Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ
2020-жылдын 17-июну № 2020-П-33/35-1-(НФКУ)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ), 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС), 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу";
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө";
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ), 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо компанияларын жана кредиттик союздарын, "Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин, "Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин тааныштырсын.
5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ), 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС), 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинин:
- 2-1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-1.2. Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин, ошол банктан/ФКУдан чогуу жоопкерчиликтүү топтун курамында алган кредитинен тышкары, ошол же башка топтун курамында, башка банктан/ФКУдан чогуу жоопкерчилик алдында кайсыл болбосун жеке кредити же чогуу алган кредити болгон болсо, анда карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол банктан/ФКМден алынган жана ушул тартипке ылайык атайы классификацияланууга тийиш болгон бардык кредиттери, алардын негизги суммасы жана пайыздары боюнча 31 күндөн 60 күнгө чейинки карыздары болсо "байкоого алынган активдер" катары классификацияланууга тийиш.";
- 2-1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-1.4. Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол банктан/ФКУдан алынган жана ушул тартипке ылайык атайы классификацияланууга тийиш болгон бардык кредиттерине карата ошол кредиттерге карата классификациялоонун эң төмөнү (начары) ыйгарылууга тийиш.
Эгерде эң начар категория өзгөчө кырдаалдардын жана/же эпидемия/пандемия жана башка форс-мажордук кырдаалдардын (форс-мажордук кырдаалдардын) кесепетинен начарлаган же карыз алуучунун насыясына берилсе, ФКУ бардык насыялар боюнча эң начар классификациялык категорияны колдонбоого укуктуу.
Бул учурда ФКУ категориянын мүнөздөмөлөрүнө ылайык ар бир насыя боюнча классификациялык категорияны өзүнчө колдоно алат.";
- 2-1.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-1.5. Биргелешип бизнес жүргүзүшкөн чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары тарабынан ошол банктан/ФКУдан алынган кредиттердин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алган шартта, ушул документке ылайык, аларга карата мөөнөттө төлөнбөгөн күндөрдүн санына жараша классификация колдонулушу зарыл. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын биринин кредитинин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча 60 күндөн ашкан, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алса, анда ушул документке ылайык, чогуу жоопкерчиликтүү топтун ошол катышуучусунун кредитине ыйгарылган классификациялоо категориясы, топтун катышуучуларына берилген бардык кредиттерге карата колдонулууга тийиш.";
- 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.2. Негизги сумма боюнча жана/же пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген пландык төлөмдөрдүн күндөрүнүн эсебине жараша атайын классификация колдонулуучу кредиттер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкү өлчөмдөрү белгиленет:
Кредиттердин атайын квалификациясы жана РППУга тиешелүү чегерүүлөр:
Классификация категориясы | Мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген пландык төлөмдөрдүн күндөрүнүн эсеби | РППУ |
Канааттандырарлык | 0 | 2% |
Байкоого алынгандар | 1-59 | 10% |
Шектүүлөр | 60-89 | 50% |
Жоготуулар | 90 жана андан ашык | 100% |
";
- 4.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.7. Атайын классификация колдонулуучу кредиттер, кредиттин мөөнөтүн узартууну жана/же пландык төлөмдөрдүн үзгүлтүксүздүгүнүн өзгөрүүсүн кошо алганда, кредит боюнча эки жолку пролонгация болгон учурда, "байкоого алынгандар" катары классификацияланат жана ал боюнча кредиттин негизги суммасынан 10% өлчөмүндө РППУ түзүлөт. Кийинки насыяларды реструктуризациялоодо, классификациялык категория жок дегенде бир категорияга төмөндөйт.";
- 4.8-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункту күчүн жоготкон деп табылсын.
8. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)