Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 2019-П-09/34-2-НПА
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-09/24-6-(НПА) "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-09/34-2-НПА токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына
ТОЛУКТООЛОР
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобонун:
- 10-пункту төмөнкү мазмундагы 4-1 пунктчасы менен толукталсын:
"4-1) орун алган ликвиддүүлүк көйгөйлөрүн жөнгө салуу жана суралып жаткан кредитти төлөө боюнча чараларды чагылдырган, Директорлор кеңеши жана Башкармасы тарабынан бекитилген банктын иш-чаралар планы;";
- жобо төмөнкү мазмундагы 14-1-пункту менен толукталсын:
"14-1. Улуттук банк көзөмөлдөгөн юридикалык жактардын акциялары күрөө предмети боло албайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-09/24-6-(НПА) "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобонун:
- жобо төмөнкү мазмундагы 19-1-пункту менен толукталсын:
"19-1. Улуттук банк көзөмөлдөгөн юридикалык жактардын акциялары күрөө предмети боло албайт.".