Редакцияот 30.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 30-апрели №270

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоого жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-апрелиндеги № 211 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоого жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку акчалай пособие төлөөнүн тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку акчалай пособие төлөө үчүн акча каражаттарын бөлүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кошумча бир жолку акчалай пособиени бекитилген Тартипке ылайык райондук социалдык коргоо органдары аркылуу төлөөнү камсыз кылсын.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды уюштурушсун;

- 2009-жылдын 7-майынан тартып 7-июнуна чейин согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, эмгек ардагерлерине, региондун өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон улгайган жарандарга ар тараптан көмөк көрсөтүү үчүн кайрымдуулук айлыгын өткөрүшсүн;

- 2009-жылдын 15-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери үчүн кайрымдуулук айлыгын өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымат беришсин.

5. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 186 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

И.Чудинов