Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 11-майы № 287
"Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 5, 474-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-берененин 1-пунктунун 5-пунктчасындагы "ченемдик жана укуктук актыларга ылайык" деген сөздөр "мыйзамдарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 20-беренеде:
- 2-пункттагы "же мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы келишимдин" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункттун биринчи абзацындагы "же келишим" деген сөздөр алып салынсын.
3. 22-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Поселкалык, шаардык кеңештин жана айылдык округдун кеңешинин сандык курамы жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет, ал эми райондук кеңештин сандык курамы тийиштүү райондук кеңештин чечими менен белгиленет. Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы ушул берененин биринчи бөлүгүнө ылайык белгиленет.".
4. 27-берененин 2-пунктунун 8-пунктчасындагы "көпчүлүк добушу менен" деген сөздөр "добуштардын үчтөн экиси менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|