Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-майы № 292
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилге кылган "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-майындагы № 292 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилге кылган "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкү сын-пикирлерди эске алуу менен анын кабыл алынышы мүмкүн деп эсептейт.
1-берененин 1-пунктунун 4-абзацында лотереялык ишти жүргүзүү укугунда түшкөн суммалар өткөрүлүп жаткан лотереянын уюштуруучуларына жараша Кыргыз Республикасынын республикалык же жергиликтүү бюджеттин кирешесине которулаары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин ортосунда берилген сумманы бөлүштүрүүнүн жогоруда аталган критерийлери так эместигин белгилейбиз. Ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренеси менен республикалык лотереяны өткөрүүдөн түшкөн кирешелер (лотереялык ишти жүргүзүү үчүн төлөм), калган бейсалык, башка кирешелер республикалык бюджетке түшүшү керек.
3-беренедеги "үч ай өткөндөн кийин" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз, себеби мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салуу менен байланышкан эмес.