КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы №384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 27-апрели № 260
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июнундагы № 218 "2007-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломаттык паспортунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспортторун борбордоштуруп эсепке алуу жана берүүнү системага салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июнундагы № 218 "2007-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломаттык паспортунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- 1998-жылдын үлгүсүндөгү мурда берилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспорттору 2009-жылдын 1-июнуна чейин жарактуу.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |