул документке ылайык, аларга карата мөөнөттө төлөнбөгөн күндөрдүн санына жараша классификация колдонулушу зарыл. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын биринин кредитинин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча 60 күндөн ашкан, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алса, анда ушул документке ылайык, чогуу жоопкерчиликтүү топтун ошол катышуучусунун кредитине ыйгарылган классификациялоо категориясы, топтун катышуучуларына берилген бардык кредиттерге карата колдонулууга тийиш.";
- 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.2. Негизги сумма боюнча жана/же пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген пландык төлөмдөрдүн күндөрүнүн эсебине жараша атайын классификация колдонулуучу кредиттер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкү өлчөмдөрү белгиленет:
Кредиттердин атайын квалификациясы жана РППУга тиешелүү чегерүүлөр:
Классификация категориясы | Мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген пландык төлөмдөрдүн күндөрүнүн эсеби | РППУ |
Канааттандырарлык | 0 | 2% |
Байкоого алынгандар | 1-59 | 10% |
Шектүүлөр | 60-89 | 50% |
Жоготуулар | 90 жана андан ашык | 100% |
";
- 4.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.7. Атайын классификация колдонулуучу кредиттер, кредиттин мөөнөтүн узартууну жана/же пландык төлөмдөрдүн үзгүлтүксүздүгүнүн өзгөрүүсүн кошо алганда, кредит боюнча эки жолку пролонгация болгон учурда, "байкоого алынгандар" катары классификацияланат жана ал боюнча кредиттин негизги суммасынан 10% өлчөмүндө РППУ түзүлөт. Кийинки насыяларды реструктуризациялоодо, классификациялык категория жок дегенде бир категорияга төмөндөйт.";
- 4.8-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункту күчүн жоготкон деп табылсын.
8. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)