Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-апрели №255
"Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-апрелиндеги №255 токтому менен жактырылган |
"Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары К.Исабеков тарабынан демилге кылынган "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 1-пунктуна жана 4-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын азыркы чегара алкагындагы аймагы кол тийгис жана бөлүнгүс, жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жашоо-тиричилигинин жана иш аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен сунушталган "Кумтөр" кенин улутташтыруу мүмкүн эмес, анткени ал мамлекеттик менчик болуп саналат.
2. Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен "Кумтөр аянтын" (8.12.2005-жылдагы Аи-79-97) геологиялык жактан изилдөөгө жана "Түштүк-Батыш" (22.06.2005-жылдагы 147АЕ) жана "Сарытөр" (30.11.2007-жылдагы 1521АЕ) участогун иштетүүгө лицензияларды жокко чыгаруу сунушталган.
Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 26-августундагы чечими менен "Кумтөр" долбоорун реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы N 835 токтомун жоюу жөнүндө К.Исабековдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата доо арызы канааттандырылган эмес.
Азыркы учурда К.Исабековдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке карата "8.12.2005-жылдагы Аи-79-97, 22.06.2005-жылдагы 147АЕ жана 30.11.2007-жылдагы 1521АЕ лицензияларын жараксыз деп табуу жөнүндө" доо арызы боюнча соттук териштирүү аягына чыга элек экендигин эске алуу менен бул лицензияларды жокко чыгаруу азыркы учурда мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 12-беренесине ылайык мыйзамдарга ылайык келбеген жана жарандык укуктарды жана жарандын же юридикалык жактын мыйзамдар менен корголуучу таламдарын бузуучу мамлекеттик органдын нормативдик эмес актын же нормативдик актыны жараксыз деп табуу сот тарабынан гана жүргүзүлөт.
3. Мыйзам долбоорунун 3-беренеси менен "Камеко Корпорейшн" компаниясына "Центерра Голд Инк" компаниясындагы анын акцияларынын наркын компенсациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталууда.
Улутташтыруу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 3-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине ылайык рыноктук наркына жараша аныкталуучу улутташтыруу объекттери, ошондой эле алып коюу менен байланышкан башка зыяндар үчүн алдын ала милдеттүү компенсациялоого алып келет.
Бул Мыйзам долбоордо каржылоо булагы жана "Камеко" компаниясына жана башка акционерлерге таандык мүлктүн наркынын ордун толтуруу суммасы аныкталган эмес.
Мындан тышкары "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу жөнүндө" тиешелүү мыйзам долбоорду кабыл алганга чейин Кыргыз Республикасынын улутташтыруудан тике жана кыйыр зыяндарын эсептөө үчүн көз карандысыз аудитти тартуу жана компенсациялоо булагын аныктоо зарыл.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караштырган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каржылоо булагы болгон учурда кабыл алынышы мүмкүн.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзамды кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
|
|