Загрузка документа…
|
КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген |
Милдеттүү резервдер жөнүндө ЖОБО
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1, 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2014-жылдын 17-февралындагы № 3/2, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Милдеттүү резервдерди эсептөө тартиби
3. Эсептешүүнүн жана милдеттүү резервдик талаптарды аткарбагандыгы үчүн төлөм өндүрүүнүн тартиби
1-тиркеме. Милдеттүү резервдердин эсеби
2-тиркеме. МРТны сактабагандыгы үчүн төлөмдү эсептөөгө мисал
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруу боюнча банктарга карата талаптар белгиленип, милдеттүү камдардын өлчөмү, аларды эсептөө тартиби жана коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан милдеттүү камдык талаптардын аткарылышы жана аларды сактабагандыгы үчүн санкциялар аныкталган.
(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Милдеттүү резервдер - бул, Улуттук банк тарабынан белгиленген шартта, банктар Улуттук банкка депондоштурууга милдеттүү болгон акча каражаттар.
Милдеттүү резервдик талаптар (мындан ары - МРТ) - бул, Улуттук банкка милдеттүү резервдерди депондоштуруу боюнча банкка карата талаптар.
Эсептешүү базасы - бул, банктын анын депозиттик жана башка эсептеринде эске алынган, сом жана валюта түрүндөгү милдеттери. Эсептик базага кирген милдеттенмелердин тизмеги жана валюталык түзүмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.
Камдык активдер - бул, банктын банкоматтарындагы улуттук валютадагы каражаттардын жана Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги акча каражаттарынын нак калдыгынын суммасы.
(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Милдеттүү резервдер акча-кредит саясатынын инструменттеринин бири болуп саналат жана Улуттук банк тарабынан акча топтомдорунун көлөмүнүн регулятору, банктык кредит жана ликвиддүүлүккө суроо-талап катары колдонулат.
1.4. Милдеттүү резервдердин өлчөмү акча-кредит саясатынын максаттары үчүн өзгөртүлүшү мүмкүн. Эсептик базанын курамына кирген милдеттенмелердин ар кандай категориялары үчүн ар кандай пайыздык маанилер белгилениши мүмкүн.
1.5. Милдеттүү резервдерди депондоштуруу банктар акча каражаттарын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине жайгаштыруусу түрүндө жүзөгө ашырылат.
1.6. Банктар МРТны ушул Жобонун 3.6-пункттарында каралган учурларды эске албаганда, банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензиянын аракеттенүүсү мезгилинде аткарууга милдеттүү.
2. Милдеттүү резервдерди эсептөө тартиби
2.1. Милдеттүү резервдер төрт жуманын ичинде бир жолу эсептелинет, күндөлүк базалык мезгилдин биринчи иш күнүндө жана жогоруда көрсөтүлгөн төрт жума бою ортокүндүк расчеттук базасын негизине карата аныкталат, жана Улуттук банктын Башкармалыгы менен бекитилген, милдеттүү резервдердин өлчөмү. Милдеттүү резервдердин бекитилген мазмуну күндөлүк төрт жуманын ичинде ишке ашырылат. Расчеттук базасына кирген, валюталык милдеттерин сомдук эквиваленти, Улуттук банк Башкармасынын бекитилген курс менен эсептелет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. (КР УБ Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.3. (КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1 токтомуна ылайык алынып салынды)
2.4. Милдеттүү резервдерди эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
ОРт - күндөлүк базалык мезгилине карата милдеттүү камдар;
ОБт-1 - расчеттук базасына кирген банктын милдеттери, жогоруда көрсөтүлгөн базалык мезгилдин ар бир күн сайын;
(Бешинчи абзац КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Дт-1 - жогоруда көрсөтүлгөн базалык мезгилдин календардык күндөрдүн саны, милдеттүү камдардын эсебине кабыл алынган 28 күн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.5. Эсеп, анык Жобосунун 2.4-пунктка карата, банк жетекчисинин колу менен бекитилген, саат 12.00 чейин базалык мезгилден кийин, жуманын биринчи иш күндө 1-тиркеме формасына карата берилет.. Эсеп өз убагында берилбеген, ошондой эле так эмес маалыматтар берилген шартта, банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.6. Милдеттүү камдардын талабын аткаруу контроль төрт жумалык базалык мезгилдин аягында аткарылат. Эгерде базалык мезгил ичинде камдык активдер менен милдеттүү камдардын өлчөмү ортосундагы суммардык айырма оң чыкса же нөлгө барабар болсо, милдеттүү камдык талаптар аткарылган катары таанылат. Андан тышкары, күндөлүк негизде коммерциялык банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы МРТ минималдык деңгээлден аз эмес болуш керек, бул минималдык деңгээл Улуттук банктын өзүнчө чечими менен аныкталат. Эгерде андай болбосо, банк МРТны бузууга жол берген катары эсептелинип, андан төлөм кармалат. МРТнын аткарылышын эсептөө белгиленген форма боюнча ишке ашырылат. МРТны сактабагандыгы үчүн өндүрүлүп алынуучу төлөмдөрдүн суммасын эсептөө мисалдары 3-тиркемеде келтирилген.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-февралындагы № 3/2, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.7. МРТны аткарууда милдеттүү резервди депондоштургандыгы үчүн банкка төлөм чегерилет. Улуттук банкта депондоштургандыгы үчүн төлөм өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген компенсация ченинин жана милдеттүү резервдердин көлөмүнүн негизинде аныкталат.
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1 токтомунун редакциясына ылайык)
2.8. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.9. Камдык активдерде камтылуучу, коммерциялык банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктарынын өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен аныкталат жана акча-кредит саясатынын максатында өзгөртүлүшү мүмкүн.
(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эсептешүүнүн жана милдеттүү резервдик талаптарды аткарбагандыгы үчүн төлөм өндүрүүнүн тартиби
3.1. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм суммасы Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген төлөм ченинин жана базалык мезгил ичинде банктын камдык активдеринин суммасынын милдеттүү камдардан орточо күндүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.
(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. МРТны сактабагандыгы үчүн төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Пн - милдеттүү резервдерди сактабагандыгы үчүн төлөм;
Ос - камдык активдердин милдеттүү камдардан орточо күндүк четтөөсү;
Сп - Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген, МРТны сактабагандыгы үчүн төлөмдүн чени;
Д - базалык мезгилде (28 күн) календардык күндөрдүн саны.
МРТны сактабагандыгы үчүн төлөмдүн суммасын эсептөө мисалы 2-тиркемеде келтирилген.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.2.1. Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги милдеттүү камдардын көлөмүнүн күндөлүк минималдуу деңгээлин аткаруу талабы банк тарабынан сакталбаса, милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн банкка карата күндөлүк терс четтөө суммасынан Улуттук банктын үч эселенген эсептик чен өлчөмүндө төлөм чегерилет.
(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2.2. Банк тарабынан банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктар боюнча такталбаган маалыматтар берилген учурда, банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктарды эсепке алуусуз, базалык мезгилдин башталышынан бери милдеттүү камдардын көлөмү кайрадан эсептелинет жана кемчиликтер аныкталгандан кийинки бир жыл ичинде банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктар милдеттүү камдык талаптардын сакталышын эсептөөдө эске алынбайт. Милдеттүү камдык талаптардын көлөмүнүн минималдуу деңгээли сакталбаган шартта ушул жобонун 3.2-пунктунун 3.2.1-пунктчасына ылайык айыптык санкциялар колдонулат.
(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомунун редакциясына ылайык)
3.3. МРТны сактабагандыгы үчүн төлөм өндүрүү, эгерде банктын Улуттук банк менен корреспонденттик мамилелери жөнүндө келишимде башкасы каралбаса, тиешелүү билдирүү жөнөтүлгөндөн кийинки экинчи иш күнү, акцепсиз тартипте жүзөгө ашырылат.
3.4. Банк тарабынан МРТнын сакталбагандыгы, ошол банкта максаттуу текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болушу мүмкүн. Улуттук банктын банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган структуралык бөлүмү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, ошол банктагы абал жөнүндө корутундусун тиешелүү чечим кабыл алуусу үчүн Улуттук банктын жетекчилигине берет.
3.5. МРТнын ырааттуу түрдө (бир эле жолу эмес) же үч айдын ичинде бир нече жолу бузулушу, ошол банкка тике банктык көзөмөл режимин же убактылуу жетекчиликти киргизүү үчүн негиз болушу мүмкүн.
3.6. Банкта тике банктык көзөмөл же убактылуу жетекчилик иштеп турган мезгилде, эгерде, Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомунда башкасы каралбаса, МРТны сактабагандыгы үчүн төлөм чегерилбейт.
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген Милдеттүү резервдер жөнүндө жобого карата 1-тиркеме |
________ дан ________ чейинки мезгил үчүн милдеттүү камдардын эсеби _____________________________________________________
(коммерциялык банктын аталышы)
(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомунун редакциясына ылайык)
Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 36-формасы боюнча калдык | Милдеттенмелер | |||||
Эсептешүү (күндөлүк) эсептер | Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер | Мөөнөттүү депозиттер | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана депозиттери | Эсептешүү базасы (1+2+3+4) | Милдеттүү камдар(*) | |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1 күн |
|
|
|
|
| х |
2 күн |
|
|
|
|
| х |
3 күн |
|
|
|
|
| х |
- |
|
|
|
|
| х |
28 күн |
|
|
|
|
| х |
Базалык мезгил үчүн орточо |
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: (*) Милдеттүү камдар ушул Жобонун 2.4-пунктуна ылайык эсептелет.
Боёлгон (х) ячейка толтурулбайт.
Коммерциялык банктын жетекчисинин кол тамгасы
Мөөр
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген Милдеттүү резервдер жөнүндө жобого карата 2-тиркеме |
Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөмдөрдү эсептөө мисалы
(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомунун редакциясына ылайык)
(сом)
№ п.п. | Отчеттук мезгил | Улуттук банктагы корреспонденттик эсеп (К) | Банкоматтардагы каражаттардын калдыктары (Б) | Камдык активдер (А) | Милдеттүү камдар (Р) | Милдеттүү камдардан четтөөлөр (А-Р) | Милдеттүү камдык талаптардын минималдуу өлчөмү (Р * Морт)
| Минималдуу милдеттүү камдардан четтөөлөр (Ом) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1 | 16.11.2015 | 203160090 | 10878518 | 214038609 | 225447841 | -11409232 | 202903057 | 257033 |
2 | 17.11.2015 | 214138964 | 11206088 | 225345052 | 225447841 | -102789 | 202903057 | 1235907 |
3 | 18.11.2015 | 203200990 | 10442355 | 213643345 | 225447841 | -11804496 | 202903057 | 297933 |
4 | 19.11.2015 | 222755618 | 10905123 | 233660741 | 225447841 | 8212900 | 202903057 | 19852561 |
5 | 20.11.2015 | 223011849 | 10142294 | 233154143 | 225447841 | 7706301 | 202903057 | 20108792 |
6 | 21.11.2015 | 204036849 | 10754110 | 214790959 | 225447841 | -10656882 | 202903057 | 1133792 |
7 | 22.11.2015 | 218011849 | 9878518 | 227890367 | 225447841 | 2442526 | 202903057 | 15108792 |
8 | 23.11.2015 | 203731782 | 11032658 | 214764439 | 225447841 | -10683402 | 202903057 | 828725 |
9 | 24.11.2015 | 203421817 | 10275835 | 213697652 | 225447841 | -11750189 | 202903057 | 518760 |
10 | 25.11.2015 | 225723793 | 8155325 | 233879118 | 225447841 | 8431277 | 202903057 | 22820736 |
11 | 26.11.2015 | 270361873 | 9431752 | 279793626 | 225447841 | 54345785 | 202903057 | 67458816 |
12 | 27.11.2015 | 226816333 | 10284718 | 237171051 | 225447841 | 11723210 | 202903057 | 23983276 |
13 | 28.11.2015 | 226886333 | 10713172 | 237599505 | 225447841 | 12151664 | 202903057 | 23983276 |
14 | 29.11.2015 | 203009349 | 11085433 | 214094782 | 225447841 | -11353059 | 202903057 | 106292 |
15 | 30.11.2015 | 100200100 | 10943715 | 111143815 | 225447841 | -114304026 | 202903057 | -102702957 |
16 | 01.12.2015 | 202976564 | 10513273 | 213489837 | 225447841 | -11958004 | 202903057 | 73507 |
17 | 02.12.2015 | 204302185 | 9023676 | 213325861 | 225447841 | -12121980 | 202903057 | 1399128 |
18 | 03.12.2015 | 204526117 | 10283674 | 214809791 | 225447841 | -10638050 | 202903057 | 1623060 |
19 | 04.12.2015 | 203245032 | 10971139 | 214216171 | 225447841 | -11231670 | 202903057 | 341975 |
20 | 05.12.2015 | 203245032 | 11461437 | 214706470 | 225447841 | -10741372 | 202903057 | 341975 |
21 | 06.12.2015 | 203245032 | 11791321 | 215036353 | 225447841 | -10411488 | 202903057 | 341975 |
22 | 07.12.2015 | 204341146 | 12312678 | 216653824 | 225447841 | -8794017 | 202903057 | 1438089 |
23 | 08.12.2015 | 203602026 | 10957213 | 214559240 | 225447841 | -10888602 | 202903057 | 698969 |
24 | 09.12.2015 | 230701404 | 10734620 | 241436024 | 225447841 | 15988182 | 202903057 | 27798347 |
25 | 10.12.2015 | 218150573 | 10512965 | 228663538 | 225447841 | 3215697 | 202903057 | 15247516 |
26 | 11.12.2015 | 217823064 | 11065413 | 228888477 | 225447841 | 3440636 | 202903057 | 14920007 |
27 | 12.12.2015 | 214572618 | 11332681 | 225905300 | 225447841 | 457459 | 202903057 | 11669561 |
28 | 13.12.2015 | 204072618 | 10991834 | 215064452 | 225447841 | -10383389 | 202903057 | 1169561 |
| Жыйынтыгында |
|
|
|
| -151117012 |
|
|
| Орто күндүк четтөөсү (Ос) |
|
|
|
| -5397036 |
|
|
| Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм (Пн) |
|
|
|
| 125931 |
| 85586 |
Милдеттүү камдардан четтөө эсебинин формуласы:
О = А - Р, мында
А - банктардын камдык активдери;
Р - милдеттүү камдар.
Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөмдү эсептөө формуласы:
Пн = Ос*Сп/100/360*Д, мында
Пн - милдеттүү камдарды сактабагандыгы үчүн төлөм;
Ос - милдеттүү камдардан камдык активдердин эсебинен орто күндүк четтөөсү;
Сп - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм чени (мында 10 пайыз);
Д - базалык мезгилде календарлык күндөрдүн саны (учурда 28 күн).
Милдеттүү камдардын минималдуу көлөмүнөн четтөөнүн эсебинин формуласы:
Ом = А - Р * Морт, мында
К - Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби;
Р - милдеттүү камдар;
Морт - милдеттүү камдардын көлөмүнөн минималдуу деңгээл (учурда 90 пайыз).
Милдеттүү камдык талаптардын минималдуу деңгээлин сактабагандыгы үчүн төлөмдү эсептөө формуласы:
Пн = Ом*Сп/100/360*Д, мында
Пн - милдеттүү камдарды сактабагандыгы үчүн төлөм;
Ом - милдеттүү камдардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен күндөлүк четтөөсү;
СП - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм чени (учурда 10 пайыз);
Д - милдеттүү камдык талаптардын минималдуу көлөмү сакталбаган күндөрүнүн саны.
Маалымат үчүн:
Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм чени Улуттук банктын эсептик ченинин базалык мезгил үчүн орточо үч эселенген өлчөмдө белгиленет.