КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 6-майы № 273
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 260 "Кыргыз Республикасында билим берүү системасын келечектүү өнүктүрүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында билим берүү системасынын иштешине жана өнүктүрүүгө багытталган чыгымдарды оптималдаштыруу, ошондой эле өлкөнүн стратегиялык документтеринде белгиленген милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн аткаруу бийлиги органдарынын биргелешкен иштерин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 260 "Кыргыз Республикасында билим берүү системасын келечектүү өнүктүрүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1 -пункттун экинчи жана жетинчи абзацтары алып салынсын.
| Премьер-министр | И.Чудинов | ||
|
|
| ||