Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 6-майы № 276
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-сентябрындагы N 564 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-сентябрындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-октябрындагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Кинематография боюнча департаментти түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин кызматкерлеринин сандык чеги (тейлөөчү персоналдан башкасы) 762 адам санында белгиленсин, анын ичинде борбордук аппарат - 53 адам; шаарлардын жана райондордун маданият жана маалымат башкармалары, бөлүмдөрү 191; Кинематография боюнча департамент - 11; Мамлекеттик архив агенттиги - 507 (анын ичинде Мамлекеттик архив агенттигинин борбордук аппараты - 23; архивдик мекемелер - 100; архивдик мекемелердин аймактык структуралары - 384).
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-сентябрындагы N 564 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы № 438 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 токтому менен бекитилген |
┌──────────────────────┐
│ Борбордук аппарат │
└──────────┬───────────┘
│
v
┌───────────────┬────────────────────────┬──────────────────┬─────────┐
│ │ │ │ │
│ v v v │
│ ┌─────────────┴─────────────┐ ┌──────────────────┐ ┌───────────┐ │
│ │Шаарлардын жана райондордун│ │ Кинематография │ │Мамлекеттик│ │
│ │ маданият жана маалымат │ │боюнча департамент│ │ архив │ │
│ │башкармалыктары, бөлүмдөрү │ │ │ │ агенттиги │ │
│ └───────────────────────────┘ └──────────────────┘ └───────────┘ │
└──────────────┐ ┌──────────┘
│ │
v v
┌────────────────────────────────┐ ┌───────────┐ ┌────────────────────┐
│ Ведомстволук мекемелер: │ │Чүй, Нарын,│ │ Маданият жана │
│ Театрлар, филармониялар, цирк, │ │Жалал-Абад,│ │ искусство окуу │
│китепканалар, музейлер, маданият│ │ Ысык-Көл, │ │ жайлары: Жогорку │
│ үйлөрү, клубдар, маданият жана │ │Баткен жана│ │ окуу жайлары, │
│ эс алуу парктары, тарых жана │ │ Талас │ │ кесиптик орто окуу │
│маданият эстеликтери, Тарых жана│ │ облустук │ │ жайлары, М.Абдраев │
│ маданият эстеликтерин коргоо │ │мамлекеттик│ │ атындагы │
│ боюнча республикалык инспекция,│ │телерадио- │ │ республикалык │
│ "Кыргызреставрация" │ │компанияла-│ │ музыкалык атайын │
│ илимий-изилдөөчүлүк долбоорлоо │ │ ры │ │ орто │
│ бюросу, Улуттук китепкана, │ │ │ │ мектеп-интернаты, │
│ Улуттук маданий борбор, "Манас │ │ │ │ балдардын музыкалык│
│ ордо" улуттук комплекси, китеп │ │ │ │ мектептери, │
│ палатасы, Достук үйүнүн │ │ │ │ балдардын көркөм │
│ дирекциясы, "Байчечекей" жана │ │ │ │ өнөр мектептери, │
│ "Кырчын" журналдарынын │ │ │ │ балдардын искусство│
│ редакциялары. │ │ │ │ мектептери, │
│ │ │ │ │ квалификацияны │
│ │ │ │ │ жогорулатуу │
│ │ │ │ │ факультеттери, │
│ │ │ │ │ № 57 жана Улуттук │
│ │ │ │ │№ 167 бала бакчалары│
└────────────────────────────────┘ └───────────┘ └────────────────────┘
|
|