Редакцияот 23.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

2015-жылдын 23-декабры № 78/7

Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине жана Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Милдеттүү камдарды эсептөө базасында камтылган милдеттенмелер боюнча төмөнкүдөй милдеттүү кам өлчөмдөрү белгиленсин:

а) улуттук валютадагы милдеттенмелер боюнча - улуттук валютадагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,0 пайызы деңгээлинде;

б) армян драмы, белорусь рубли, казак теңгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелер боюнча - армян драмы, белорусь рубли, казак теңгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,0 пайызы деңгээлинде;

в) ушул пункттун (б) пунктчасында көрсөтүлгөндөрдү эске албаганда, чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча, - ошол чет өлкө валюталарындагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 12,0 пайызы деңгээлинде.

2. Коммерциялык банктар милдеттүү камдарды Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобонун 2.4-пунктуна ылайык эсептөөнү ишке ашырып, жобонун 2.5-пунктун талабына ылайык бул токтомдун 1-пунктунун (а), (б), (в) пунктчаларында көрсөтүлгөн валюталардагы милдеттенмелердин өз-өзүнчө сунушталышын камсыз кылышсын.

3. Милдеттүү камдардын өлчөмү бул токтомдун 1-пунктунун (а), (б), (в) пунктчаларында көрсөтүлгөн валюталардагы милдеттенмелер боюнча милдеттүү камдардын суммасы катары эсептелинсин.

4. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

5. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 75/1 "Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.

6. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

7. Токтом 2016-жылдын 11-январынан тартып күчүнө кирет.

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдыгулов