Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги №270 токтому менен бекитилген |
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку акчалай пособие төлөөнүн ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 211 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык 2009-жылы республикалык бюджеттин каражаттарынан кошумча бир жолку акчалай пособие мындан ары - акчалай пособие) төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына; 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган адамдарга, жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган адамдарга; экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармаган жерлердин мурдагы жашы жетелек туткундарына - 3000 сом өлчөмдө;
- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө; Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандарга; Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз зомбулук менен мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандарга - 1ООО сом өлчөмдө.
2. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине акчалай пособие ар жылкы төлөмдөр сыяктуу, пенсия берүүчү ведомствого карабастан райондук, шаардык социалдык жактан коргоо кызматтарынын тизмелери боюнча аймактык байланыш бөлүмдөрү аркылуу 9-майга карата төлөнөт.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финмин) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине (мындан ары - Эмгексоцмин) ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык байланыш кызматтарын эске алуу менен облустар боюнча берилген эсептерге ылайык акчалай пособие төлөөгө кредиттерди ачат.
4. Эмгексоцмин акчалай пособиелерди төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын шаардык жана райондук байланыш бөлүмдөрүнө (мындан ары - байланыш бөлүмдөрү) финансылык каражаттарды социалдык кызмат көрсөтүү борборлору аркылуу которот.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2009-жылдын 1-майына чейин Эмгексоцминге Улуу Ата Мекендик согуштун акчалай пособие алууга укугу бар ардагерлеринин тизмелерин райондорго жана шаарларга карата облустар боюнча берет.
6. Эмгексоцмин, өз кезегинде, Улуу Ата Мекендик согуштун, күч структураларынын ардагерлеринин берилген тизмелерин акчалай пособие төлөө үчүн райондук жана шаардык социалдык коргоо кызматтарына жиберет.
7. Райондук жана шаардык социалдык коргоо бөлүмдөрү байланыш бөлүмдөрү боюнча акчалай пособие алуучуларга ведомостторду түзүшөт.
8. Төлөмдөр аяктагандан кийин байланыш бөлүмдөрү райондук жана шаардык социалдык коргоо башкармалыктарына отчет беришет; райондук жана шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыктары - баш ийүүсүнө карата социалдык кызмат көрсөтүү борборлоруна, алар өз кезегинде, бюджеттик каражаттар боюнча Эмгексоцминдин Социалдык жактан коргоо жана гуманитардык жардамдар боюнча башкы башкармалыгына социалдык кызмат көрсөтүү борборлору тараптан текшерилген байланыш бөлүмдөрүнүн салыштыруу актылары тиркелген отчетторун беришет.
9. Акчалай пособиени төлөө аяктагандан кийин байланыш бөлүмдөрү "Кыргыз почтасы" Мамлекеттик ишканасынын облустук филиалдарына маалымат жана отчет беришет жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына жалпыланган маалыматты беришет, ал өз учурунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчет берет.
10. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги берилген төлөмдөр жөнүндө 2009-жылдын 20-июлуна чейин апта сайын Эмгексоцминге маалымат берет.
11. Эмгексоцмин 2009-жылдын 1-августуна карата Финминге облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча акчалай пособие төлөнгөндүгү жөнүндө отчет берет.
12. Акчалай пособие алуучу адам 2009-жылдын 27-апрелинен31-майына чейинки мезгилде каза болгон учурда пособие анын каза болгон күнүнө карата аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө алар райондук жана шаардык социалдык коргоо органдарына каза болгон күндөн тартып 6 айдын ичинде кайрылган учурда төлөнөт. Бул учурда жесирлер (жесилдер), ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү райондук социалдык жактан коргоо башкармалыктарына пособие өзүнүн атына кайра тариздөө үчүн каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн тиркөө менен жеке арыз бериши керек.
13. Дайындалган, бирок жүйөлүү себептер боюнча аягына чейин алынбай калган акчалай пособиени төлөп берүү Эмгексоцминдин уруксаты боюнча кошумча тизмелердин негизинде 2009-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт.