Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 13-октябрындагы № 2021-П-14/56-1-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 21-декабрындагы № 77/4 токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча ЭРЕЖЕЛЕР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул эрежелерде, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) республиканын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу тартиби, Улуттук банктан лицензия алышкан же каттоодон өтүшкөн төлөм системасынын операторлору, ошондой эле алардын оператору катары Кыргыз Республикасынын резидент эместери болгон маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери жана төлөм системасынын катышуучулары төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон отчетторду сунуштоо тартиби, формасы жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу (мындан ары - эрежелер) белгиленген.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төлөм системасынын операторунун милдеттерин аткарган коммерциялык банктар отчетторду ушул эрежелерге ылайык, ошондой эле мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун алкагында сунушташат.
4. Төлөм системасынын операторлору отчетторду ушул эрежелерге, ошондой эле Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында сунушташат.
5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырган орган болуп саналат жана туруктуу финансылык системанын ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун сактоо жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулардын талаптарын колдоого алуу, аларды коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган төлөм системаларынын ишине, ошондой эле баалуу кагаздар боюнча эсептешүү системасына туруктуу негизде мониторинг жүзөгө ашырат.
2-глава. Төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу тартиби
6. Улуттук банк төмөнкү негизги багыттар боюнча улам кайталанып туруучу процесс формасында Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) үзгүлтүксүз негизде жүзөгө ашырат:
- төлөм системаларынын иши жөнүндө сапаттык жана сандык маалыматтарды топтоонун жана аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган бардык төлөм системаларынын ишине мониторинг жүргүзүү, системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын тизмегин жыл сайын аныктоо;
- системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын иши белгиленген стандарттарга ылайык келишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аларга баа берүү, айрым төлөм системаларынын натыйжалуу иш алып баруусу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү. Рынокто жаңы төлөм системалары пайда болгон шартта Улуттук банк ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык, алардын иш алып баруусуна баа берет, ага талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт, жаңы төлөм кызмат көрсөтүүлөрү боюнча корутунду даярдайт;
- төлөм системаларын өркүндөтүүгө багытталган чараларды көрүү.
§1. Төлөм системасынын ишине мониторинг жүргүзүү
7. Төлөм системасынын ишине мониторинг жүргүзүүнүн алкагында төлөм системасынын операторлору отчетторду Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык сунушташат.
8. Системалуу мааниге ээ төлөм системаларынын операторлору дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары, күндөлүк негизде Улуттук банкка төмөнкү маалыматты сунушташат:
- ушул эрежеге карата 1-тиркемеде белгиленген формага ылайык, кириш жана чыгыш төлөмдөрдүн саны, ошондой эле ар бир катышуучу жана бүтүндөй система боюнча жүгүртүү тууралуу маалыматты;
- ушул эрежеге карата 2-тиркемеде белгиленген формага ылайык, кириш жана чыгыш төлөмдөрдүн саны, ошондой эле ар бир катышуучу жана бүтүндөй система боюнча аткарылбаган төлөм документтеринин саны жана көлөмү, алардын аткарылбай калышы себептери (ликвиддүүлүктүн жетишсиздиги, система тарабынан четке кагылган, же катышуучу тарабынын кайтарылып алынган ж.б.) тууралуу маалыматты;
- төлөм системасында орун алган штаттан тышкаркы жагдайлар тууралуу.
9. Системалуу мааниге ээ төлөм системаларынан тышкары, төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле алардын операторлору катары Кыргыз Республикасынын резидент эместери саналган төлөм системасынын катышуучулары ар айлык негизде, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Улуттук банкка төмөнкү маалыматты сунушташат:
- ушул эрежеге карата 4-тиркемеде белгиленген формага ылайык, төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө;
- ушул эрежеге карата 5-тиркемеде белгиленген формага ылайык, төлөм системасы тарабынан иштеп чыгууга кабыл алынбаган төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, төлөм системасында алдамчылык транзакциялар жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө (техникалык үзгүлтүктөр, системанын иш регламентинин бузулушу ж.б.);
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишинин жана/же төлөм системасынын эрежелеринин бузулушуна байланыштуу чыр-чатактар жөнүндө;
- төлөм инструменттерин жана электрондук акчаны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык пайдаланылышы жөнүндө;
- ушул эрежеге карата 6-тиркемеде белгиленген формага ылайык, абройлук тобокелдиктер жөнүндө.
10. Төлөм системасынын операторлору да Улуттук банктын талабы боюнча төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:
- ушул эрежеге карата 8-тиркемеде белгиленген формага ылайык, өз төлөм системасынын ишине баа берүү;
- расмий системалуу документтерди (системанын эрежелери, төлөм системасынын ишине тиешелүү келишимдер жана макулдашуулар, оператордун бизнес-планы, үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуу планы, колдонулуп жаткан тарифтер ж.б.);
- системанын операторунун ишине акыркы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тышкы жана ички аудиторлордун корутундусу;
- акыркы IT-аудиттин жыйынтыктары;
- башка маалымат.
11. Коюлган талапка ылайык, документтер текшерүү жүргүзүлгөн жерде сунушталышы мүмкүн же болбосо белгиленген документтердин көчүрмөлөрү Улуттук банкка өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
12. Көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банк төмөнкүлөрдү ишке ашырууга укуктуу:
- төлөм системасынын учурдагы абалын талкуулоо, алдамчылык операцияларынын же штаттан тышкаркы жагдайлардын келип чыгуу себептерин тактоо жана/же тиешелүү талаптарды жөнөтүү үчүн төлөм системасынын операторлорунун жетекчилиги же маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери менен жолугушуу;
- топтордо сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана комитеттерде/кеңешмелерде катышууну кошо алганда, көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Байкоого алынган уюмдардын иши системанын стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык ишке ашырылышына инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү.
13. Улуттук банк төлөм системасынын ишине мониторинг жүргүзүүдө жана ага баа берүүдө төлөм системасынын операторлорунан алынган маалыматтын купуялуулугун сактоо менен иш алып барат.
§2. Төлөм системасынын ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана ага баа берүү
14. Төлөм системасынын операторлору системаны каттоодон өткөртүүдө/лицензия алууда ушул эрежелердин 8 жана 12-тиркемелерине ылайык система жана анын ээси тууралуу толук маалыматты Улуттук банкка сунуштоого тийиш.
15. Алардын операторлору катары Кыргыз Республикасынын резидент эместери болгон төлөм системасынын операторлору жана катышуучулары жаңы тейлөөлөрдү жана продукттарды ишке киргизүүдө (өркүндөтүүдө) алар ишке киргизилгенге чейинки 30 календардык күндөн кечиктирбестен, иштелип чыккан тейлөө/продукт, системада орун алышы мүмкүн болгон өзгөрүүлөр/толуктоолор чагылдырылган кылдат маалыматты кошо тиркөө менен ал тууралуу Улуттук банкка расмий түрдө малымдоого тийиш.
16. Системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын, ошондой эле баалуу кагаздар менен эсептешүү системасынын операторлору жана маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери үч жылда кеминде бир жолу өз системаларынын иш алып баруусуна баа берүүнү жүзөгө ашырууга жана Улуттук банктын талабы боюнча документтерди (келишимдерди, операциялык эрежелерди, ички ченемдик документтерди, буйруктарды ж.б.), ошондой эле ушул эрежелердин 8, 10 жана 12-тиркемелеринде белгиленген формага ылайык кеңири маалымат камтылган материалдарды/документтерди кошо тиркөө менен баа берүү жыйынтыгын сунуштоого тийиш.
17. Баа берүү, системанын маанилүүлүк категориясына (системалуу мааниге ээ, маанилүү, жаңы) ылайык жүргүзүлүүгө жана ар бир багыт боюнча кылдат маалымат камтылууга тийиш.
18. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышына баа берүү системанын оператору, баалуу кагаздар менен эсептешүү системасынын оператору жана маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдери тарабынан ишке ашырылган системага баа берүүнүн ажыратылып алынгыс бөлүгү болуп саналат.
19. Улуттук банк системалуу мааниге ээ, маанилүү төлөм системаларынын жана баалуу кагаздар менен эсептешүү системасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүнө (12-тиркеме) жана эл аралык стандарттарга(1) (8-тиркеме) ылайык иш алып барышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт:
- системалуу мааниге ээ төлөм системалары үчүн - Финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн принциптерге (1-5, 7-9, 11-19, 21-23) ылайык келүүсүнө;
- маанилүү төлөм системалары үчүн - Финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн принциптерге (1-4, 7-8, 13, 15-18, 21-23) ылайык келүүсүнө;
- баалуу кагаздар менен эсептешүү системасы үчүн - Финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн принциптерге (1-5, 7-10, 12-13, 15-23) ылайык келүүсүнө.
20. Улуттук банк жаңы төлөмдөр системасынын иши Улуттук банктын талаптарына ылайык жүргүзүлүшүнө жана колдонулуп жаткан стандарттардын сакталышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт.
21. Улуттук банк маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин ишин мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө (12-тиркеме), ушул эреженин 9-тиркемесинде белгиленген эл аралык стандарттарга ылайык келишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт.
22. Иштеп жаткан жана жаңы төлөм системаларынын, ошондой эле баалуу кагаздар менен эсептешүү системаларынын жана маанилүү кызмат көрсөтүү провайдерлеринин ишине баа берүү, мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында алынган сандык жана сапаттык маалыматтардын, төлөм системаларынын жана маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин жогоруда белгиленген стандарттарга ылайык келишине баа берүү ыкмасы боюнча жалпы кабыл алынган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен оператордун өз системасына баа берүү жыйынтыктарынын негизинде ишке ашырылат.
23. Талдап-иликтөө сапаттык негизде 5 балл шкаласы боюнча жүргүзүлөт:
5 | Сакталууда | Баа берүүнүн жүрүшүндө аныкталган бардык кемчиликтер жана жетишпестиктер проблемалуу маселеге кирбейт жана алар олуттуу эмес, штаттык режимде жөнгө салууга мүмкүн болгон маселе катары саналат |
4 | Негизинен сакталууда | Баа берүүнүн жүрүшүндө бир же бир нече проблемалуу маселе аныкталган, алар белгиленген мөөнөттө чечилүүгө тийиш, аларга контролдук жүргүзүп туруу зарыл |
3 | Айрым бөлүктөрү сакталган | Баа берүү учурунда бир же бир нече проблемалуу маселе табылган, алар тез арада чечилбесе олуттуу проблемага айланышы мүмкүн. Бул маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш |
2 | Сакталган эмес | Тез арада чечүүнү талап кылган бир же бир нече кыйла проблемалуу маселелер аныкталган, демек алар биринчи кезекте чечилүүгө тийиш |
1 | Колдонулбайт | Бул принцип, төлөм системасынын юридикалык, институционалдык, түзүмдүк себептер же башка мүнөздөмөлөр боюнча баа берилип жаткан төлөм системасынын бул түрүнө карата колдонулбайт |
24. Улуттук банк талдап-иликтөөнүн жыйынтыгын белгилүү бир баа берүү негиздемесин кошо тиркөө менен отчетто чагылдырат. Талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык төмөнкүлөр боюнча системанын иши тууралуу корутунду даярдалат жана чечим кабыл алынат:
- системанын ишинин кабыл алынган стандарттарга жана Улуттук банктын талаптарына жооп бериши жана системанын иш алып баруусунун колдонуудагы деңгээлин сактоосу жөнүндө (5 же 4-баа берүү);
- анын иш натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, баа берүү критерийлерин толугу менен аткарууга жетишүү үчүн сунуш-көрсөтмөлөрдү кошуу жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен баа берилип жаткан системага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө (3-баа берүү);
- аларды аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен баа берилип жаткан системага карата чараларды колдонуу жөнүндө (2-баа берүү);
- системанын андан ары иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу (2-баа берүү).
25. Улуттук банк төлөм системасынын операторуна, баалуу кагаздар менен эсептешүү системасынын операторуна же маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдерине талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча корутундуну, ошондой эле системаны өркүндөтүү же андан ары аларды аткаруу үчүн дал келбөөчүлүктөрдү четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү сунуштайт.
26. Төлөм системасынын оператору, баалуу кагаздар менен эсептешүү системасынын оператору же маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдери мөөнөттөрүн көрсөтүү менен сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруу боюнча планды иштеп чыгып, чейрек сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Улуттук банкка алардын аткарылышы жөнүндө отчет сунуштоого тийиш.
27. Улуттук банк көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу жыйынтыктары жана төлөм системасынын натыйжалуулугуна талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалыматты тиешелүү купуялуулук деңгээлин сактоо менен Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иши боюнча аналитикалык утурумдук отчеттордо жарыялайт.
§3. Төлөм системасын өркүндөтүү боюнча чаралар
28. Талдап-иликтөөнүн натыйжасында баа берилип жаткан системага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алынган шартта Улуттук банк төлөм системасынын операторуна же маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдерине карата тиешелүү чараларды көрөт.
29. Улуттук банк төлөм системасынын операторуна, баалуу кагаз менен эсептешүү системасынын операторуна, анын оператору катары Кыргыз Республикасынын резидент эмеси саналган төлөм системасынын катышуучусуна жана маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдерине карата төмөнкү чараларды колдонууга укуктуу:
- ишендирүү аркылуу таасир этүү. Анда системага мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгына талдап-иликтөөлөрдүн жана негиздүүлүгүнүн натыйжасында алынган аргументтерди пайдалануу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү камтылат;
- ачык билдирүү. Улуттук банк купуялуулуктун зарыл деңгээлин сактоо менен системага оң таасир берүү, рынокту бекемдөө, системанын түзүмү жана аны тескөө жагында өз тыянактарын чыгарууга системага, алардын катышуучуларына жана башка таламдаш жактарга түрткү берүү максатында, демек орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктер аныкталган учурда өзгөртүүлөрдү киргизүүнү далилдөө аркылуу ачык билдирүү ыкмасын колдонот;
- макулдашуулар жана келишимдер. Системага өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, Улуттук банк менен системанын оператору ортосунда түзүлгөн макулдашууларды же келишимдерди, анын ичинде ошондой эле системанын катышуучулары менен түзүлгөн макулдашууларды жана келишимдерди пайдаланууну демилгелеши мүмкүн. Мындай документтер банктык эсептин жана Улуттук банктын кызмат көрсөтүүлөр боюнча келишимдердин ар кандай формаларында болушу мүмкүн. Алар система жооп берүүгө тийиш болгон талаптарды жана стандарттарды, ошондой эле Улуттук (борбордук) банктын алардын сакталышын камсыз кылуу ролун белгилөө үчүн пайдаланылышы мүмкүн;
- системада катышуу. Системалуу мааниге ээ, маанилүү же улуттук системалар боюнча Улуттук банк төмөнкүлөр аркылуу системаны тескөөгө катышуу тууралуу чечим кабыл алышы мүмкүн:
- системанын операторунун акцияларга башка менчик ээлерине карата белгиленген шарттарда ээлик кылуу;
- системанын ишинде маанилүү маселелер боюнча "вето" укугун пайдалануу;
- Директорлор кеңешинде менчик маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жана добуш берүү укугуна ээ болуу аркылуу мүчө болуу;
- башка расмий органдар менен кызматташуу. Системада өзгөртүүлөрдү жүргүзүү максатында Улуттук банк финансы-кредит мекемелерине финансылык көзөмөлдүк органдары, башка мамлекеттик органдар, финансы-кредит уюмдары, эл аралык финансылык институттар жана башка өлкөлөрдүн борбордук банктары менен кызматташтыкта иш алып барышы мүмкүн;
- айрым төлөм системасынын баа берүү жыйынтыктарын жарыялоо. Жогоруда белгиленген чаралар натыйжа бербеген шартта Улуттук банк айрым төлөм системасынын баа берүү жыйынтыктарын жарыялашы мүмкүн, алар иштин талаптарга, сунуш-көрсөтмөлөргө жана стандарттарга, ошондой эле системаны келечекте өнүктүрүүгө дал келиши жөнүндө тыянактарды чыгарууга мүмкүндүк берет.
30. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берген, ошондой эле төлөм системасынын операторунун системага талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында кабыл алган чечимдерди аткарбаган учурда, Улуттук банк төлөм системасынын операторуна жана катышуучусуна эскертүү баракчасын жөнөтөт жана/же төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонот:
1. жазма буйрук;
2. айыптык санкциялар;
3. лицензиянын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүнү убактылуу токтотуу же чектөөлөрдү белгилөө;
4. лицензияны кайтарып алуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
31. Зарыл учурларда Улуттук банк баа берилүүчү системага, төлөм системасынын операторуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка таасир этүү чараларын же санкцияларды колдонушу мүмкүн.
32. Улуттук банк белгиленген талаптарга жооп бербеген системага карата өз чечимин мажбурлоо тартибинде аткарылышына жетишүү үчүн сотко кайрылышы мүмкүн.
|
| Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерге карата 1-тиркеме |
Төлөмдөр жөнүндө ____________________ катышуучулар боюнча (төлөм системасынын аталышы) МААЛЫМАТ
20__-жылдын "__" ________ үчүн банк-катышуучулар боюнча төлөмдөр жөнүндө маалымат
Катышуучунун аталышы | Чыгыш | Кириш | ||
Төлөмдөр саны | Төлөмдөр көлөмү (миң сом) | Төлөмдөр саны | Төлөмдөр көлөмү (миң сом) | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Отчеттук күн үчүн бардыгы | ||||
Жыл ичиндеги орточо күндүк маани | V | V | V | V |
Күн ичиндеги топтолуу коэффициенти (системанын эң ири 5 катышуучусуна дал келүүчү пайыз | V | V | V | V |
Жетекчи | ______________________ (колу) | ______________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
Аткаруучу | ______________________ (колу) | ______________________ (аты-жөнү) | _____________ (тел.) |
|
| Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерге карата 2-тиркеме |
20__-ж. "__" ___________ операциялык күн ичиндеги _____________________________________ (төлөм системасынын аталышы) Эсептешүү аткарылбаган төлөм документтери
Катышуучунун аталышы | Аткарылбаган төлөмдөр | Бардыгы болуп | ||||||
Ликвиддүүлүктүн жетишсиздиги | Туура эмес көрсөтүлгөн/төлөмдөрдүн реквизиттеринин жоктугу | ж.б. | ||||||
Төлөмдөр саны | Төлөмдөр көлөмү (миң сом) | Төлөмдөр саны | Төлөмдөр көлөмү (миң сом) | Төлөмдөр саны | Төлөмдөр көлөмү (миң сом) | Төлөмдөр саны | Төлөмдөр көлөмү (миң сом) | |
| ||||||||
| ||||||||
Бардыгы болуп | ||||||||
Жетекчи | ______________________ (колу) | ______________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
Аткаруучу | ______________________ (колу) | ______________________ (аты-жөнү) | _____________ (телефон) |
|
| Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерге карата 3-тиркеме |
Отчеттук формаларды толтуруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
Формалар төлөм системасынын системалык жактан мааниси бар операторлор тарабынан отчеттук күн ичинде системанын ишинин жыйынтыгы боюнча күн сайын жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүргүзүү функциясын аткарган Улуттук банктын бөлүмүнө кийинки операциялык күнү 10.00гө чейин электрондук түрдө берилет.
1-тиркеме
Отчет системадагы ар бир катышуучу боюнча жана жалпысынан система боюнча отчеттук күн үчүн иштелип чыккан төлөмдөрдүн сандык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Ар бир катышуучу боюнча саптар толугу менен бардык графалар боюнча толтурулат. Жалпы система боюнча отчеттук күн үчүн маалыматтары бар жыйынтык саптар "V" белгиси коюлган графалар боюнча гана толтурулат.
2-тиркеме
Отчет ар бир катышуучу боюнча системада жана система боюнча бүтүндөй отчеттук күн үчүн аткарылбай калуу себептерин кошо көрсөтүү менен аткарылбай калган төлөмдөрдүн сандык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Аткарылбай калуунун ар бир себеби боюнча аткарылбай калган төлөмдөрдүн санын жана көлөмүн көрсөткөн бир гана жыйынтык сап толтурулат.
Ар бир катышуучу боюнча аткарылбай калуу себептеринин тизмегинин акырында катышуучу боюнча жыйынтык сап толтурулат, ал сап аткарылбай калган төлөмдөрдүн саны жана көлөмү боюнча жалпы сумманы чагылдырат. Отчеттун акырында системадагы жалпы аткарылбай калган төлөмдөр боюнча алардын аткарылбай калуу себептерин көрсөткөн жыйынтык сап толтурулат.
|
| Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерге карата 4-тиркеме |
_________ төлөм системасындагы төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө ОТЧЕТ
Төлөм системасынын катышуучусунун аталышы | _____________________________ |
|
Күнү: (айы, жылы) | _____________________________ |
|
Төлөм системасынын аталышы | _____________________________ |
|
Төлөм системасынын түрү | _____________________________ |
|
Төлөм системасынын операторунун аталышы | _____________________________ |
|
Валютасы ____________
Күнү (күнү/айы/жылы) | Валютанын курсу | Төлөмдөрдүн (которуулардын) (кириш/чыгыш) саны | Төлөмдөрдүн (которуулардын) көлөмү (кириш/чыгыш) валютанын миң бирдигинде |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Айына бардыгы болуп: | |||
чет өлкө валютасында | кириш |
|
|
чыгыш |
|
| |
улуттук валютада | кириш |
|
|
чыгыш |
|
| |
Валюта __________________ | |||
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Айына бардыгы болуп: | |||
чет өлкө валютасында | кириш |
|
|
чыгыш |
|
| |
улуттук валютада | кириш |
|
|
чыгыш |
|
| |
Жетекчи | ______________________ (колу) | ______________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
Башкы бухгалтер | ______________________ (колу) | ______________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
Аткаруучу | ______________________ (колу) | ______________________ (аты-жөнү) | _____________ (телефон) |
|
| Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерге карата 5-тиркеме |
__________ төлөм системасын иштетүүгө кабыл алынбаган төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө ОТЧЕТ
Төлөм системасынын катышуучусу аталышы | _____________________________ |
|
Күнү: (айы, жылы) | _____________________________ |
|
Төлөм системасынын аталышы | _____________________________ |
|
Төлөм системасынын түрү | _____________________________ |
|
Төлөм системасынын операторунун аталышы | _____________________________ |
|
Валютасы ____________
Күндөрү | Валютанын курсу | Төлөмдү кабыл албоонун себебинин аталышы | Кабыл алынбаган төлөмдөрдүн саны | Кабыл алынбаган төлөмдөрдүн көлөмү миң бирдигинде | |
чет өлкө валютасында | улуттук валютада | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Валюта боюнча ардыгы болуп, анын ичинде айына кабыл албоонун себептери боюнча: |
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
Валюта | _________ |
|
|
|
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Валюта боюнча бардыгы болуп, анын ичинде айына кабыл албоонун себептери боюнча: |
|
|
| ||
Жетекчи | ______________________ (колу) | ______________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
Башкы бухгалтер | ______________________ (колу) | ______________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
Аткаруучу | ______________________ (колу) | ______________________ (аты-жөнү) | _____________ (телефону) |
|
| Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелерине карата 6-тиркеме |
Төлөм системасынын ________________ иш аброю жөнүндө
Төлөм системасынын катышуучусунун аталышы | _____________________________ |
|
Күнү: (айы, жылы) | _____________________________ |
|
Төлөм системасынын аталышы | _____________________________ |
|
Төлөм системасынын түрү | _____________________________ |
|
Төлөм системасынын операторунун аталышы | _____________________________ |
|
Жалпыга маалымдоо каражаттары | Сот процесстери | Кайрылуулар | |||||||||||
Басылманын күнү | Басылманын № | Жалпыга маалымдоо каражаттарынын аталышы | Макаланын кыскача мазмуну | Макаланын белгиси (оң/терс) | Доочу (аты-жөнү/кызматы) | Жоопкер (аты-жөнү/кызматы) | Талаштын предмети | Сот караган иш | Соттун чечими тууралуу маалымат | Датасы | Кириш № | Кайрылуунун кыскача оң/терс мазмуну | Макаланын белгиси (оң/терс) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи | ______________________ (кол тамгасы) | ______________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
Башкы бухгалтер | ______________________ (кол тамгасы) | ______________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
Аткаруучу | ______________________ (кол тамгасы) | ______________________ (аты-жөнү) | _____________ (телефон номери) |
|
| Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерге карата 7-тиркеме |
Формаларды толтуруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
Формалар маанилүү жана банктык эмес төлөм системаларынын операторлору (эгер оператор Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болсо, катышуучулар) тарабынан айдагы ар бир операциялык күн боюнча бөлүү менен отчеттук ай үчүн системанын ишинин жыйынтыктары боюнча толтурулат. Формалар боюнча маалыматтар Улуттук банктын бөлүмүнө отчетту кайдан кийинки айдын 15-күнүнө чейин электрондук түрдө электрондук цифралык колу коюлган түрдө берилет.
4-тиркеме
Отчет отчеттук айда системадагы валюта боюнча ар бир күн үчүн бөлүштүрүлүп иштелип чыккан төлөмдөрдүн сандык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Отчеттун аталыштарындагы саптарда:
- "Төлөм системасынын катышуучусунун аталышы" эгерде системанын оператору резидент эмес болсо, системанын катышуучусунун тиешелүү аталышы толтурулат.
- "Төлөм системасынын аталышы" системанын тиешелүү аталышы көрсөтүлөт (мисалы: "Элкарт", "Visa" ж.б.).
Аталыштын астындагы тилкелерде:
- "Төлөм системаснын түрүндө" системанын түрүнүн тиешелүү аталышы толтурулат (мисалы: төлөм карттары менен эсептешүүнүн улуттук системасы, төлөм карттары менен эсептешүүнүн эл аралык системасы ж.б.);
- "Төлөм системасынын операторунда" системанын операторунун тиешелүү аталышы толтурулат (мисалы: "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКы ж.б.);
- "Валютада" валютанын аталышы көрсөтүлөт.
Маалыматтардын аягында кириш/чыгыш төлөмдөрүнүн (чет өлкө жана улуттук валютада) саны жана көлөмү боюнча "Бардыгы ай үчүн" жыйынтык сабы толтурулат.
5-тиркеме
Отчет валюталар боюнча, күндөрү жана кабыл алынбай калуу себептери боюнча системада иштетүүгө кабыл алынбай калган төлөмдөрдүн сандык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Ар бир валюта боюнча ай үчүн иштетүүгө кабыл алынбай калуу себептери боюнча жыйынтык сап жазылат.
6-тиркеме
Отчет жалпыга маалымдоого жарыяланган басылмалар, сот процесстери жана төлөм системасына кардар/төлөөчүлөрдүн, төлөм системасынын шектенүүнү жараткан кызмат көрсөтүүлөрү үчүн оператор же провайдерлер боюнча кайрылуулары жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Эгерде төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын резидент эмеси болсо жана төлөм системасынын катышуучусу андан көз каранды болбогон себептерден улам талап кылуучу маалыматты болбогон шартта, Улуттук банктын дарегине белгиленген мөөнөттө тиешелүү билдирүү жиберилет.
|
| Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерге карата 8-тиркеме |
_________-жылга карата системалык жактан мааниси бар, олуттуу жана жаңы төлөм системаларынын баа берүүсү боюнча АНКЕТА
Финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн ПРИНЦИПТЕР
Төлөм системасынын аталышы | ___________________ | Төлөм системасынын түрү | ___________________ |
Төлөм системасынын оператору | ___________________ | Төлөм системасынын катышуучусу | ___________________ |
Кыскартуулар: - Финансы рыногунун инфраструктурасы үчүн принциптер - Төлөм системасы - Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи - Баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы - Эл аралык эсептешүүлөр банкына караштуу төлөмдөр жана эсептешүү системалары боюнча комитет - Нетто негизинде мөөнөтүү узартылган эсептешүү - DvD - тапшырууга каршы тапшыруу - DvР - төлөмгө каршы тапшыруу - Финансы рыногунун инфраструктурасы - FSAP - Финансы секторунун баа берүү программасы (Financial Sector Assessment Program) - Эл аралык финансы институту - Эл аралык валюта фондусу - Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму - Маалымат технологиясы - Ири төлөмдөр системасы - PvP - төлөмгө каршы төлөм - Репо-кайтарым сатып алуу жөнүндө макулдашуу - ББ - Бүткүл дүйнөлүк банк | ||||||
1-принцип. Укуктук негиз. Финансы рыногунун инфраструктурасы ишинде бардык тиешелүү юрисдикциялардагы ар бир олуттуу аспектки үчүн ынандыра турган, так берилген, айкын укуктук базага ээ болушу керек.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
| 1-негизги түшүнүк. Укуктук негиз бардык тиешелүү юрисдикцияларда финансы рыногунун инфраструктурасынын ишинин олуттуу аспектилеринин толук аныкталышын камсыз кылууга тийиш. |
|
| |||
| Олуттуу аспектилер жана тиешелүү юрисдикция |
|
| |||
| 1.1.1. Укуктук жактан толук аныкталууну талап кылган финансы рыногунун инфраструктурасы ишинин олуттуу аспектилери канчалык (мисалы, укуктар жана финансы каражаттарына салымдар; эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышы; неттинг; операциялык сыйымдуулук; баалуу кагаздардын иммобилизацияланышы жана дематериализацияланышы, төлөмгө каршы сунуштоо механизмдери, төлөмгө каршы төлөм же сунуштоого каршы сунуштоо; күрөөлүк камсыздоо механизмдери (маржиналдык келишимдерди кошо алганда); жана милдеттемелерин аткарылбаган шарттагы анын жол-жоболору)? |
|
| |||
| 1.1.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы ишинин ар бир олуттуу аспектилери үчүн тиешелүү юрисдикциялар кайсылар? |
|
| |||
Ар бир олуттуу аспекти үчүн укуктук негиз | ||||||
1.1.3. Бардык тиешелүү юрисдикцияларда финансы рыногунун инфраструктурасынын ишинин олуттуу аспектилеринин (башкача айтканда, анын мыйзамдык базасы, эрежелери, жол-жоболору жана макулдашуулар) камсыз кылуу үчүн финансы рыногунун инфраструктурасы толук аныкталышын кандайча камсыз кылат. - Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы неттинг жөнүндө макулдашууга ээ болсо, анын укуктук негизи мындай макулдашууларды мажбурлоо тартибинде аткарылышын кандайча камсыз кылат. - Эгерде жыйынтыкталган эсептешүүлөр финансы рыногунун инфраструктурасында жүргүзүлсө, анда анын укуктук негизи операциялардын жыйынтыкталышын, анын ичинде төлөөгө жөндөмсүз катышуучунун укуктук негизин колдоо үчүн финансы рыногунун инфраструктурасы кантип камсыз кылат? Ошондой эле ал тарабынан колдонулуучу тышкы эсептөө механизмдеринин, аталган жыйынтыкталуунун каражаттары жана баалуу кагаздарды которуу системасы сыяктуу укуктук негизи колдоого алынабы? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы так аныкталган, түшүнүктүү жана колдонуудагы мыйзамдарга жана ченемдик документтерге туура келген эрежелерге, жол-жоболорго жана контракттарга ээ болушу зарыл. | ||||||
1.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы, анын эрежелери, жол-жоболору жана контракттары так жана түшүнүктүү экендигин кантип аныктайт? | ||||||
1.2.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы, анын эрежелери, жол-жоболору жана контракттары колдонуудагы мыйзамдарга жана ченемдик документтерге туура келерин экспертизалар аркылуу)? Кайсы бир дал келбөөчүлүктөр табылып же четтетилгенби? Анын иши тышкы компетенттүү органдар жана уюмдар тарабынан кароого алынабы, же эрежелерине, жол-жоболоруна жана контракттарына баалоо жүргүзүлөбү? | ||||||
1.2.3. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелери, жол-жоболору жана контракттары күчүнө кирүү алдында бекитилеби? Эгерде бекитилсе, анда ким тарабынан жана кандайча? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы компетенттүү органдар, катышуучулар жана зарылчылык келип чыккан шартта кардар катышуучулар үчүн өз ишинин укуктук негизин так жана түшүнүктүү аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. | ||||||
1.3.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы тиешелүү компетенттүү органдар, катышуучулар жана зарылчылык келип чыккан шартта кардар катышуучулар үчүн өз ишинин укуктук негизин кантип аныктайт? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы бардык тиешелүү юрисдикцияларда доо күчүнө ээ эрежелерге, жол-жоболорго жана контракттарга ээ болушу зарыл. Муну менен бирге финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан жасалган аракеттер бул сыяктуу эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык токтотулбайт, юридикалык күчкө ээ болбойт же баш тартылбайт. | ||||||
Эрежелер, жол-жоболор жана контракттардын укуктук жактан санкция менен камсыз болушу. | ||||||
1.4.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы 1-негизги түшүнүктө көрсөтүлгөн бардык тиешелүү юрисдикцияларда эрежелердин, жол-жоболордун жана анын операциялары менен байланышы бар контракттар укуктук санкциялар менен камсыз кылынгандыгы ишенимдүүлүгүн аныктоонун жогорку деңгээлин кандайча камсыз кылат? | ||||||
Эрежелердин жана жол-жоболордун аныкталуу деңгээли | ||||||
1.4.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын эрежелери, жол-жоболору жана контракттары жараксыз катары таанылып, кайтарым күчкө ээ болуусу жана алардын таасир этүү күчү токтотулаарына карата жогорку аныкталуу деңгээлин кандайча камсыз кылат? Анын эрежелеринин, жол-жоболорунун жана контракттарынын негизинде кабыл алынган аракеттер жана алардын таасири токтотула турган кырдаалдар түзүлөбү? Эгерде андай болсо, анда бул жагдайлар кайсылар? | ||||||
1.4.3. Тиешелүү юрисдикциядагы сот финансы рыногу инфраструктурасы анын укуктук санкция менен камсыз кылынбаган тиешелүү эрежелерине жана жол-жоболоруна туура келүүчү ишин же механизмдерин качандыр бир убакта тааныды беле? | ||||||
5-негизги түшүнүк. Бир канча юрисдикцияларда иш алып баруучу финансы рыногунун инфраструктурасы мындай юрисдикцияларды укуктук нормаларынын потенциалдуу конфликтинен улам келип чыгуучу тобокелдиктерди табууга жана азайтууга тийиш. | ||||||
1.5.1. Эгерде финансы рыногу инфраструктурасы бир канча юрисдикцияларда иш алып барса, укуктук ченемдердин кайсы бир потенциалдуу конфликттерин кандайча таап чыгат жана талдап-иликтейт? Тиешелүү юрисдикцияларда Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан тандалып алынган укуктар укуктук санкциялар менен камсыз кылууга карата белгисиздик келип чыкса, финансы рыногунун инфраструктурасы укуктук нормалардын потенциалдуу конфликттерин кез карандысыз юридикалык экспертиза менен камсыз кыла алат беле? Финансы рыногунун инфраструктурасы кандай укуктук нормалардын потенциалдуу конфликттерин таап чыкты жана талдап иликтеди? Финансы рыногунун инфраструктурасы укуктук нормалардын потенциалдуу конфликттерин кандайча жөнгө салууда? | ||||||
Финансы рыногу инфраструктурасы үчүн принциптер (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
Түшүндүрмөлөр/сунуштар | ||||||
2-принцип. Башкаруу Финансы рыногунун инфраструктурасы анын коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн камсыздоочу так аныкталган жана ачык-айкын башкаруу системасына, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарды белгилөөчү жалпы финансы системасынын туруктуулугуна жана таламдаш тараптардын максаттарына жетишүүчү башка аспектилерге ээ болушу зарыл.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
| 1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын коопсуздугун камсыз кылуу кезектүүлүгүн жана натыйжалуулугун карай турган жана финансы туруктуулугун түздөн-түз колдоого аяган жана коомдук таламдарды сунуштоочу аспекттерди карай турган максаттарга ээ болууга тийиш. |
|
| |||
2.1.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын максаттары кандай жана алар так чагылдырылганбы? Коюлган милдеттерди аткаруу боюнча Финансы рыногунун инфраструктурасы өз ишин кандайча баалайт? | ||||||
2.1.2. Финансы рыногунун инфраструктурасынын милдеттеринде коопсуздук жана натыйжалуулугуна биринчи кезекте кандайча маани берилет. Аталган рыноктун милдеттеринде финансы туруктуулугун жана башка релеванттык коомдук таламдар кандайча так формада колдоого алынат. | ||||||
Башкаруу механизмдери | ||||||
2.2.1. Башкаруу механизмдери (же ушул сыяктуу орган) жана Финансы рыногунун инфраструктурасынын жетекчилиги негиз кылып иш алып барган келишимдер же механизмдер кандай? Финансы рыногунун инфраструктурасы ичинде милдеттер жана жоопкерчиликтер кандайча бөлүштүрүлгөн? Бул механизмдер кандайча жана кайсы документтерде (пландар) бекитилген? | ||||||
2.2.2. Борбордук банктар аркылуу башкарылуучу системалар учурунда, мүмкүн болуучу же болгон кызыкчылыктар конфликтисин кандайча жөнгө салат? Оператордун жана байкоочунун иш милдеттерин бөлүштүрүүгө жол берүүчү башкаруу механизмдери кандай деңгээлде? | ||||||
2.2.3. Элдик кылуучуларга, катышуучуларга жана башка таламдаш жактарга кандайча финансы рыногунун инфраструктурасы берилет. | ||||||
Башкаруу механизмдери тууралуу маалыматты ачуу | ||||||
2.2.4. Башкаруу механизмдери тууралуу маалымат ээлик кылуучуларга, компетенттүү органдарга, катышуучуларга жана коомчулуктун кеңири деңгээлине сунушталат? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасынын (же башка ушул сыяктуу орган) директорлор кеңешинин ролу жана милдеттери так аныкталышы керек; анын ишин жол-жобосун сүрөттөөчү документтер, анын ичинде табуу жол-жоболору болушу керек. Директорлор кеңеши, кеңештин жана анын өзүнчө мүчөлөрүнүн ишин толугу менен тынымсыз талдап-иликтеп турууга тийиш. | ||||||
Кеңештин ролу жана милдеттери | ||||||
2.3.1. Финансы рыногу инфраструктурасынын Директорлор кеңешинин (же ушул сыяктуу органдын) ролу жана милдеттери кандай жана алар так аныкталганбы? | ||||||
2.3.2. Кеңештин ишинин, анын мүчөлөрүнүн ортосундагы кызыкчылыктардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды таап чыгуу, аларды карап чыгуу жана чечүү маселелерин кошо алганда, анын ишин жөнгө салуунун жол-жоболору кандай? Бул документтер кайсы документтерде бекитилген жана алар кимге гана берилет? Алар канчалык үзгүлтүксүз каралып турат? | ||||||
2.3.3. Директорлор кеңешинин ишин камсыз кылуучу кандай комитеттер түзүлгөндүгүн баяндап бергиле. Комитеттердин ролу, милдеттери жана курамы кандайча? | ||||||
Ишти текшерүүгө алуу | ||||||
2.3.4. Кеңештин ишин жана анын өзүнчө мүчөлөрүнүн ишин текшерүү үчүн бекитилген жол-жоболор кайсылар? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Директорлор кеңешинин курамына өзүнө көптөгөн милдеттерди аткаруу үчүн билимге жана мотивацияга ээ мүчөлөр кириш керек. Эреже катары, кеңештин мүчөлөрүнүн милдетин аткарбагандар болушу талап кылынат. | ||||||
2.4.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн көптөгөн ролун аткаруу үчүн зарыл болгон тажрыйба жана мотивацияга канчалык деңгээлде ээ? Финансы рыногунун инфраструктурасы канчалык бул талаптарды аткарууну камсыз кылат? | ||||||
2.4.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы керектүү көндүмдөргө ээ кеңештин мүчөлөрүн тартуу жана кармап калуу үчүн кандай стимулдарды колдонот? Стимулдар финансы рыногунун узак мөөнөттүү милдеттерин аткарууну кандайча чагылдырат? | ||||||
2.4.3. Кеңешке аткарбоочу же көз карандысыз мүчөлөр киреби? Эгер кирсе, анда канчоо? | ||||||
2.4.4. Эгерде кеңешке көз каранды мүчөлөр кирсе, анда финансы рыногу инфраструктурасы кеңештин көз карандысыздыгын кандайча аныктайт? Финансы рыногунун инфраструктурасы кеңештин мүчөлөрүнүн кайсынысы көз карандысыз экендиги тууралуу маалыматты ачабы? | ||||||
5-негизги түшүнүк. Башкарманын ролу жана милдеттери так аныкталууга тийиш. Финансы рыногунун башкармасы тажрыйбага, ар кыл жөндөмдүүлүктөргө жана анын ишин алып барууда жана андагы тобокелдиктерди тескөөдө өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон ак ниеттүүлүккө ээ болушу зарыл. | ||||||
Башкарманын ролу жана милдеттери | ||||||
2.5.1. Башкарманын ролу жана милдеттери кандай жана алар так түзүлгөнбү? | ||||||
2.5.2. Башкарманын ролу жана милдеттери кандайча аныкталат? | ||||||
Тажрыйба, жөндөмдүүлүк жана кесипкөйлүк ак ниеттик | ||||||
2.5.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын ишин алып барууда жана тобокелдиктерин тескөөгө алууда зарыл болгон тажрыйбага, жөндөмдүүлүккө жана кесипкөйлүк ак ниеттикке канчалык деңгээлде ээ? | ||||||
2.5.4. (Зарылчылык келип чыккан учурда) жетекчилерди бошотуунун жол-жобосу кандай? | ||||||
6-негизги түшүнүк. Директорлор кеңеши чукул жана өзгөчө кырдаалдарда тобокелдиктерди жана чечимдерди кабыл алуу жаатында тапшырмаларды аткаруу үчүн милдеттерди жана жоопкерчиликтерди аныктаган тобокелдикке карата толеранттуулук жаатындагы финансы инфраструктурасынын саясатын өзүндө камтыган так, документалдык жактан таризделген тобокелдиктерди тескөө системасын түзүшү керек. Башкаруу түзүмү тобокелдиктерди тескөө жана ички көзөмөлдүк бөлүмдөрү жетишээрлик деңгээлде ыйгарым укуктарга, көз карандысыздыкка, ресурстарга жана директорлор кеңешине карата ээ болуусун камсыз кылышы зарыл. | ||||||
Тобокелдиктерди тескөө системасы | ||||||
2.6.1. Кеңеш тарабынан бекитилген тобокелдиктерди тескөө системасы кандай? Ал документ менен бекитилгенби жана кандай түрдө? | ||||||
2.6.2. Тескөө системасы финансы рыногунун тобокелдикке карата толеранттуулук жаатындагы саясатын жана тобокелдиктер чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууга милдеттерди жана жоопкерчиликтерди белгилейт жана чукул кырдаалда жана күтүлбөгөн жагдай учурунда чечимдерди кабыл алуу процессин кандайча жөнгө салат? | ||||||
2.6.3. Тобокелдиктерди тескөө системасын кабыл алуу, өзгөртүү жана кайра карап чыгуу жол-жобосу кандай? | ||||||
Компетенттүү орган жана тобокелдиктерди жана ички көзөмөлдүктү тескөө бөлүмдөрүнүн көз карандысыздыгы | ||||||
2.6.4. Тобокелдиктерди жана ички көзөмөлдүктү тескөө бөлүмдөрүнүн ролу, милдеттери, ыйгарым укуктары, отчеттору жана ресурстары кандай? | ||||||
2.6.5. Кеңеш тобокелдиктерди тескөөнүн үлгүлөрүн кабыл алууда жана колдонууда бирдей тескөөнү кандайча колдоно алат? Мындай үлгүлөр жана аны менен бирге колдонулуучу методология кантип бекитилет? | ||||||
7-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасынын Директорлор кеңеши анын түзүлүшү, эрежелери, жалпы стратегиясы жана негизги чечимдери тике жана кыйыр катышуучуларынын жана башка катышуучуларынын мыйзамдуу таламдарын тиешелүү түрдө чагылдырсын. Негизги чечимдерди таламдаш тараптарга так формада, ал эми бул чечимдер толугу менен рынокко таасирин тийгизген учурда - коомчулукка жеткирүү зарыл. | ||||||
Таламдаш тараптардын кызыкчылыктарын аныктоо жана кароо | ||||||
2.7.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын түзүлүшү, эрежелери, жалпы стратегиясы жана негизги чечимдери менен байланышкан чечимдерди кабыл алууда катышуучулардын жана башка кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын кантип аныктайт жана эсепке алат? | ||||||
2.7.2. Кеңеш бул чечимдер жөнүндө кызыкдар тараптардын тике жана кыйыр катышуучуларынын пикирлерин кантип эске алат? Мисалы, катышуучулар тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетке, дефолтту башкаруу тобу сыяктуу комитетке киреби же бул коомдук кеңеш берүү аркылуу гана ишке ашырылабы? Кызыкдар тараптар жана финансы рыногунун инфраструктурасы ортосунда кызыкчылыктар кагылышы кандайча байкалат жана жөнгө салынат? | ||||||
Маалыматты ачуу | ||||||
2.7.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы Директорлор кеңеши, кызыкдар тараптар тарабынан кабыл алынган негизги чечимдер жөнүндө маалыматты, зарылчылык келип чыккан учурда коомчулукка канчалык деңгээлде ачат? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткаруунун жыйынтыкталган баасы (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр | ||||||
3-принцип. Тобокелдиктерди тескөөнүн комплекстүү системасы. Финансы рыногунун инфраструктурасынын жоюучулук, укуктук, кредиттик, операциялык жана башка тобокелдиктерди комплекстүү тескөө үчүн тобокелдик менеджментинин туруктуу системасына ээ болушу зарыл.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
| 1-негизги түшүнүк. Финансы рыногу инфраструктурасы анда келип чыгуучу же түзүлүүчү тобокелдиктерди табууга, сандык жагынан баа берүүгө, контролдоого жана тескөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн тобокелдик менеджментине, тобокелдиктерди тескөө саясатына ээ болууга тийиш. |
|
| |||
Финансы рыногунда келип чыгуучу же анда түзүлүүчү тобокелдиктер | ||||||
3.1.1. Тобокелдиктердин кайсы түрү Финансы рыногунун инфраструктурасын түзүшөт жана алар тобокелдиктердин кайсы түрүнө кабылат? | ||||||
Тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жобосу жана системасы | ||||||
3.1.2. Финансы рыногунун инфраструктурасында келип чыгуучу жана түзүлүүчү тобокелдиктерди табууга, өлчөөгө, контролдоого жана тескөөгө мүмкүнчүлүк түзүүчү анын саясаты, жол-жобосу жана контролдоо системасы кандай? | ||||||
3.1.3. Тобокелдик менеджментинин кайсы системалары тобокелдиктерди табуу, өлчөө, контролдоо жана бардык спектрин тескөө үчүн Финансы рыногунун инфраструктурасын колдонушат? | ||||||
Тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жоболору жана системалары | ||||||
3.1.4. Тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жоболору жана системалары иштеп чыгуу, бекитүү жана жүзөгө ашыруу процесси кандай? | ||||||
3.1.5. Тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жоболору жана системаларынын натыйжалуулугун Финансы рыногунун инфраструктурасы кандайча баалайт? | ||||||
3.1.6. Финансы рыногунун инфраструктурасы Тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жоболору жана системаларынын кайрадан каралышын жана жаңылануучулугун канчалык көп ишке ашырып турат? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы өз катышуучулары үчүн, зарылчылык келип чыккан шартта алардын кардарларын дагы тобокелдиктерди тескөө жана басаңдатуу үчүн стимул түзүүгө тийиш. | ||||||
3.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы өз катышуучуларына жана тиешелүү учурларда Финансы рыногунун инфраструктурасында кириптер болуучу тобокелдиктерди тескөөгө жана кармап турууга мүмкүнчүлүк түзүүчү өзүнүн кардарларына хандай маалымат берет? | ||||||
3.2.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы кандайча катышуучуларына жана тиешелүү учурларда өз кардарларына Финансы рыногунун инфраструктурасында кириптер болгон тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана тобокелдиктерди тескөөгө стимулдаштырат? | ||||||
3.2.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучуларын жана тиешелүү учурларда өз кардарларына тобокелдиктерди тескөөгө жана аларга каршы турууга натыйжалуу өбөлгө түзүүчү өз саясатын жана системасын кандайча иштеп чыгат? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы олуттуу тобокелдиктерди үзгүлтүксүз текшерүүгө алышы зарыл, ая аркылуу сырттан кабылуучу жана башка уюмдар (башка финансы рыногунун инфраструктуралары, эсептешүү банктары, жоюу провайдерлери) кабылуучу жана анын жыйынтыгында өз ара көз карандуулук келип чыга турган, бул тобокелдиктерди тиешелүү тескөөгө алган механизмдер. | ||||||
Олуттуу тобокелдиктер | ||||||
3.3.1. Финансы рыногунун ифраструктурасы сырттан кабылуучу жана башка уюмдарды кириптер кылуучу өз ара көз карандуулуктан улам келип чыга турган олуттуу тобокелдиктерди кандайча таап чыгат? | ||||||
3.3.2. Тобокелдиктерди өлчөө жана мониторинг жүргүзүү кандайча жүргүзүлөт? Финансы рыногунун инфраструктурасы тобокелдиктер баяндамасын канчалык көп жүргүзүп турат? | ||||||
Тобокелдиктерди тескөө каражаттары | ||||||
3.3.3. Анын башка уюмдар менен өз ара байланышынан улам келип чыгуучу тобокелдиктерге каршы аракеттенүү үчүн финансы рыногунун инфраструктурасы тобокелдиктерди тескөөнүн кандай каражаттарын колдонот? | ||||||
3.3.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы тобокелдиктерди тескөөнүн бул каражаттарынын натыйжалуулугун кантип баалайт? Финансы рыногунун инфраструктурасы тобокелдиктерге каршы аракеттенүү үчүн колдонулуучу тобокелдиктерди тескөө каражаттарын кандайча карап чыгууну ишке ашырат? Канча убакта кайрадан кароого алынат? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы иштеп жаткан ишкана катары анын оор операцияларды жана чукул тейлөө көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга олуттуу жолтоо болуучу сценарийлерди таап чыгуусу жана иш алып барууну пландаштырууну калыбына келтирүү же тартипке салынган токтотуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн толук спектринин натыйжалуулугун баалоого тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта финансы рыногунун инфраструктурасы тиешелүү компетенттүү органдар үчүн чечимдерди пландаштыруу үчүн керектүү маалыматты дагы бериши зарыл. | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын чукул маанилүү операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга жолтоо кылуучу сценарийлер. | ||||||
3.4.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын чукул олуттуу операцияларды жана тейлөөлөрдү ал тарабынан ишке ашырылышын жолто кылуучу мүмкүндүк берүүчү сценарийлерди кантип таап чыгат? Мындай процесстердин жыйынтыгында кандай сценарийлер табылган? | ||||||
3.4.2. Бул сценарийлер Финансы рыногунун инфраструктурасы кабылган өзүнчө жана байланыштуу тобокелдиктер кандайча эсепке алынат? | ||||||
Ишти калыбына келтирүү же тартипке келтирүүнү токтотуу боюнча пландар | ||||||
3.4.3. Ишти кайра түзүү же жоюуну тартипке келтирүү боюнча Финансы рыногунун инфраструктурасында кандай пландар бар? | ||||||
3.4.4. Ишти кайра түзүү же жоюуну тартипке келтирүү боюнча финансы рыногунун инфраструктурасында негизги стратегиялары же тартипке салынган жоюулар. Ишти кайра түзүү же жоюуну тартипке келтирүү боюнча Финансы рыногунун инфраструктурасынын чукул олуттуу операцияларды жүзөгө ашырууга жана тейлөө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат? | ||||||
3.4.5. Ишти кайра жаңыртуу же жоюуну тартипке келтирүү боюнча финансы рыногунун инфраструктурасынын ишин кайра кароо жана пландарды жаңыртуу кандайча жүргүзүлөт? Пландарды кайра карап чыгуу жана жаңыртуу иши канча убакта кароого алынат? | ||||||
Комплекстүү планды аткаруу ишин баалоонун жыйынтыкталган баасы (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
Түшүндүрмөлөр/Сунуш-көрсөтмөлөр | ||||||
4-принцип. Кредиттик тобокелдик. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучулардын иш-аракеттеринен улам келип чыккан кредиттик тобокелдиктерди, ошондой эле төлөм, клиринг жана эсептешүү процесстеринен келип чыккан тобокелдиктерди натыйжалуу өлчөп, контролдукка алууга жана аларды тескөөнү камсыз кылууга тийиш. Финансы рыногунун инфраструктурасы ар бир катышуучунун кредиттик тобокелдигинин ордун ишенимдүү жана толук жабуу үчүн жетиштүү финансы ресурсту колдоп турууга тийиш. Мындан тышкары, ишин олуттуу тобокелдиктер коштогон жана/же бир нече юрисдикцияда системалуу мааниге ээ борбордук контрагенттер, келип чыгышы ыктымал болгон кооптуу жагдайлардын кеңири түрмөгүнүн ордун жабууга жетиштүү кошумча финансылык ресурстарга ээ болушу зарыл. Буларга эки катышуучу жана алардын аффилирленген компаниялары тарабынан өзүнө алган мнлдеттенмелеринин аткарылбай калышы сыяктуу жагдайлар камтылууга жана муиу менеи эле чектелип калбастан, өзгөчө кырдаалда, бирок болжолдоого болгон рыноктук жагдайларда борбордук контрагенттер үчүн кредиттик тобокелдиктин жыйындысы келип чыгышынан улам түптөлгөн жагдайлар да камтылууга тийиш. Башка бардык борбордук контрагенттер да кооптуу жагдайлардын ордун жабууга жетиштуү кошумча финансылык ресурстарга ээ болууга тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
| 1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы өз катышуучулар тарабынан кредиттик тобокелдиктерди тескөө башкармалыгынын ишенимдүү түзүмүн, ошондой эле анын төлөм, клирингдик жана эсептешүү процесстеринен улам келип чыккан кредиттик тобокелдиктер. Кредиттик тобокелдик күндөлүк тобокелдиктерден жана/же потенциалдуу келечектеги тобокелдиктерден улам келип чыгышы мүмкүн. |
|
| |||
4.1.1. Кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча финансы рыногунун инфраструктурасынын, анын катышуучулар жана анын төлөм, клирингдик жана эсептешүүлөр процесстери менен түзүлүүчү күндөлүк жана потенциалдуу тобокелдиктерди кошо алганда механизмдери кандай? | ||||||
4.1.2. Конъюнктуралардын, рыноктук практикалардын жана жаңы продуктулардын өзгөрүүсүн чагылдырууну эсепке алуу менен механизмдер канча убакта кайра каралат? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы кредиттик тобокелдиктердин булагын таап турууга тийиш, ар дайым кредиттик тобокелдиктерди сандык баалоону жана мониторинг жүргүзүүнү жана бул тобокелдиктерди контролдоо үчүн тиешелүү механизмдерди колдонууну өткөрүп туруусу зарыл. | ||||||
4.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы кандайча кредиттик тобокелдиктин булактарын таап чыгат? Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан кредиттик тобокелдиктердин булагы кандай? | ||||||
4.2.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы кредиттик тобокелдиктерди кандайча өлчөйт жана мониторинг жүргүзөт? Финансы рыногунун инфраструктурасы тобокелдиктерди кайра баалоо канча убакыт сайын жүргүзүлөт? Маалымат канчалык деңгээлде актуалдуу? | ||||||
4.2.3. Финансы рыногунун инфраструктурасынын кайсы механизмдери кредиттик тобокелдиктеги булактарды контролдоо үчүн колдонулат (мисалы, айкын убакытта дүң эсептешүүлөр механизмдеринин сунушу же "төлөмгө каршы тапшыруу" эсептешүүлөрү, таза дебетти чектөө же бир күндүк кредит, концентрация чектөөлөрүн же күн сайын же орточо суткалык негизде күндөлүк рыноктук баалардын негизинде позицияларды кайра баалоо)? Бул каражаттардын натыйжалуулугун Финансы рыногунун инфраструктурасы кандайча өлчөйт? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Төлөм системасы же Баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасын аныктоонун жогорку деңгээли менен өзүнүн күндөлүк жана ар бир катышуучу тарабынан потенциалдуу келечек тобокелдиктери болсо, күрөөлүк камсыздоону колдонуу менен жана башка ушул сыяктуу финансылык ресурстарды жабышы зарыл (Күрөөлүк камсыздоо жөнүндө 5-принципти карагыла). Кийинкиге калтырылган нетто-эсептөө системаларын (DNS системалары) же DNS-негизде баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөрдүн системасынын негизинде эсептешүү кепилдиги жок, бирок эгерде алардын катышуучулары төлөм, клирингдик жана эсептешүүлөрдөн улам келип чыгуучу кредиттик тобокелдиктер менен кез келгенде, мындай финансы рыногунун инфраструктуралары системада олуттуу кредиттик тобокелдикти жарата алуучу эки катышуучу же алардын аффилирленген компаниялары тарабынан жаралган тобокелдиктерди жабуу үчүн кеминде жетишээрлик ресурстарга ээ болушу зарыл. | ||||||
Ар бир катышуучунун тобокелдигинин ордун жабуу | ||||||
4.3.1. Төлөм системасынын өзүнүн күндөлүк же Баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы катышуучуларынын ар биринин тобокелдиктерин жана алар болгон учурда потенциалдуу келечектеги тобокелдиктеринин ордун кантип жабат? Мындай тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан колдонулуучу финансы ресурстарынын курамы кандай? Финансы ресурстары баалоонун кандай деңгээлин түзөт? | ||||||
4.3.2. Финансы ресурстары канчалык деңгээлде төлөм системасынын же Баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы күндөлүк жана потенциалдуу келечек тобокелдиктерин толук көлөмдө жана жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүктүн ордун жабышат? Өзүнүн финансы ресурстарынын жетишээрлигин төлөм системасы же Баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы канчалык деңгээлде баалайт? | ||||||
Эсептешүүлөрдүн кепилдиги жок мөөнөтү өткөн нетто-эсептешүүлөрү бар төлөм системалары жана мөөнөтү өткөн нетто-эсептешүүлөрү бар Баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы үчүн эсептешүүлөрдүн кепилдиги жок. | ||||||
4.3.3. Эгер төлөм системасы же Баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы төлөм, клирингдик жана эсептешүү процесстери тарабынан эсептешүү кепилдиги жок мөөнөтү өткөн нетто-эсептешүүлөрү бар система болсо? Эгер системада кредиттик тобокелдиктер болсо, анда система кандайча мониторинг жүргүзөт жана бул тобокелдиктерди өлчөйт? | ||||||
4.3.4. Эгер катышуучуларынын арасында кредиттик тобокелдиктер болгон нетто негизинде мөөнөтү узартылган эсептешүүлөр камтылган төлөм системасы же Баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасында эсептешүүлөрдүн кепилдиги болбосо, төлөм системасынын же Баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасынын финансылык ресурстары системада олуттуу кредиттик тобокелдиктерге алып келе турган эки катышуучулардын жана алардын аффилирленген компаниялардын кайсы деңгээлде аткарылбаган милдеттенмелеринин ордун жабат? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы милдеттенмелерди өз алдынча аткарбагандыгынын же Финансы рыногунун инфраструктурасы алдында милдеттенмелерди анын катышуучулары тарабынан аткарбай коюуну айкалыштыруунун жыйынтыгында милдетин ала турган кредиттик жоготуулардын толук ордун жабуунун так эрежелерин жана жол-жоболорун аныкташы зарыл. Бул эрежелер жана жол-жоболор финансы рыногунун инфраструктурасынын ликвиддүүлук провайдерлеринен алынган каражаттарды кайтарып алууну кошо алганда орду жабылбаган кредиттик жоготуулар кандайча бөлүштүрүлөрүн аныктайт. Мындан тышкары, бул эрежелер жана жол-жоболор, Финансы рыногу коопсуз жана ишенимдүү иш алып баруусун улантуу үчүн стресстик абалды жараткан жагдайларда Финансы рыногунун инфраструктурасы колдой турган анын финансы рынокторун толтуруу процессин сүрөттөп бериши зарыл. | ||||||
Кредиттик жоготуулардын бөлүштүрүлүшү | ||||||
4.4.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелери жана жол-жоболору айкын формада кредит боюнча анын катышуучуларынын Финансы рыногунун инфраструктурасы алдындагы милдеттенмелерин өз алдынча аткарбоосунун жана айкалыштыруусунун натыйжасында милдетин ала турган кайсы болбосун жоготууларды кандайча жөнгө салат? Финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелери жана жол-жоболору кредит боюнча потенциалдуу орду жабылбаган жоготуулардын бөлүштүрүлүшүн жана Финансы рыногунун инфраструктурасынын ликвиддүүлүк провайдерлеринен алган каражаттардын ордун жабууну кошо алганда кайсы тартипте жана кандайча жөнгө салат? | ||||||
Финансы ресурстарын толуктоо | ||||||
4.4.2. Стресстик жагдайдан улам азайып кеткен финансы ресурстарын толуктоону жөнгө салуучу эрежелер жана жол-жоболор кайсылар? | ||||||
Финансы рынокторунун инфраструктурасынын принциптеринин аткарылышына берилген жыйынтыкталган баа (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр | ||||||
5-принцип: Күрөөлүк камсыздоо. Өзүнүн кредиттик тобокелдиктерин жана катышуучуларынын кредиттик тобокелдиктерин тескөө үчүн күрөөлүк камсыздоого муктаж болгон финансы рыногунун инфраструктурасы төмөнкү ликвиддүүлүк тобокелдиктери, кредиттик жана рыноктук тобокелдиктерге ээ күрөөлүк камсыздоону кабыл алууга тийиш. Мындан тышкары, Финансы рыногунун инфраструктурасы концентрациянын жетишээрлик консервативдүү тескөө чарасын жана лимиттерди белгилеши жана колдонушу зарыл.
| ||||||
Түшүндүрмө | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
| 1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы, эреже катары төмөнкү кредиттик жана рыноктук тобокелдик жана ликвиддүүлүк тобокелдиги камтылган активдерди күрөөлүк камсыздоо катары кабыл аяган активдерди чектөөгө тийиш. |
|
| |||
5.1.1. Өзгөчө негизде кабыл алынуучу күрөөлүк камсыздоону кошо алгандагы күрөөлүк камсыздоо катары белгилүү бир актив алгылыктуу экендигин финансы рыногунун инфраструктурасы кандайча аныктайт? Финансы рыногунун инфраструктурасы өзгөчө негиз болуучу эмне экендигин кантип аныктайт? Финансы рыногунун инфраструктурасы бул аныктамаларды канчалык көп колдонот? Финансы рыногунун инфраструктурасы өзгөчө негизде күрөөлүк камсыздоону канчалык көп кабыл алат, жана мындай күрөөлүк камсыздоону кабыл алууда ал лимиттерди колдонобу? | ||||||
5.1.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы күрөөлүк камсыздоону критерийлерге карата колдонулуучу критерийлерге туура келерин камсыздоо үчүн ал тарабынан катталган күрөөлүк камсыздоого кандайча мониторинг жүргүзөт? | ||||||
5.1.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы кандайча кайтарым корреляциянын мүмкүн болуучу атайы тобокелдигин кантип табат жана абалын жеңилдетет, мисалы, ал тарабынан күрөөлүк камсыздоого карата лимиттерди колдонуу жолу аркылуу (күрөөлүк камсыздоонун концентрациясынын лимиттерин кошо алганда)? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы баа берүүнүн пруденциалдык белгилерин белгилөөгө жана дайыма текшерүүгө алынып, рыноктук кооптуу жагдайларды эске алган тобокелдиктерди тескөө чарасы системасын аныктоого тийиш. | ||||||
Баа берүү тажрыйбасы | ||||||
5.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы күрөөлүк камсыздоонун наркын рыноктук наркка салыштырып кайрадан баа берүүнү кайсыл учурда жүргүзүп турат жана бул күн сайын аткарылабы? | ||||||
5.2.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы, эгерде рыноктук баалар айкын наркты чагылдыра албаса, активдерге өз алдынча баа берүүгө ыйгарым укуктуубу? | ||||||
Тобокелдиктерди тескөө системасын колдонуу тажрыйбасы | ||||||
5.2.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы муну кандайча аныктайт? | ||||||
5.2.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы тобокелдикти тескөө системасынын талаптагыдай экендигин кандайча тесттен өткөрөт, анын ичинде күрөөлүк камсыздоонун жок кылынышын караган рыноктук коошуу жагдайлар шартында активдердин наркынын төмөндөп кетишин кантип аныктайт? Финансы рыногунун инфраструктурасы бул тестти кайсыл учурда өткөрүп турат. | ||||||
3-негизги түшүнүк. Корректировкалоого болгон керектөөнү басаңдатуу үчүн финансы рыногунун инфраструктурасы мезгил-мезгили менен орун алып турган кооптуу рыноктук жагдайлар эске алынган тобокелдиктерди тескөөнүн туруктуу жана консервативдүү системасын жөнгө салууга тийиш. | ||||||
5.3.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы тобокелдиктерди тескөө системасынын жөнгө салынгандыгын кантип аныктап, ага баа берет? Бул системага корректировкалоолор кандайча эске алынат? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы, бул баа үчүн олутсуз жагымсыз натыйжалуу активдердин тез эле жоюу мүмкүнчүлүгүн олуттуу төмөндөтүүгө алып келүүчү белгилүү бир активдердин концентрациясынан качышы зарыл. | ||||||
5.4.1. Жоюу учурунда баага потенциалдуу жагымсыз таасир этүүнү чектөө максатында белгилүү бир активдерди табуу жана качуу боюнча Финансы рыногунун инфраструктурасынын саясаты кандай? Бул саясатты аныктоо учурунда кайсы факторлор таасир этет (мисалы, баага же рыноктук шарттарга жагымсыз таасир этүү)? | ||||||
5.4.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы концентрациянын кайра кароо жана баа саясатын жана адекваттуулукту аныктоо боюнча практиканы кандайча жүргүзөт? Финансы рыногунун инфраструктурасы бул саясаттын жана практиканы кайра кароону жана баа берүүнү канчалык көп жүргүзөт? | ||||||
5-негизги түшүнүк. Чек ара аркылуу күрөөлүк камсыздоону кабыл алуучу финансы рыногунун инфраструктурасы анын колдонулушу менен байланыштуу тобокелдиктерди жеңилдетүүгө жана аны убагында колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого тийиш. | ||||||
5.5.1. Чек ара аркылуу күрөөлүк камсыздоону кабыл алуу менен финансы рыногунун инфраструктурасы юридикалык, күрөөлүк, рыноктук жана башка тобокелдиктерге кабылуучу тобокелдиктер кандай? Финансы рыногунун инфраструктурасы бул тобокелдиктерди кантип жеңилдетет? | ||||||
5.5.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы өз убагында чек ара аркылуу күрөөлүк камсыздоону колдонуу мүмкүнчүлүгүн кандайча камсыз кылат? | ||||||
6-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы мыкты уюштурулган жана операциялык жактан күрөөлүк камсыздоону башкаруучу ийкемдүү системаны колдонушу зарыл. | ||||||
Күрөөлүк камсыздоону башкаруу системасы | ||||||
5.6.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан колдонулуучу негизги мүнөздөмөсү кайсылар? | ||||||
5.6.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы күрөөлүк камсыздоону кайталап колдонуу жана сунушталган күрөөлүк камсыздоого өз укуктарын кантип жана кандай деңгээлде байкоого алат? | ||||||
Операциялык ийкемдүүлүк | ||||||
5.6.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан колдонулуучу күрөөлүк камсыздоону башкаруу системасы күрөөлүк камсыздоого күндөлүк мониторинг жүргүзүү жана башкаруу учурунда өзгөрүүлөрдү кантип жана кандай деңгээлде эске алат? | ||||||
5.6.4. Күрөөлүк камсыздоону башкаруу системасы рыноктук стресс мезгилинде да иш үзгүлтүксүздүгүн кандай деңгээлде камсыз кылат? | ||||||
Финансы рынокторунун инфраструктурасынын принциптеринин аткарылышына берилген жыйынтыкталган баа (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр | ||||||
7-принцип. Ликвиддүүлүк тобокелдиги. Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн ликвиддүүлүк тобокелдигин натыйжалуу баалоого, контролдоого жана тескөөгө тийиш. Финансы рыногунун инфраструктурасы бир күндүк эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн бардык зарыл болгон валюталарда жетишээрлик ликвиддүү ресурстарга, зарылчылык келип чыкса, операциялык күн ичинде жана мүмкүн болуучу стресстик сценарийлерди кеңири спектрдин алкагында ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлиндеги төлөм милдеттенмелери боюнча көп күндүк эсептешүүлөргө, буга финансы рыногунун инфраструктурасынын экстремалдык, бирок катышуучу жана анын аффилирленген компанияларынын мүмкүн болуучу рыноктук жагдайлардын ликвиддүүлүк боюнча чогуу алгандагы милдеттенмелеринин көбүнүн пайда болуусуна алып келе турган милдеттенмелерин аткарбоосун кошо алганда, бирок муну менен чектелбестен ээ болушу зарыл.
| ||||||
Түшүндүрмө | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
| 1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучулар, эсептешүү банктары, ностро агенттери, депозитарий банктарынан, ликвиддүүлүк булактарынан жана башка уюмдар тарабынан кабылуучу ликвиддүүлүк тобокелдиктерин тескөөнүн ишенимдүү системасына ээ болушу зарыл. |
|
| |||
7.1.1. Өзүнүн катышуучулары, эсептешүү банктары, ностро агенттери, депозитарий банктарынан, ликвиддүүлүк булактарынан жана башка уюмдар тарабынан кабылуучу бардык тиешелүү валюталарда тобокелдик ликвиддүүлүгүн тескөө үчүн финансы рыногунун инфраструктурасынын колдонуучу механизмдери кандай? | ||||||
7.1.2. Бардык тиешелүү валюталарда финансы рыногунун инфраструктурасында жаралуучу ликвиддүүлүк тобокелдигинин булактары менен байланышкан ликвиддүүлүктөгү финансы рыногунун инфраструктурасынын керектөөлөрүнүн мүнөзү жана өлчөмү кандай? | ||||||
7.1.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы ага карата мамиле боюнча ар кандай ролдогу түзүлүүчү өзгөчө уюмдар жана анын аффилирленген потенциалдуу чогуу алгандагы ликвиддүүлүк тобокелдигин финансы рыногунун инфраструктурасы кантип эске алат? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Операциялык күн ичинде ликвиддүүлүктү кошо алганда, финансы рыногунун инфраструктурасы натыйжалуу операциялык жана туруктуу каражаттарга жана аналитикалык өз эсептешүүлөрүн жана финансылык агылууларды өз убагында таап чыгуу, баа берүү жана мониторинг жүргүзүүгө ээ болушу зарыл. | ||||||
7.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы эсептешүүлөрдүн жана финансылык агылууларды таап чыгуу, баа берүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн кандай операциялык жана аналитикалык каражаттарды колдонот? | ||||||
7.2.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы операциялык күн ичиндеги ликвиддүүлүктү кошо алганда, үзгүлтүксүз жана өз убагында өзүнүн эсептешүүлөрүн жана финансылык агылууларын таап чыгуу, баа берүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн бул каражаттарды кантип колдонот? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Төлөм системасы же Баалуу кагаздар боюнча эсептешүү системасы, анын ичинде мөөнөтү узартылган нетто-эсептешүүлөрдүн колдонулуучу механизмдери, ар бир күнүндө эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү валюталарда жетишээрлик ликвиддүү ресурстарды, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта ошондой эле бир күндүк же көп күндүк эсептешүүлөрдү мүмкүн болуучу стресс-сценарийлердин кеңири спектринин алкагында аныкталуучулуктун жогорку деңгээлиндеги төлөм милдеттенмелери боюнча колдоого алуусу зарыл. Алар өзүндө муну менен чектелбестен, экстремалдык, бирок мүмкүн болуучу рыноктук жагдайларда төлөм милдеттенмелерин көбүнүн келип чыгуусуна алып келүүчү катышуучулардын жана анын аффилирленген компанияларынын милдеттенмелерин камтууга тийиш. | ||||||
7.3.1. Төлөм системасы же Баалуу кагаздар боюнча эсептешүү системасы, ар бир күнү, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта бир күндүк же көп күндүк эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү бардык валюталарда ликвиддүү ресурстардын суммасын кантип аныктайт? Кайсы потенциалдуу стресстик сценарийлер (экстремалдуу, бирок мүмкүн болуучу рыноктук жагдайларда чогуу алгандагы төлөм милдеттенмелеринин көбүн түзүүгө жөндөмдүү катышуучунун жана анын аффилирленген катышуучусунун дефолту менен чектелбегендигин кошо алганда) бул түшүнүктү түзүү үчүн төлөм системасы же баалуу кагаздар боюнча эсептешүү системасы колдонот? | ||||||
7.3.2. Төлөм системасы же Баалуу кагаздар боюнча эсептешүү системасынын ордун жабуусун талап кылуучу ар бир валютада ликвиддүүлүктүн таңсыктыгынын эсептешүү көлөмү кандай? | ||||||
5-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасынын ликвиддүүлүк ресурстарынын талаптарына жооп берүүчү ликвиддүүлүктүн эң аз ресурстары жөнүндө талаптарга жооп берүүчү талаптарды аткаруу максатында ар бир валютада кредиттик линияларда белгиленген, валюталык своптордо белгиленген жана РЕПО тастыкталган борбордук банкта - акча депозиттеринен - эмитентте жана кредит берүүгө жөндөмдүү банктарда, ошондой эле жогорку ликвиддүү күрөөлүк камсыздоодо, депозитарийлерде жана инвестицияларда турат. Алар каржылоо жөнүндө алдын-ала келишилген жана жогорку ишенимдүү бүтүмдөрдөн улам нак акча каражаттарына жеңил жеткиликтүү болуучу жана тез конвертацияланган катары эсептелүүчү, ал эмес экстремалдык, бирок мүмкүн болуучу рыноктук жагдайларда. Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы борбордук банк-эмитентте кадимки кредитке карата пайдаланууга ээ болсо, финансы рыногунун инфраструктурасы мындай пайдалануу мүмкүнчүлүгүн (жана борбордук банк менен келишилген башка тиешелүү бүтүмдөрдү) тиешелүү борбордук банкта күрөө үчүн жарактуу боло турган талаптардын эн аз бөлүгү катары саноого тийиш. Мындай бардык ресурстар зарылчылыгына жараша жеткиликтүү болууга тийиш. | ||||||
Уруксат берилген ликвиддүү ресурстардын көлөмү жана курамы | ||||||
7.5.1. Финансы рыногунун инфраструктурасындагы анын ар бир валютадагы квалификациялык ликвиддүү ресурстарынын көлөмү жана курамы кандай? Финансы рыногунун инфраструктурасынын колдонуусуна бул ликвиддүү ресурстар кантип жана кайсы убакытка жеткиликтүү болот? | ||||||
Квалификациялык ликвиддүү ресурстардын пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана ордунун жабылышы | ||||||
7.5.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы дароо колдонуу мүмкүнчүлүгү бар күрөөлүк камсыздоону жана акча каражаттарына инвестицияларды которуу үчүн каржылоонун кандай макулдашылган механизмдерин колдонот? Бул механизмдер экстремалдуу, бирок болжолдуу рыноктук шарттарда жогорку ишенимдүү болорун финансы рыногунун инфраструктурасы кантип аныктаган? Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн ликвиддүү ресурстарына жеткиликтүү болушунан кандайдыр бир потенциалдуу тоскоолдуктарды таптыбы? | ||||||
7.5.3. Эгерде Финансы рыногунун инфраструктурасы үзгүлтүксүз негизде борбордук банк-эмитентте кредитке карата жеткиликтүүлүккө ээ болсо, анда анын бул валютада эң аз ликвиддүү ресурстары тууралуу талаптарга туура келүү максатында карыз алуу боюнча мүмкүнчүлүгү канчалык? | ||||||
7.5.4. Финансы рыногунун инфраструктурасынын квалификациялуу ликвиддүү ресурстарынын өлчөмү жана жеткиликтүүлүгү канчалык деңгээлде төлөм милдеттенмелери боюнча өз убагында эсептешүүлөр жүргүзүү үчүн ар бир валютада эң аз ликвиддүү ресурстар тууралуу белгиленген талаптарга туура келет? | ||||||
6-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун институту өзүнүн талаптарына жооп берүүчү ликвиддүү ресурстарына ликвиддүү ресурстардын башка түрлөрү менен толукташы мүмкүн. Бул жагдайда бул ликвиддүү ресурстар болжол менен суроо-талап менен колдонулуучу же милдеттенмелерди аткарбоонун натыйжасында жекече негизде кредиттик линиялар, своптор же РЕПО үчүн күрөөлүк камсыздоо катары жол берилген активдер түрүндө болушу зарыл, ал эмес бул экстремалдуу рыноктук шарттарда алдын-ала аныкталган же кепилденген зор ыктымалдыгы болушу мүмкүн. Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы Борбордук банктан жөнөкөй кредитти алуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал кайсы күрөөлүк камсыздоо тиешелүү банк тарабынан кабыл алынаарын билүүгө тийиш. Анткени, мындай активдер стресстик жагдайда ликвиддүү болуу ыктымалдыгына ээ. | ||||||
Кошумча ликвиддүү ресурстардын өлчөмү жана курамы | ||||||
7.6.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы үчүн жеткиликтүү болгон кошумча ликвиддүү ресурстардын өлчөмү жана курамы канчалык? | ||||||
Кошумча ликвиддүү ресурстардын пайдалануу мүмкүнчүлүгү | ||||||
7.6.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы тиешелүү валютаны алган шартта ишенимдүү негизде экстремалдуу рыноктук шарттарда алдын-ала болжолдонгон жана кепилденген болбосо да, күрөөлүк камсыздоо катарында активдер жеңил ишке ашырыла тургандыгы жана алгылыктуулугун кантип жана кандай негизде аныктайт? | ||||||
7.6.3. Бул кошумча активдердин кайсы бөлүгү тиешелүү борбордук банкта потенциалдуу күрөөлүк камсыздоо катары квалификацияланат? | ||||||
7.6.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы квалификациялык ликвиддүү ресурстарды колдонууга чейин же андан тышкары өзүнүн кошумча ликвиддүү ресурстарын кандай жагдайларда колдоно алат эле? | ||||||
7.6.5. Финансы рыногунун инфраструктурасынын кошумча ликвиддүү ресурстарынын өлчөмү жана пайдалануу мүмкүнчүлүгү квалификациялуу ликвиддүү ресурстар менен бирге ликвиддүү ресурстарды аныктоо үчүн стресс-тестирлөөнүн программасынан Финансы рыногунун инфраструктурасынын жүрүшүндө ликвиддүүлүктүн керектөөлөрүнө канчалык деңгээлде жооп берет (9-негизги түшүнүктү карагыла.)? | ||||||
7-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы алдын-ала текшерүү жүргүзүүнүн эсебинен аныктоонун жогорку деңгээлин камсыздоосу зарыл, бул талаптарына жооп берүүгө керектүү ликвиддүү ресурстарды финансы рыногунун катышуучусу же үчүнчү жак болсо, өзүнө кабыл алынган милдеттенмелерди жана аларды коштогон алардын ликвиддүүлүк тобокелдигин жана аларды тескөөнү түшүнүү үчүн зарыл жетиштүү маалыматка ээ болот. Белгилүү бир валютаны ликвиддүүлүк булагынын ишенимдүүлүгүн баалоо үчүн борбордук банкта-эмитентте кредиттин ликвиддүүлүгүнүн булагын алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу зарыл. Финансы рыногунун инфраструктурасы ликвиддүүлүктүн булагында болгон ликвиддүүлүктүн ресурстарынын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн өзүнүн жол-жобосун тынымсыз тестирлөөгө тийиш. | ||||||
Ликвиддүүлүк булагын тартуу | ||||||
7.7.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы ликвиддүүлүктүн талап кылынуучу эң аз квалификациялык ресурстарына туура келиши үчүн булактарды тартабы? Финансы рыногунун инфраструктурасынын ликвиддүүлүк булагы болуп ким эсептелет? Үзгүлтүксүз негизде, анын ичинде стресстик абалда ар бир тиешелүү валютада өзүнүн коштолгон ликвиддүүлүк тобокелдигин түшүнүү жана тескөө үчүн канткенде жетишээрлик маалыматка ээ болот? | ||||||
Ликвиддүлүк булагынын ишенимдүүлүгү | ||||||
7.7.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы ликвиддүүлүктүн ар бир булагы үзгүлтүксүз негизде бардык тиешелүү валюталарда каралган талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгүн кантип аныктайт? | ||||||
7.7.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы борбордук банкта-эмитентте кредитке карата ликвиддүүлүк булагынан потенциалдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кандайча эске алат? | ||||||
7.7.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы ликвиддүүлүк булагынан өзүнүн ликвиддик ресурстарын өз убагында жана ишенимдүү түрдө тынымсыз кандайча тест жүргүзөт? | ||||||
8-негизги түшүнүк: Борбордук банктагы эсептерден, анын төлөм кызмат көрсөтүүлөрү же баалуу кагаздар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү мүмкүн болгон учурда бул кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланышы зарыл. | ||||||
7.8.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы азыркы учурда ар бир борбордук банкта баалуу кагаздар менен байланышкан эсептерге, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө же кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугуна, ошондой эле ар бир тиешелүү ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө үчүн канчалык деңгээлде пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ? | ||||||
7.8.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана ар бир тиешелүү валютада ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө үчүн тиешелүү борбордук банкта ар бир саналган кызмат көрсөтүүлөрдөн кандай деңгээлде пайдаланат? | ||||||
7.8.3. Эгерде Финансы рыногунун инфраструктурасы тиешелүү борбордук банктар тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн башкасын колдонсо, анда Финансы рыногунун инфраструктурасы анын борбордук банктын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууну кеңейтүү жолу аркылуу ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн потенциалын канчалык деңгээлде талдап-иликтейт? | ||||||
7.8.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан тиешелүү борбордук банктын кызмат көрсөтүүлөрүн кеңейтүү боюнча кандай (эгер болсо) практикалык жана башка түшүнүктөр бар? | ||||||
9-негизги түшүнүк: Стресс-тесттердин жардамы менен өзүнүн ликвиддүү ресурстарынын жетиштүүлүгүн дайыма тесттен өткөрүүгө жана көлөмүн аныктоого тийиш. Финансы рыногунун инфраструктурасы чечимди кабыл алуучу өзүнө тиешелүү органдар алдында отчет берүүнүн так жол-жоболоруна ээ болууга жана ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасынын шайкештүүлүгүнө жана корректировкалоосуна баа берүүдө жыйынтыктарды колдонууга тийиш. Стресс-тестирлөөнү жүргүзүү учурунда финансы рыногунун инфраструктурасы стресс-сценарийлердин түрүн эске алуусу зарыл. Сценарийлер баанын волатилдүүлүгүнүн тиешелүү жогорку маанилерин, баа детерминанттар жана кыйыр кирешелер сыяктуу башка рыноктук факторлордун өзгөрүүсүн, ар кайсы мезгил ичинде дефолт учурларын, каржылоо жана активдер рынокторунда бир учурдагы басымды, ошондой эле ар түрдүү экстремалдуу, бирок мүмкүн болуучу рыноктук шарттарда бир катар стресс-сценарийлердин алдын алууга тийиш. Сценарийлер финансы рыногунун инфраструктурасынын түзүмүн жана ишин эске алууга жана ал үчүн ликвиддүүлүктүн олуттуу тобокелдигин келтирген бардык уюмдарды (мисалы, эсептешүү банктары, ностро агенттери, банктар-депозитарийлер, ликвиддүүлүк провайдерлери жана байланыштуу финансы рыногунун инфраструктурасы), ошондой эле тиешелүү учурларда көп күндүк мезгил камтылууга тийиш. Финансы рыногунун инфраструктурасы бардык учурларда өлчөмүн жана ал тарабынан колдоого алынган жалпы ликвиддүү ресурстардын түрүн жөнгө салган башкаруунун тиешелүү механизмдерине ээ болууга жана мыйзам чегинде документ жүзүндө түшүндүрмө берүүгө тийиш. | ||||||
Стресс-тестирлөө программасы | ||||||
7.9.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы ар бир валютадагы өзүнүн ликвиддүү ресурстарынын жетиштүүлүк көлөмүн аныктоо жана текшерүү үчүн стресс-тестирлөөнү кандайча колдонот? Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн ликвиддүү ресурстарында канчалык көп стресс-тестирлөө жүргүзөт? | ||||||
7.9.2. Финансы рыногунун инфраструктурасынын өз убагында баа берүү жана анын өлчөмүн коррекциялоо жана ликвиддүүлүк ресурстарынын курамы жана анын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасын камсыз кылуу максатында алардын чечим кабыл алуу жана анын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасын финансы рыногунун инфраструктурасынын чечимин кабыл алуу органдары алдында ал боюнча стресс-тестирлөөнүн күндөлүк жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулук процесси кандай? | ||||||
Стресс-тестирлөөнүн сценарийлери | ||||||
7.9.3. Стресс-тестирлөөдө кандай сценарийлер колдонулат жана белгилүү бир мезгил ичинде баа өзгөрмөлүүлүгүнүн тарыхый маанисинин өсүп жеткен чегинин айкалышын, баа детерминанттары жана кыйыр кирешелүүлүк сыяктуу башка рыноктук факторлордун өзгөрүүлөрүн, мезгилдин көптөгөн ар кандай дефолт учурларына, финансы рыноктору жана активдерине бир эле убакта басым жасоо, ошондой эле ар кандай экстремалдуу, бирок болжолдуу рыноктук шарттардагы келечектүү стресс-сценарийлердин түрлөрүн кандай деңгээлде карашат? | ||||||
7.9.4. Сценарийлер жана стресс-тесттер финансы рыногунун инфраструктурасынын так төлөм жана эсептешүү түзүмдөрүн (мисалы, айкын убактагы дүң төлөмдөр же нетто негизиндеги мөөнөтү узартылган төлөмдөр; эсептешүү кепилдиги же анысы жок; баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы үчүн 1, 2 же 3 "төлөмгө каршы тапшыруу" үлгүсү), ошондой эле финансы рыногунун инфраструктурасы, анын катышуучулары же биргеликте түздөн-түз тарта турган ликвиддүүлүк тобокелдиги кандай деңгээлде эске алышат? | ||||||
7.9.5. Финансы рыногу инфраструктурасына карата бир канча ролдордо чыга турган өзүнчө уюмдар жана алардын аффилирленген компанияларынын мүмкүнчүлүгүн кошо алганда финансы рыногунун инфраструктурасында ал тарабынан төлөм милдеттенмелерин өз убагында аткаруусу үчүн анда пайда болгон ликвиддүүлүккө болгон керектөөсүн эске алуу жана өлчөмү жана ликвиддүүлүк тобокелдигинин коштолуш булактарын сценарийлер жана стресс-тестирлөөлөр канчалык деңгээлде эске алышат? | ||||||
Кайра карап чыгуу жана валидация | ||||||
7.9.6. Финансы рыногунун инфраструктурасы стресс-тестирлөөнүн жыйынтыктуулугуна жана ката кетирүүчүлүккө жана параметрлерге канчалык көп баа берет? Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан колдонулуучу стресс-тестирлөө программасы ар кандай жагдайларды, мисалы, баанын позицияларынын көтөрүлүп кетишин жана өзгөрүлмөлүүлүгүн, позициялардын концентрациясын, рыноктук ликвиддүүлүктөгү өзгөрүүлөрдү жана параметрлердин өзгөрүшүн кошо алганда тобокелдик үлгүсүн кандайча эске алат? | ||||||
7.9.7. Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн тобокелдикти тескөө үлгүсүнүн өзгөрүлмөлүүлүгүн жүргүзөт? Өзгөрүлмөлүүлктү канчалык көп жүргүзөт? | ||||||
7.9.8. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан колдоого алынып жаткан жалпы ликвиддүү ресурстардын көптүгүн жана түрлөрүн жөнгө салуучу тескөөнүн рационалдуу негизи жана тиешелүү механизмдери анын кайсы документинде жана кандай көлөмдө ал тарабынан негизделген? | ||||||
10-негизги түшүнүк: Финансы рыногунун инфраструктурасы бүтүм келишилген күнү төлөм милдеттенмелери боюнча өз убагында төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга шарт түзүүчү так эрежелерге жана жол-жоболорго, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта анын катышуучуларынын өзүнчө же биргеликте милдеттенмелерин аткарбаган шартта операциялык күн ичинде же көп күндүк эсептешүүлөргө ээ болушу зарыл. Бул эрежелер жана жол-жоболор каралбаган жана потенциалдуу түрдө ликвиддүүлүк таңсыктыгы жабылбаганын эске алышы зарыл жана бүтүм жасалган күнү төлөм милдеттенмелери боюнча эсептешүү шарттары өзгөргөн, баш тартылган же кечиктирип коюудан качууга тийиш. Мындан тышкары, бул эрежелер жана жол-жоболор стресс келип чыккан шартта коопсуз жана ишенимдүү иш алып барууну улантуу учун колдоно турган Финансы рыногунун инфраструктурасы ликвиддүүлүк ресурстарын толуктоо процессин аныктоого тийиш. | ||||||
Бүтүм жасалган күнү эсептешүү | ||||||
7.10.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын катышуучулары тарабынан өзүнчө же биргеликте төлөм милдеттенмелери боюнча эсептешүүлөр өз убагында жүзөгө ашырууга ага кандайча эрежелер жана жол-жоболор кандайча жол берет? | ||||||
7.10.2. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелери жана жол-жоболору каралбаган жана потенциалдуу жабылбаган ликвиддүүлүк таңсыктыгы, пикири же бүтүм жасалган күнү төлөм милдеттенмелери боюнча эсептешүүлөрдүн кечиктирилгендиги? | ||||||
Ликвиддүүлүк ресурстарын толуктоо | ||||||
7.10.3. Стресстик жагдайдын жүрүшүндө тартылган ликвиддүүлүк ресурстарын толуктоону Финансы рыногунун инфраструктурасы эрежелерге жана жол-жоболорго кандайча жол берет? | ||||||
Финансы рынокторунун инфраструктурасынын принциптеринин аткарылышына берилген жыйынтыкталган баа (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр | ||||||
8-принцип. Эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышы. Финансы рынокторунун инфраструктурасы төлөмдү төлөө күнүнүн акырында эң аз дегенде эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышын камтышы зарыл. Зарыл болгондо же артыкчылык берилген учурларда, операция жүргүзүү күн аралыгында же айкын убакыт ыргагында жыйынтыкталган эсептешүүнү камсыздоосу зарыл.
| ||||||
Түшүндүрмө | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
| 1-негизги түшүнүк. Эсептешүүлөр жыйынтыкталган учурда финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелерин жана жол-жоболорун так аныктоого тийиш. |
|
| |||
Эсептешүүлөрдүн аягына чыккан учур | ||||||
8.1.1. Кайсы учурда төлөм, которуу тууралуу тапшырма же башка милдеттенме боюнча эсептешүүлөр жыйынтыкталган, башкача айтканда кайтарылып алынгыс жана шартсыз болуп эсептелинет? Эсептешүүлөрдүн аягына чыккан учур документ түрүндө аныкталып, бекитилгенби? Аталган маалымат кантип жана кимге ачылып көрсөтүлөт? | ||||||
8.1.2. Төлөөгө жөндөмсүздүк жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарды кошо алганда, финансы рыногунун инфраструктурасынын укуктук негизи жана эрежелери финансы рыногунун инфраструктурасы менен анын катышуучуларынын же катышуучулардын ортосундагы төлөмдүн, которуу жөнүндө тапшырманын же башка милдеттенменин аткарылышын кандай негизде белгилейт? | ||||||
8.1.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы бардык тиешелүү юрисдикцияларда макулдашууга жетишилгендигинин укуктук аныктамасынын кандайча тастыктай алат (мисалы, негиздүү юридикалык корутунду алуу аркылуу? | ||||||
Байланыш болгон шартта аягына чыгуусу | ||||||
8.1.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы башка финансы рыногунун инфраструктурасы менен байланыш болгон шартта эсептешүүлөрдүн аягына чыгуусун кантип камсыз кылат? | ||||||
а. Эгерде бул баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы болсо, анда баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы менен тиешелүү учурларда акча түзүүчү боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлгөн ири төлөмдөр системасынын ортосунда аягына чыгууда бирдиктүүлүк кантип жетишилет? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы жыйынтыкталган эсептешүүнү төлөмдөрдү чегерилген күн аяктаганга чейин кечиктирилбестен, артыкчылык берилген учурларда - эсептешүү тобокелдигин төмөндөтүү үчүн операциялык күн ичинде же айкын убакыт ыргагында жыйынтыкталган эсептешүүнү жүргүзүүгө тийиш. Ири төлөмдөр системасы же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы дүң эсептешүүлөр системасын айкын убакыт ыргагында же эсептешүү күн ичинде мультипакеттик иштеп чыгууда пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароого алууга тийиш. | ||||||
Валюталоо күнүнө жыйынтыкталган эсептешүү | ||||||
8.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын түзүмү валюталоо күнүнө жыйынтыкталган эсептешүүнү (же бүтүм келишилген күнү эсептешүүнү) жүргүзүүгө мүмкүн кылабы? Финансы рыногунун инфраструктурасы жыйынтыкталган эсептешүүнү пландаштырылып жаткан валюталоо күнү аяктаганга чейин кечиктирбестен жүргүзүүнү кантип камсыз кылат? | ||||||
8.2.2. Финансы рыногунун инфраструктурасында жыйынтыкталган эсептешүүнү анын эрежелеринде, жол-жоболорунда жана келишимдеринде каралбаган кийинки жумуш күнүнө жылдыруу учурлары орун алды беле? Эгер жылдыруу финансы рыногунун инфраструктурасынын аракеттеринин натыйжасынан болгон болсо, келечекте ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн кандай чаралар көрүлгөн? | ||||||
Күн ичинде жана айкын убакыт ыргагында жыйынтыкталган эсептешүү | ||||||
8.2.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы күн ичинде жана айкын убакыт ыргагында жыйынтыкталган эсептешүүнү камсыз кылып жатабы? Эгерде кылып жатса, кандай негизде? Катышуучулар жыйынтыкталган эсептешүү жүргүзүлгөндүгү тууралуу кантип маалымдалып жатат? | ||||||
8.2.4. Эгерде эсептешүү мультипакеттик иштеп чыгуу аркылуу аткарылууда, топтомдорду өткөрүү интервалы кандай жана кайсы убакыт аралыгында алар иштелип чыгат? Эгерде катышуучу эсептешүү учуруна жетиштүү каражаттарга же баалуу кагаздарга ээ болбосо эмне болот? Транзакциялар кийинки топтомго кошулабы? Эгер кошулса, мындай транзакциялардын статусу кандай жана кайсы учурда алардын аягына чыгышы келип жетет? | ||||||
8.2.5. Эгерде эсептешүүлөр күн ичинде же айкын убакыт ыргагында жүргүзүлбөсө, ири төлөмдөр системасы же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы ушул режимдердин бирин ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароого алды беле? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы өткөрүлбөгөн төлөмдөр, аткарылбай калган төлөм тапшырмалар же башка милдеттенмелер катышуучу тарабынан кайтарып алууга болбой турган учурду так аныктоого тийиш. | ||||||
8.3.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы өткөрүлбөгөн төлөмдөр, аткарылбай калган төлөм тапшырмалар же башка милдеттенмелер катышуучу тарабынан кайтарылып алынбай турган учурда кантип аныктайт? Финансы рыногунун инфраструктурасы ушул учурдан кийин акцептелген, бирок аткарылбай калган төлөмдөрдү, которуу жөнүндө буйрууларды жана милдеттенмелерди бир тараптуу кайтарып алууга тыюу салат? | ||||||
8.3.2. Кандай жагдайларда эсептешүүгө система тарабынан акцепттелген тапшырма же милдеттенме баары бир кайтарылып алынышы мүмкүн (мисалы, кезекке коюлган буйруулар)? Өткөрүлбөй калган төлөмдү же аткарылбай калган төлөм тапшырмасын ким кайтарып алууга укуктуу? | ||||||
8.3.3. Кандай шарттарда финансы рыногунун инфраструктурасы кайтарып алуунун чектүү мөөнөтүн алып салууга жана узартууга жол берет? | ||||||
8.3.4. Кайсы документтерде финансы рыногунун инфраструктурасы ушул маалыматты аныктайт? Аталган маалымат кантип жана кимге ачып көрсөтүлөт? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткарылышына жыйынтыктоочу баа берүүлөр (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр | ||||||
9-принцип. Акчалай эсептешүүлөр. Финансы рыногунун инфраструктурасы, эгерде мындай мүмкүнчүлүк жана каражаттар бар болсо, борбордук банктын каражаттарында акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга тийиш. Эгерде борбордук банктын каражаттары пайдаланылбаса, финансы рыногунун инфраструктурасы коммерциялык банктардын каражаттарын пайдалануу менен келип чыккан кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдигин азайтууга жана катуу контролдукка алууга тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
| 1-негизги түшүнүк. Кредиттик тобокелдикке жана ликвиддүүлүк тобокелдигине жол бербөө максатында, финансы рыногунун инфраструктурасы эгерде мүмкүнчүлүк жана мындай каражаттар бар болсо, борбордук банктын акчаларында жүргүзүүгө тийиш. |
|
| |||
9.1.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы акчалай эсептешүүлөрдү кантип жүргүзүүсү зарыл? Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы мультивалюталык эсептешүүлөрдү жүргүзсө, ал ар бир валютада акчалай эсептешүүлөрдү кантип жүзөгө ашырып жатат? | ||||||
9.1.2. Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы борбордук банктын акчаларында эсептешүүлөрдү жүргүзбөсө, анда эмнеге? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Эгерде борбордук банктын акчалары пайдаланылбаса, финансы рыногунун инфраструктурасы төмөн кредиттик тобокелдик же ликвиддүүлүк тобокелдиги менен айырмаланган же ага ээ болбогон эсептешүү активди пайдалануу менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. | ||||||
9.2.1. Эгерде борбордук банктын акчалары пайдаланылбаса, финансы рыногунун инфраструктурасы акчалай эсептешүүлөр үчүн колдонулуучу эсептешүү активдеринин кредиттик тобокелдиктерин жана ликвиддүүлүк тобокелдигине кандай негизде баа бере алат? | ||||||
9.2.2. Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы коммерциялык банктын акчаларында эсептешүүнү жүргүзсө, финансы рыногунун инфраструктурасы эсептешүү банктарын кантип тандап алат? Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан колдонулуучу тандоонун өзгөчө критерийлери кандай? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы эсептешүүлөрдү коммерциялык банктын акчаларында жүргүзсө, анда ал коммерциялык эсептешүү банктар тарабынан келип чыккан кредиттик тобокелдиктерди жана ликвиддүүлүк тобокелдиктерин контролдоого, тескөөгө жана чектөөгө тийиш. Атап айтканда, финансы рыногунун инфраструктурасы өз эсептешүү банктары үчүн алардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө тартибин, кредит төлөө жөндөмдүүлүгүн, капиталдаштырууну, ликвиддүүлүккө кирүү мүмкүнчүлүгүн жана операциялык ишенимдүүлүктү эске алган катуу критерийлерди белгилөөгө жана ушул критерийлердин сакталышына контролдукту жүргүзүүгө тийиш. Финансы рыногунун инфраструктурасы коммерциялык эсептешүү банктарынын кредиттик тобокелдиктеринин жана ликвиддүүлүк тобокелдиктеринин концентрацияланышына мониторинг жана тескөөнү жүзөгө ашырууга да тийиш. | ||||||
9.3.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы эсептешүү банктарына карата колдонулуучу жана алардын тандоосуна тиешелүү критерийлердин сакталышына мониторингди кантип жүргүзөт? Мисалы, финансы рыногунун инфраструктурасы алардын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү, алардын кредит төлөө жөндөмдүүлүгүнө, капиталдаштыруусуна, ликвиддүүлүккө кирүү мүмкүнчүлүгүнө жана операциялык ишенимдүүлүгүнө кантип баа берет? | ||||||
9.3.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы кантип коммерциялык эсептешүү банктары тарабынан түзүлүүчү өз кредиттик тобокелдигине жана ликвиддүүлүк тобокелдигине мониторингди жүргүзөт, тескөөгө алат жана чектейт? Финансы рыногунун инфраструктурасы ушул банктар менен байланышкан кредиттик тобокелдиктин жана ликвиддүүлүк тобокелдигинин концентрацияланышына кантип мониторинг жүргүзөт жана аны тескөөгө алат? | ||||||
9.3.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы өз потенциалдык чыгым тартууларын жана ликвиддүүлүк тартыштыгын, ошондой эле ири эсептешүү банкынын төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда, өз катышуучуларынын потенциалдык чыгым тартууларына жана ликвиддүүлүк тартыштыгына кандай негизде баа берет? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Эгерде Финансы рыногунун инфраструктурасы өздүк китептер боюнча акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзөт, ал өз кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдикти азайтууга жана так контролдоого тийиш. | ||||||
9.4.1. Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы өз китептери боюнча акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүп жатса, ал өз кредиттик тобокелдигин жана ликвиддүүлүк тобокелдигин кантип азайтып, катуу контролдукка алат? | ||||||
5-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эсептешүү банктар менен юридикалык макулдашуусу айрым эсептешүү банктарынын китептери боюнча которуулар качан жүргүзүлөөрү, которуулар аткаргандан кийин жыйынтыкталган болуп саналары, ошондой эле алынган каражаттар мүмкүнчүлүккө жараша болушунча тезирээк чегеришүүгө тийиш экендигин, ал эми идеалдуу учурда - финансы рыногунун инфраструктурасына жана анын катышуучуларына кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн операциялык күн ичинде так белгилөөгө тийиш. | ||||||
9.5.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эсептешүү банктар менен юридикалык макулдашуулар которууларды жүзөгө ашырууда которуулар аларды өткөрүүдө акыркы болушун жана алынган каражаттар чегерилишин белгилейби? | ||||||
9.5.2. Алынган каражаттар күн аяктаганга чейин кечиктирилбестен которулуп жатабы? Эгер которулбаса, эмнеге? Алар күн ичинде которулуп жатабы? Эгер которулбаса, эмнеге? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткарылышына жыйынтыктоочу баа берүүлөр (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр | ||||||
10-принцип. Иш жүзүндө сунуштоо. Финансы рыногунун инфраструктурасы айкын инструменттерди же товарларды сунуштоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин так аныктоого, иш жүзүндө сунуштоого байланыштуу тобокелдиктерди аныктоого, контролдоого жана тескөөгө тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
| 1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелери инструменттерди жана товарларды иш жүзүндө сунуштоо боюнча анын милдеттенмелерин так аныктоого тийиш. |
|
| |||
10.1.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы кайсы класстагы активдерди иш жүзүндө сунуштоо үчүн кабыл алат? | ||||||
10.1.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы физикалык инструменттерди жана товарларды сунуштоого карата өз милдеттенмелерин жана милдеттерин кандай негизде аныктайт? Бул милдеттер кандай негизде аныкталып, документ түрүндө бекитилген? Ушул документтер кимге ачыл көрсөтүлөт? | ||||||
10.1.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучулар тарабынан иш жүзүндө сунуштоолорду жүзөгө ашыруунун милдеттенмелерин жана жол-жоболорун түшүнүүсүн кандай негизде камсыз кылат? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы инструменттердин же товарлардын сакталышы жана иш жүзүндө сунушталышы менен байланышкан тобокелдиктерди жана чыгымдарды аныктоого, контролдоого жана аларды тескөөгө тийиш. | ||||||
10.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы инструменттерди же товарларды сакталышы жана сунушталышы менен байланышкан тобокелдиктерди жана чыгымдарды кантил аныктайт? Финансы рыногунун инфраструктурасы кандай тобокелдиктерди жана чыгымдарды аныктаган? | ||||||
10.2.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы инструменттерди же товарларды сакталышы жана сунушталышы менен байланышкан аныкталган тобокелдиктерге жана чыгымдарга мониторинг жүргүзүү жана аларды тескөө үчүн кандай процесстерди, жол-жоболорду жана контролдоо ыкмаларын колдонот? | ||||||
10.2.3. Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы товарларды алуучулар-катышуучулар менен сунуштоо боюнча милдеттенмелерге ээ болгон катышуучуларды бириктире алса, кандай жагдайларда ишке ашышы мүмкүн жана коштоп жүрүүчү эрежелер жана жол-жоболор кандай? Сунуштоо боюнча юридикалык милдеттенмелер эрежелерде жана коштоп жүрүүчү келишимдерде так чагылдырылган беле? | ||||||
10.2.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын катышуучуларынын сунуштоо боюнча артыкчылыгына мониторингди кандай негизде жүргүзөт жана эгер бул максатка ылайыктуу келсе, катышуучуларда иш жүзүндө сунуштоо боюнча алардын милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл системалардын жана ресурстардын болуусун камсыз кылат? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткарылышына жыйынтыктоочу баа берүүлөр (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр | ||||||
11-принцип. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи коопсуздукту камсыз кылууга, баалуу кагаздарды сактоого жана берүүгө байланыштуу тобокелдиктерди кыскартууга жана тескөөнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген эрежелерди жана жол-жоболорду аныктоого тийиш. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи аларды документ тариздөөсүз өткөрүп берүү үчүн иммобизацияланган же дематериализацияланган формада сактоого тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Болжолдонгон негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
| 1-негизги түшүнүк. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи талаптагыдай эрежелери, жол-жоболору жана контролдоо каражаттары, анын ичинде эмитенттердин жана баалуу кагаздардын ээлик кылуучуларынын укуктарын коргоого мүмкүн кылган эсепке алуунун ишенимдүү ыкмаларына ээ болууга, санкцияланбаган түзүүгө же баалуу кагаздарды жоготууга каршы аракеттенүүгө жана анда жайгашкан баалуу кагаздардын эмиссиясын мезгил-мезгили менен жана жок дегенде күндөлүк салыштырууну жүргүзүүгө тийиш. |
|
| |||
Эмитенттердин жана баалуу кагаздардын ээлик кылуучуларынын укуктарын коргоо | ||||||
11.1.1. Эмитенттердин жана баалуу кагаздардын ээлик кылуучуларынын укуктары баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи тарабынан колдонулуучу эрежелер, жол-жоболор жана контролдоо ыкмалары менен кандай негизде корголгон? | ||||||
11.1.2. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи тарабынан колдонулуучу эрежелер, жол-жоболор жана контролдоо ыкмалары катышуучулардын атынан ал ээлик кылган баалуу кагаздар анын китебинде талаптагыдай эсепке алынып, баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи тарабынан көрсөтүлүүчү башка кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан тобокелдиктерден корголушу үчүн кандай негизде камсыз кылат? | ||||||
11.1.3. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи бухгалтердик эсептин ишенимдүү тажрыйбасын болуусун кандай негизде камсыз кылат? Аудиттин жүрүшүндө кардардын укуктарын ишке ашыруу үчүн баалуу кагаздардын жетиштүү санынын болушуна текшерүү жүргүзүлөбү? Баалуу кагаздардын сакталышын камсыз кылуу үчүн колдонулуучу ички контролдуктун жол-жоболоруна жана ыкмаларына экспертиза жүргүзүү үчүн канча убакытта бир жолу комплекстик аудит өткөрүлүүдө? | ||||||
Баалуу кагаздарды санкцияланбаган түзүүгө же алып салууга жол бербөө | ||||||
11.1.4. Баалуу кагаздарды түзүүгө жана алып салууга уруксат берүүчү баалуу кагаздардын борбордук депозитарийинин ички жол-жоболору кандай? | ||||||
Баалуу кагаздардын чыгарылышын мезгил-мезгили менен салыштыруу | ||||||
11.1.5. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийинде турган ар бир эмитенттин (же анын эмиссиондук агенттин) чыгарылган баалуу кагаздарынын жалпы санын мезгил-мезгили менен (жок дегенде күн сайын) салыштырууну жүргүзөбү? Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи ал тарабынан катталган белгилүү бир чыгарылыштагы баалуу кагаздардын жалпы саны баалуу кагаздардын борбордук депозитарийинин китептеринде эсепке алынуучу баалуу кагаздардын санына тең болушун кантип камсыз кылат? | ||||||
11.1.6. Эгерде баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи анын китебинде эсепке алынуучу чыгарылыштын расмий регистратору болуп саналбаса, баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи өз жазууларын расмий регистратордун жазуулары менен кандай негизде салыштырууну жүзөгө ашырат? | ||||||
2-негизги түшүнүк Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи баалуу кагаздардын эсептеринде овердрафтардын жана дебеттик калдыктарынын болушун тыюу салууга тийиш. | ||||||
11.2.1. Кандай негизде баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи баалуу кагаздардын эсептеринде овердрафтты жана дебеттик калдыктардын келип чыгышын алдын алат? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи аларды документ тариздөөсүз өткөрүп берүү үчүн иммобизацияланган же дематериализацияпанган формада сактоого тийиш. Зарыл болгон шартта баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи баалуу кагаздардын иммобилизациялоонун жана дематерилизациялоонун түрткү берүүлөрүн түзүүгө тийиш. | ||||||
11.3.1. Баалуу кагаздар дематериализацияланган формада чыгарылабы жана эсепке алынабы? Баалуу кагаздардын канча пайызы дематериализацияланган жана транзакциялардын жалпы көлөмүнүн канча пайызы ушул баалуу кагаздарга тиешелүү? | ||||||
11.3.2. Эгерде баалуу кагаздар жеке күбөлүктөр түрүндө чыгарылса, аларды иммобилизациялоо жана аларга ээлик кылууга жол берүү жана аларды документ тариздөөсүз которуу мүмкүнбү? Баалуу кагаздардын канча пайызы иммобилизацияланган жана транзакциялардын жалпы көлөмүнүн канча пайызы ушул баалуу кагаздарга тиешелүү? | ||||||
11.3.3. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи баалуу кагаздардын иммобизациялоосун жана дематериализациялоосун кандай негизде түрткү берет (эгерде мындай түрткү берүүлөр колдонулса)? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи активдерди депозитардык тобокелдиктен анын мыйзам чыгаруу базасына каршы келбеген тиешелүү эрежелердин жана жол-жоболордун жардамы менен коргоого тийиш. | ||||||
11.4.1. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийинин эрежелери жана жол-жоболору активдерди депозитардык тобокелдиктен, анын ичинде баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи тарабынан жол берилген кайдыгерлик, активдерди мыйзамсыз пайдалануу, жасалмалоо, сапатсыз тескөө, шайкеш эсепке албоо же катышуучулардын өз баалуу кагаздарына укуктарын коргоого жөндөмсүздүгүнөн улам келип чыккан чыгым тартуу тобокелдигинен кантип коргойт? | ||||||
11.4.2. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи аталган эрежелер жана жол-жоболор укуктук негизге каршы келбейт экендигин кандай негизде аныктайт? | ||||||
11.4.3. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи баалуу кагаздарды мыйзамсыз ыйгарып алуулардан, жок кылуудан жана уурдатып кетишинен (мисалы, камсыздандыруу жана компенсациянын башка схемалары) коргоо үчүн башка дагы кандай ыкмаларды (эгерде болгон болсо) колдонот? | ||||||
5-негизги түшүнүк. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи жеке активдеринин жана баалуу кагаздарынын анын катышуучуларынын активдеринен жана баалуу кагаздарынан сегрегацияланышын камсыз кылган ишенимдүү системаны пайдаланууга тийиш. Эгерде бул мыйзам чыгаруу базасына каршы келбесе, баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи катышуучу кардарларга таандык болгон баалуу кагаздардын катышуучулардын китептеринде сегрегацияланышын ыкчам камсыз кылууга жана активдерди кардарларга өткөрүп берүүдө көмөк көрсөтүүгө тийиш. | ||||||
11.5.1. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийинде сегрегациянын кандай механизмдери бар? Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи жеке активдеринин жана анын катышуучуларынын баалуу кагаздарынын сегрегацияланышын кантип камсыз кылат? Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи сегрегацияны катышуучулардын баалуу кагаздарында кантип камсыз кылат? | ||||||
11.5.2. Эгерде бул укуктук негизге каршы келбесе, баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи кантип катышуучу кардарларга таандык болгон баалуу кагаздардын сегрегацияланышын катышуучунун китебинде техникалык жактан камсыз кыла алат? Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи кардарлардын эсебинен башка катышуучуларга которууга кандай негизде өбөлгө түзөт? | ||||||
6-негизги түшүнүк. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи ал иш алып бара аяган иштин башка багыттары боюнча өз тобокелдиктерин аныктоого, өлчөөгө, контролдоого жана тескөөгө тийиш. Ушул тобокелдиктерди изилдөө үчүн кошумча механизмдерди пайдалануу талап кылынат. | ||||||
11.6.1. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи баалуу кагаздар менен эсептешүүлөрдү жооптуу сактоо жана администрлөө кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары, башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап жатабы? Эгер сунуштаса, кайсыларды? | ||||||
11.6.2. Эгерде баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи баалуу кагаздар менен эсептешүүлөрдү жооптуу сактоо жана администрлөө кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары, башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаса, ал потенциалдуу кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдигин кошо алганда, иштин ушул түрлөрү тарабынан түзүлүүчү тобокелдиктерди кандай негизде аныктайт? Ал ошол тобокелдик деңгээлин кантип өлчөп, мониторинг жүргүзөт. Мында зарылчылык келип чыккан шартта, баалуу кагаздарды жооптуу сактоого алуу кызмат көрсөтүүсүн аны тескөө кызматына юридикалык жактан так бөлүп чектөө да талап кылынат? | ||||||
Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр | ||||||
12-принцип. Наркка алмаштыруунун эсептешүү системалары. Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы өз ара байланышкан эки милдеттенмелерге ээ бүтүмдөр боюнча (мисалы, баалуу кагаздар менен бүтүмдөр же валюталык бүтүмдөр) эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырса, анда ал бир милдеттенме боюнча акыркы эсептешүүлөрдү башка милдеттенме боюнча акыркы эсептешүүлөрдөн кийин жүргүзүү менен принципалдын тобокелдигин алып салууга тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
| 1-негизги түшүнүк. Наркка алмаштыруунун эсептешүү системасынан болуп саналган финансы рыногунун инфраструктурасы, эгер финансы рыногунун инфраструктурасы эсептешүүлөрдү брутто же нетто негизинде, ошондой эле аягына чыгуу учурунан жүргүзүп жаткандыгына карабастан, ал менен өз ара байланыштуу милдеттенме боюнча жыйынтыкталган эсептешүүнү жүргүзүлгөн күндө гана бир милдеттенме боюнча жыйынтыкталган эсептешүүнүн жүргүзүлүшүн камсыз кылуу менен принципал тобокелдигин болтурбоого тийиш. |
|
| |||
12.1.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын юридикалык, келишимдик, техникалык базасы жана анын тобокелдиктерди тескөө системасы, тиешелүү финансылык инструменттер боюнча жыйынтыкталган эсептешүү принципал тобокелдигин болтурбоону кандай негизде камсыз кылат? Кайсы жол-жоболор бир милдеттенме боюнча жыйынтыкталган эсептешүү өз ара байланыштуу милдеттенме боюнча жыйынтыкталган эсептешүүнү жүргүзгөн учурда гана жүзөгө ашырылышын камсыз кылат? | ||||||
12.1.2. Өз ара байланыштуу милдеттенмелер - дүңүнөн алганда (бүтүм үчүн бүтүм) же нетто негизинде кандайча эсептелинет? | ||||||
12.1.3. Өз ара байланыштуу милдеттенмелер боюнча эсептешүүнүн аягына чыгышы бир убакта болуп саналабы? Эгерде саналбаса, эки милдеттенме боюнча аягына чыгуу учуру кандай? Эки милдеттенме боюнча блокко коюу менен жыйынтыкталган эсептешүүнүн ортосунда убакыттын интервалы азайтылганбы? Блокировкаланган активдер үчүнчү жактардын талаптарынан корголгонбу? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткарылышына жыйынтыктоочу баа берүүлөр (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
| Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр |
|
| |||
13-принцип. Катышуучу тарабынан милдеттенмелерди аткарбоого тиешелүү эрежелер жана жол-жоболор. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучу тарабынан милдеттенмелерди аткарбаган учурда башкаруунун натыйжалуу жана так аныкталган эрежелерине жана жол-жоболоруна ээ болууга тийиш. Бул эрежелер жана жол-жоболор финансы рыногунун инфраструктурасы чыгымдарды жана ликвиддүүлүк тартыштыгын азайтуу жана өз милдеттенмелерин аткарылышын улантуу үчүн өз убагында чараларды кабыл алынышын кепилдик берүү үчүн иштелип чыгууга тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
| 1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы, ага катышуучу тарабынан милдеттенмелерин аткарбаган учурда, өз милдеттенмелерин аткарууга мүмкүн кылган жана милдеттенмелерди аткаргандан кийин ресурстарды толтуруу тартибин аныктаган милдеттенмелерди аткарбай калуу кесепеттерин жоюу эрежелерине жана жол-жоболоруна ээ болууга тийиш. |
|
| |||
Милдеттенмелерди аткарбай калуу кесепеттерин жоюу эрежелери жана жол-жоболору | ||||||
13.1.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелери жана жол-жоболору дефолттун окуясына (катышуучунун финансылык сыяктуу эле, операциялык дефолтунун да) жана дефолтту аныктоо ыкмасына так аныктама бере алабы? Бул окуялар кантип аныкталат? | ||||||
13.1.2. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелери жана жол-жоболору кандай негизде катышуучунун дефолтунун төмөнкү негизги аспектилерин жөнгө салат: а) дефолт жарыялаган шартта финансы рыногунун инфраструктурасы көрүшү мүмкүн иш-аракеттер; б) иш-аракеттер канчалык деңгээлде автоматташтырылган же ашыкча болуп саналат; в) кадимки эсептешүү тажрыйбасындагы өзгөрүүлөр; г) иштеп чыгуунун ар кандай баскычтарындагы транзакцияларды тескөө; д) жеке транзакцияларга, кардарлардын транзакцияларына жана эсептерине карата күтүлүүчү режим; е) иш-аракеттердин ыктымал болгон ырааттуулугу; ж) өз милдеттенмелерин аткарып жаткан катышуучуларды кошо алганда, ар кандай тараптардын ролдору, милдеттенмелери жана милдеттери; з) дефолттун таасирин жеңилдетүү үчүн жигердештирилиши мүмкүн болгон башка механизмдердин болушу? | ||||||
Финансылык ресурстарды пайдалануу | ||||||
13.1.3. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелери жана жол-жоболору келип чыккан чытымдардын ордун жабуу жана ликвиддүүлүктү камсыздоо боюнча мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, дефолттон улам келип чыккан ликвиддүүлүк тартыштыгын четтетүү максатында бөлүнгөн финансылык ресурстарды кандайча дароо өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт? | ||||||
13.1.4. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелери жана жол-жоболору кандай негизде финансылык ресурстарды пайдалануу тартибин жөнгө салат? | ||||||
13.1.5. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелери жана жол-жоболору дефолттон кийин ресурстардын толтурулушун кандай негизде жөнгө салат? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын эрежелеринде каралган тиешелүү дискрециондук жол-жоболорду кошо аяганда, милдеттенмелердин аткарылбай калышы кесепеттерин жоюу эрежелерин жана жол-жоболорун колдонууга жакшы даярдык көрүүгө тийиш. | ||||||
13.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын жетекчиси милдеттенмелердин аткарбай калышы кесепеттерин жоюу боюнча ички пландары, так аныкталган ролу жана милдеттери барбы? Бул пландар кандай? | ||||||
13.2.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана байкоо органдарын кошо алганда, бардык кызыкдар тараптарды өз убагында маалымдоо үчүн кайсы коммуникациялык жол-жоболорду пайдаланат? | ||||||
13.2.3. Дефолт болгон учурда башкаруу боюнча ички пландар канча убакытта бир жолу кайра кароого алынат? Ушул пландарда каралган башкаруу таасирлерин (чаралары) кандай? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы милдеттенмелердин аткарылбай калуу кесепеттерин жоюу эрежелеринин жана жол-жоболорунун негизги аспектилерин ачыкка чыгарууга тийиш. | ||||||
13.3.1. Катышуучулар дефолт болгон учурда башкаруу боюнча финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелеринин жана жол-жоболорунун негизги аспектилери кандай негизде ачыкка чыгарылат? Кандай негизде алар жөнгө салат: а) ушул аракеттер көрүлүшү мүмкүн болгон жагдайлар; б) ушул аракеттерди ким көрүүгө укуктуу; в) өздүк сыяктуу эле, кардардык позицияларга, каражаттарга жана активдерге да карата режимди кошо алганда, көрүлүүчү иш-аракеттердин көлөмү; г) өз милдеттенмелерин аткарган катышуучулардын алдында финансы рыногунун инфраструктурасынын милдеттенмелерин жөнгө салуу боюнча механизмдер; д) эгерде катышуучу менен кардарлардын ортосунда тике мамилелер - дефолтто турган катышуучулардын алардын кардарларынын алдында милдеттенмелерин жөнгө салууга өбөлгө түзгөн механизмдер болсо? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы өз катышуучуларын, компетенттүү органдарды жама башка кызыкдар тараптарды жоюу жол-жобосун кошо алганда, милдеттенмелерди аткарбаган шартта, финансы рыногунун инфраструктурасынын жол-жоболорун тестирлөөгө жана талдап-иликтөөгө тартууга тийиш. Мындай тестирлөө жана талдап-иликтөөлөр жок дегенде жылына бир жолу же аларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жана натыйжалуулугуна ишенүү үчүн эрежелердин жана жол-жоболордун олуттуу өзгөрүшүнөн кийин жүргүзүлүүгө тийиш. | ||||||
13.4.1. Кандай негизде финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучуларды жана башка кызыкдар тараптарды дефолт болгон учурда башкаруу боюнча финансы рыногунун инфраструктурасынын жол-жоболорун тестирлөөгө жана кайра карап чыгууга тартат? Кандай мезгилдүүлүк менен тесттер жана кайра кароолор өткөрүлүүдө? Тесттердин жыйынтыктары кандай негизде пайдаланылууда? Директорлор кенешин, тобокелдик боюнча комитетин жана компетенттүү органдарды жыйынтыктар менен кандай негизде тааныштырылат? | ||||||
13.4.2. Катышуучулардын потенциалдуу дефолтунун кайсыл жол-жоболорун жана сценарийлерин тесттер камтыйт? Финансы рыногунун инфраструктурасы анын катышуучулары тарабынан жандандыруу жана кайра уюштуруу режиминин киргизилишин кандай деңгээлде тестирлейт? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткарылышына жыйынтыктоочу баа берүүлөр (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
| Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр |
|
| |||
15-принцип. Жалпы коммерциялык тобокелдик. Финансы рыногунун инфраструктурасы жалпы коммерциялык тобокелдикти аныктоого, контролдоого жана тескөөгө жана ал бул чыгымдар иш жүзүндө орун алган учурда иштеп жаткан ишкана катары операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууну уланта алышы үчүн өздүк каражаттарынын эсебинен каржылануучу жана потенциалдуу жалпы коммерциялык чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон ликвиддүү таза активдерге ээ болууга тийиш. Мындан тышкары, таза ликвиддүү активдер орчундуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү калыбына келтирүүнү же тартипке салынган сакталышын камсыз кылуу үчүн жетиштүү болууга тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы бизнес-стратегияны шайкеш ишке ашырбоодон, терс акча агымдарынан же күтүлбөгөн жана өтө жогорку операциялык чыгашалардан улам жоготууларды кошо алганда, жалпы коммерциялык тобокелдикти аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана тескөө үчүн башкаруунун жана контролдоонун ишенимдүү системаларына ээ болууга тийиш. | ||||||
15.1.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн жалпы коммерциялык тобокелдиктерин кандай негизде аныктайт? Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан кайсыл жалпы коммерциялык тобокелдиктер аныкталган? | ||||||
15.1.2. Кандай негизде финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн жалпы коммерциялык тобокелдиктерине үзгүлтүксүз негизде мониторинг жүргүзөт жана тескөөгө алат? Финансы рыногунун инфраструктурасынын коммерциялык тобокелдиктерине баа берүү акча каражаттарынын жана капиталынын жылышына потенциалдуу таасир этүүсүн эске алабы (жеке финансы рыногунун инфраструктурасы болсо)? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы орчундуу операцияларды аткарууну жана жалпы коммерциялык чыгым тартууларды тарткан учурда гана иштеп жаткан ишкана катары орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоону улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн өздүк капиталынын (жөнөкөй акциялар, анык камдар жана башка бөлүштүрүлбөгөн пайда сыяктуулар) эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдерге ээ болууга тийиш. Финансы рыногунун инфраструктурасы ээ болууга тийиш болгон өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдердин өлчөмү анын жалпы коммерциялык тобокелдигинин багыты жана эгер мындай чаралар көрүлсө, олуттуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү калыбына келтирүүнү же тартипке салынган аякталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон убакыттын узактыгы менен аныкталууга тийиш. | ||||||
15.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы, эгерде ал жалпы коммерциялык чыгымдарды тарткан учурда иштеп жаткан түзүм катары операцияларды аткарууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоону улантуу үчүн зарыл болгондугуна жараша өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдери барбы? | ||||||
15.2.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы жалпы коммерциялык тобокелдиктин ордун жабуу үчүн өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдердин суммасын кандай негизде эсептейт? Финансы рыногунун инфраструктурасы ишти калыбына келтирүү же олуттуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тартипке салынып аяктоо үчүн зарыл болгон убакыттын узактыгын жана тиешелүү операциялык чыгымдарды кандай негизде аныктайт? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы калыбына келтирүүнүн же тартипке салынган жоюунун ишке ашырылуучу планын бекитүүгө жана аны ишке ашыруу үчүн өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу жетиштүү түрдө таза ликвиддүү активдерге ээ болууга тийиш. Өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу финансы рыногунун инфраструктурасынын таза ликвиддүү активдеринин өлчөмү алты ай үчүн күндөлүк операциялык чыгашаларынын өлчөмүнөн кем эмес түзүүгө тийиш. Бул активдер катышуучулардын аткарылбай калган милдеттенмелеринин же финансылык ресурстарды тескөө принциптеринде каралган башка тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон ресурстарга карата кошумча катары саналат. Буга карабастан, тобокелдиктерге негизделген эл аралык стандарттарга ылайык келген капитал, эгер бул капиталдын жетиштүүлүгү жөнүндө талаптарды кайталоодон качуу максатында, зарыл же максатка ылайыктуу болгон тиешелүү учурларда эсепке алынышы мүмкүн. | ||||||
Ишти калыбына келтирүү же тартипке салынган жоюу боюнча план | ||||||
15.3.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын ишти калыбына келтирүү же тартипке салынган жоюу боюнча план иштелип чыкканбы? Эгерде иштелип чыкса, анда бул планда эмнелер каралган (мисалы, катышуучулар альтернативалуу түзүмгө өтүү же аны түзүү үчүн аткарууга тийиш болгон операциялык, технологиялык жана юридикалык талаптар)? | ||||||
Ресурстар | ||||||
15.3.2. Аталган планды ишке ашыруу максатында финансы рыногунун инфраструктурасы өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдеринин кандай өлчөмүнө ээ? Финансы рыногунун инфраструктурасы планды ишке ашыруу үчүн ушул сумманын жетиштүүлүгүн кандай негизде аныктайт? Ушул өлчөм финансы рыногунун инфраструктурасынын алты ай үчүн кеминде күндөлүк операциялык чыгашаларынын көлөмүн түзөбү? | ||||||
15.3.3. Ресурстар түзүмү коммерциялык тобокелдиктерди жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган ресурстар катышуучунун дефолтунун ордун жабууга каралган ресурсунан ажыратуу үчүн кандай негизде камсыз кылат? | ||||||
15.3.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы жалпы коммерциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн каралган, тобокелдиктерге негизделген эл аралык стандарттарга ылайык келген капиталы барбы? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Жалпы коммерциялык тобокелдиктин ордун жабуу үчүн каралган активдер, сценарийлердин кеңири түрүнүн алкагында, анын ичинде алгылыксыз рыноктук жагдай шарттарында күндөлүк жана пландаштырылып жаткан чыгашалардын ордун жабууга финансы рыногунун инфраструктурасына мүмкүн кылган жогорку сапаттуу жана жетиштүү ликвиддүү активдерге ээ болууга тийиш. | ||||||
15.4.1. Өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу финансы рыногунун инфраструктурасынын таза ликвиддүү активдеринин курамы кандай? Финансы рыногунун инфраструктурасы аларды рынокто орун алган алгылыксыз жагдай шарттарында бир аз жоготуу менен же наркын жоготуусуз акча каражаттарына кантип айландыра алат? | ||||||
15.4.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы өз капиталынын эсебинен каржылануучу учурда орун алган жана болжолдонуп жаткан операциялык чыгашаларды төлөө үчүн колдонулган таза ликвиддүү активдеринин сапатына баа берип, мониторинг жүргүзүп турабы? | ||||||
5-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы, эгер анын өздүк капиталынын өлчөмү белгиленген чекке жакындаган же зарыл болгон суммадан аз болгон учурда, кошумча капиталды тартуу боюнча негизделген планды даярдоого тийиш. Бул план директорлор кеңеши тарабынан жактырылып, туруктуу негизде жаңыланып турууга тийиш. | ||||||
15.5.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын кошумча капиталды тартуу боюнча план иштелип чыкканбы? Финансы рыногунун инфраструктурасынын кошумча капиталды тартуу боюнча планынын, эгерде анын өздүк капиталы белгиленген чекке жакындаган же андан төмөн болгон учурда негизги мүнөздөмөсү кандай? | ||||||
15.5.2. Кошумча капиталды тартуу боюнча план канча убакытта бир жолу кайра каралып, жаңыланып турат? | ||||||
15.5.3. Финансы рыногунун инфраструктурасынын директорлор кеңешинин (же ушул сыяктуу органынын) кошумча капиталды тартуу боюнча планын кайра кароого алууда жана аны бекитүүдө ролу? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткарылышына жыйынтыктоочу баа берүүлөр (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
| Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр |
|
| |||
16-принцип. Депозитардык жана инвестициялык тобокелдиктер. Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн жеке активдерин жана өз катышуучуларынын активдерин коргоого, жоготуулар тобокелдигин жана бул активдерге пайдалануу мүмкүндүгүнүн кечиктирилишин минималдаштырууга тийиш. Финансы рыногунун инфраструктурасы минималдуу кредиттик жана рыноктук тобокелдиктер жана ликвиддүүлүк тобокелдиги менен айырмаланган инструменттерге инвестициялоого тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн жеке активдерин жана өз катышуучуларынын активдерин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу объектилеринин болуп саналган жана эсепке алуунун ишенимдүү ыкмаларына, коопсуз сактоо жол-жоболоруна жана ушул активдердин толук коргоого алынышын камсыз кылуучу ички контролдоо системасына ээ болгон уюмдарда сактоого тийиш. | ||||||
16.1.1. Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы депозитарийлердин кызматтарынан пайдаланса, финансы рыногунун инфраструктурасы аларды кандай негизде тандап алат? Финансы рыногунун инфраструктурасынын тандоонун колдонулуучу өзгөчө критерийлери кандай, анын ичинде ушул уюмдар көзөмөл жана жөнгө салуу предметинен болуп саналабы? Финансы рыногунун инфраструктурасы депозитарийлердин ушул критерийлерге ылайык келишине мониторингди кандай негизде жүргүзөт? | ||||||
16.1.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы кандай негизде текшерүүгө алат, ушул уюмдардын эсептик тажрыйбасы, коопсуз сактоо жол-жоболору жана катышуучулардын активдеринин толук коргоого алынышын камсыз кылуучу ички контролдоо системасы барбы? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Зарыл болгон шартта финансы рыногунун инфраструктурасы өз активдерине жана ага катышуучулар тарабынан берилген активдерге дароо кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. | ||||||
16.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы жооптуу сактоодо турган активдерге анын укуктарын же ээлик кылуучунун укуктарын мажбурлап аткарылышын камсыз кылуу үчүн ишенимдүү укуктук негиз бар экендигин кандай негизде аныктайт? | ||||||
16.2.2. Катышуучу дефолт болгон учурда, башка саат алкагында же юрисдикцияда жайгашкан депозитарийде сакталуучу баалуу кагаздарды кошо алганда, өз активдерине дароо кирүү мүмкүнчүлүгүн кандай негизде камсыз кылат? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы алардын бири-бири менен өз ара байланышынын толук түрүн эске алуу менен анын банк-депозитарийлерине карата баа берүүнү жүргүзүүсү жана өз тобокелдиктерин түшүнө билүүсү зарыл. | ||||||
16.4.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын банк-депозитарийлери менен байланышкан тобокелдиктерге кандай негизде баа берет жана түшүнө билет? Бул тобокелдиктерди тескөөдө ал алардын ар биринин өз ара байланышын кандай негизде эсепке алат? Мисалы, финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнчө депозитарий тарабынан түзүлүүчү тобокелдикти диверсификациялоо максатында активдерди коопсуз сактоо үчүн бир нече депозитарийлердин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалана алабы? Финансы рыногунун инфраструктурасы анын банк-депозитарийлери менен байланышкан тобокелдиктердин концентрацияланышына кандай негизде мониторинг жүргүзөт? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасынын инвестициялык стратегиясы тобокелдиктерди тескөөнүн жалпы стратегиясына ылайык келүүгө жана анын катышуучуларына толугу менен ачып көрсөтүлүүгө тийиш, мында инвестициялар талаптар менен камсыз болуусу же жогорку ишенимдүү карыз алуучуга карата талаптардан болуусу зарыл. Финансы рыногунун инфраструктурасынын инвестициялары баалар үчүн олуттуу делген эмес терс кесепеттер орун алган же мындай кесепеттер орун албаган учурда тез арада жоюу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. | ||||||
Инвестициялык стратегия | ||||||
16.4.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы, анын инвестициялык стратегиясы тобокелдиктерди тескөөнүн жалпы стратегиясы менен макулдашылышын кандай негизде камсыз кылат? Финансы рыногунун инфраструктурасы өз инвестициялык стратегиясын кандай негизде жана кимге ачып көрсөтөт? | ||||||
16.4.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы, анын инвестициялары жогорку ишенимдүү карыз алуучуларга карата талаптар менен туруктуу негизде камсыздалышын же ушул талаптардан тургандыгын кандай негизде камсыз кылат? | ||||||
Инвестициялардын тобокелдик боюнча мүнөздөмөлөрү | ||||||
16.4.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы инвестиция объекттерин тандоодо карыз алуучулар менен байланышкан жалпы тобокелдиктерди кандай негизде эске алат? Кайсы инвестицияларга карата кредиттик тобокелдиктин концентрацияланышына жол бербесе максатында лимиттер коюлган? | ||||||
16.4.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучулардын активдерин алардын өздүк баалуу кагаздарына же анын аффилирленген жактардын активдерине инвестициялап жатабы? | ||||||
16.4.5. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын инвестициялары баасын бир аз түшүүсү (анын болгон шартта) менен тез арада жоюуга жол берилишин кандай негизде камсыз кылат? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткарылышына жыйынтыктоочу баа берүүлөр (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
| Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр |
|
| |||
17-принцип. Операциялык тобокелдик. Финансы рыногунун инфраструктурасы мүмкүн болуучу ички сыяктуу эле, тышкы операциялык тобокелдиктеринин булактарын аныктоого жана талаптагыдай системаларды, принциптерди, жол-жоболорду жана контролдоо каражаттарын пайдалануунун эсебинен алардын таасирин начарлатууга тийиш. Системалар коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана операциялык ишенимдүүлүктү камсыз кылууга жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Иш үзгүлтүксүздүгүнө башкаруу операцияларды өз убагында калыбына келтирүүгө жана Финансы рыногунун инфраструктурасынын милдеттерин, анын ичинде ишинде кеңири масштабдуу же олуттуу бузуулар орун алган учурда аткарууга тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Болжолдонгон негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы операциялык тобокелдикти аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана тескөө үчүн тиешелүү системаларды, принциптерди, жол-жоболорду жана контролдоо каражаттарын пайдалануу менен операциялык тобокелдикти тескөөнүн ишенимдүү түзүмүн түзүүгө тийиш. | ||||||
Операциялык тобокелдикти аныктоо | ||||||
17.1.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын операциялык тобокелдиктердин мүмкүн болгон булактарын аныктоо боюнча саясаттары жана процесстери? Бул процесстер операциялык тобокелдиктин мүмкүн болгон тобокелдиктерин аныктоого, ушул тобокелдиктер ички факторлордон (мисалы, адам ресурстарын кошо алганда, ошол системанын механизмдеринен), финансы рыногунун катышуучулары тарабынан же тышкы факторлордон улам келип чыккандыгына карабастан кандай негизде өбөлгө түзөт? | ||||||
17.1.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы операциялык тобокелдиктердин кайсы булактарын аныктаган? Финансы рыногунун инфраструктурасы өз операциялык ишинде кандай орчундуу операцияларды аныктаган? | ||||||
Операциялык тобокелдикти тескөө | ||||||
17.1.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы аныкталган операциялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзөт жана аны тескөөгө алат? Кайсы документтерде аталган системалар, саясаттар, жол-жоболор жана контролдоо ыкмалары камтылган? | ||||||
Саясаттар, процесстер жана контролдоо ыкмалары | ||||||
17.1.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы операциялык жол-жоболордун тиешелүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу максатында, контролдуктун кандай саясатын, процесстерин жана каражаттарын колдонот? Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан колдонулган контролдуктун саясаты, процесстери жана каражаттары операциялык тобокелдиктерди тескөөнүн эл аралык, улуттук жана тармактык башкаруу стандарттарын кандайча эске алат? | ||||||
17.1.5. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан кадрларды башкаруу боюнча ишке ашырылган саясат ишке кабыл алуу, кесипкөй даярдоо жана квалификациялуу персоналды иште кармап калуу боюнча ишти кандайча аныктайт, ошондой эле ушул эле саясат кадрлардын иштен улам-улам бошоп кетүүсүнүн жана маанилүү кызмат орундарын ээлеген адамдар менен байланыштуу тобокелдиктердин жогорку деңгээлдеги кесепеттерин кандайча жеңилдетет? Финансы рыногунун инфраструктурасынын кадрларды жана тобокелдиктерди тескөө боюнча саясаты алдамчылыкка бөгөт коюуну кандайча жөнгө салат? | ||||||
17.1.6. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан колдонулган өзгөрүүлөрдү жана долбоорлорду башкаруу саясаты жана процесстер системанын үзгүлтүксүз иштешине ири долбоорлордун жана өзгөрүүлөрдүн терс таасир өтүү тобокелдигин кандайча жеңилдетет? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасынын директорлор кеңеши операциялык тобокелдикти тескөө боюнча ролдорду жана милдеттерди так аныктоого жана анын түзүмүн бекитүүгө тийиш. системалар, операциялык принциптер, контролдуктун жол-жоболору жана каражаттары текшерилүүгө, аларга аудит жүргүзүлүүгө, мезгил-мезгили менен тесттен өтүп туруусу сыяктуу эле, олуттуу өзгөрүүлөрдөн кийин да тесттен өткөрүлүүгө тийиш. | ||||||
Ролдор, милдеттер жана модель | ||||||
17.2.1. Директорлор кеңеши операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча негизги ролду жана милдеттерди кандайча аныктайт? | ||||||
17.2.2. Финансы рыногунун инфраструктурасынын директорлор кеңеши операциялык тобокелдикти башкаруу системасын ачык түрдө кайра карап чыгабы жана аны бекитеби? Ушул эле кеңеш операциялык тобокелдикти тескөө түзүмүн канча убакытта бир кайра карап чыгат жана бекитет? | ||||||
Кайра карап чыгуу, аудит жана тестирлөө | ||||||
17.2.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучулардын операциялык тобокелдиктерин тескөө механизмдерин кошо алганда, контролдук системасын, саясатын, жол-жоболорун жана ыкмаларын кандайча карап чыгат, тесттен өткөрөт? Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучуларга аудитти жана тесттерди канча убакытта бир өткөрөт? | ||||||
17.2.4. Финансы рыногунун инфраструктурасынын операциялык тобокелдиктерди тескөө системасы зарылчылыгына жараша тышкы аудиторлор тарабынан канчалык деңгээлде текшерүүдөн өтүүгө тийиш? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы операциялык ишенимдүүлүк жагында белгилүү максаттарга жана ушул максаттарга жетүү үчүн багытталган бекитилген саясатты колдонууга тийиш. | ||||||
17.3.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан операциялык ишенимдүүлүк жагында сапаттык сыяктуу эле, сандык жагынан коюлган максаттар кандай? Алар кайсы документтерде жана кандайча тиркелген? | ||||||
17.3.2. Ушул максаттарга жетишкендик операциялык ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлин кандайча камсыз кылат? | ||||||
17.3.3. Финансы рыногунун инфраструктурасын зарыл иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылган жана операциялык ишенимдүүлүк максаттарына жетүү үчүн иштелип чыккан саясаттар кайсылар? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы операциялардын стресс орун алган жана тейлөөнүн максаттуу деңгээлине жетүү мезгил ичинде өскөн көлөмдөрүн иштеп чыгуу үчүн аны арттыруу мүмкүнчүлүгү жана толук өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен камсыз кылууга тийиш. | ||||||
17.4.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы стресс орун алган мезгил ичинде болжолдонгон көлөмдөрү менен башкаруу боюнча өткөрмө жөндөмдүүлүгүнүн шайкештүүлүгүн кандайча кайра карап чыгат, текшерет жана тесттен өткөрөт? Финансы рыногунун инфраструктурасы аудитти жана тесттерди канча убакытта бир өткөрөт? | ||||||
17.4.2. Операциялык жөндөмдүүлүк жогорулаган же жогорулоого жакындаган абалдар кандайча жөнгө салынат? | ||||||
5-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы физикалык жана маалыматтык коопсуздуктун комплекстүү принциптерин иштеп чыгууга тийиш. | ||||||
Физикалык коопсуздук | ||||||
17.5.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан маалымат коопсуздугу үчүн коркунучтардын мүмкүн болуучу булактарын үзгүлтүксүздүк негизде эсепке алуу максатында, долбоорлорду жана өзгөрүүлөрдү башкаруу боюнча саясатты жана процесстерди кошо алганда, колдонулган саясат жана процесстер кайсылар? | ||||||
17.5.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан колдонулган саясат, процесстер, контролдоо ыкмалары жана тесттер физикалык коопсуздуктун тиешелүү эл аралык, улуттук жана тармактык стандарттарын эске алабы? | ||||||
Маалыматтык коопсуздук | ||||||
17.5.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан маалымат коопсуздугу үчүн коркунучтардын мүмкүн болуучу булактарын үзгүлтүксүздүк негизде эсепке алуу максатында, долбоорлорду жана өзгөрүүлөрдү башкаруу боюнча саясатты жана процесстерди кошо алганда, колдонулган саясат жана процесстер кайсылар? | ||||||
17.5.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан колдонулган контролдуктун саясаты, процесстери жана ыкмалары маалыматтык коопсуздукун эл аралык, улуттук жана тармактык башкаруу стандарттарын кандайча эске алат? | ||||||
6-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы операциялардын олуттуу бузулушуна алып келген окуяларды, анын ичинде ири же олуттуу бузуулар келип чыгышы мүмкүн болгон окуяларды эске алган иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планына ээ болууга тийиш. Бул план резервде турган объектини колдонууну алдын алууга жана иште бузулууларды алып келген жагдайлардан кийин эки саат ичинде маалыматтык-технологиялык системасынын ишин калыбына келтирилишин камсыз кылууга тийиш. План финансы рыногунун инфраструктурасына экстремалдык жагдайларда бузулуулар орун алган учурларда да күндүн акырында эсептешүүлөрдүн аягына чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. | ||||||
Иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планынын милдеттери | ||||||
17.6.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планы ири же глобалдык үзгүлтүктөрдөн кийин маанилүү операциялардын ишин өз убагында тез калыбына келтирүүнү эске алган милдеттерин, саясатын жана жол-жоболорун кандайча чагылдырат? | ||||||
Иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планынын түзүмү | ||||||
17.6.2. Финансы рыногунун инфраструктурасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планы маанилүү маалыматтык-технологиялык системалардын жана үзгүлтүктөрдөн кийин эки саат ичинде операциялардын калыбына келтирилишине кандайча мүмкүндүк берет, ошондой эле экстремалдык жагдайларда да күндүн акырына чейин эсептешүүлөрдү аткаруу же бүткөрүү мүмкүнчүлүгүн кандайча алдын алат? | ||||||
17.6.3. Күтүлбөгөн жагдайлар боюнча иш-аракеттер планы иште үзгүлтүктөр орун алган учурда бардык транзакциялардын статусун өз убагында аныкталышын кандайча камсыз кылат жана маалыматтардын жоголуп калышы мүмкүн болсо, анда ушуну жөнгө салган кандай жол-жоболор бар (мисалы, катышуучулар же үчүнчү жактар менен салыштыруу)? | ||||||
17.6.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан колдонулган кризистик тескөө жол-жоболору системанын ичинде, тышкы кызыкдар тараптардын жана компетенттүү органдардын эффективдүү коммуникацияга муктаждыгын кандайча эске алат? | ||||||
Резервде турган объект | ||||||
17.6.5. Финансы рыногунун инфраструктурасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планы резервде турган объектинин колдонулушун (тиешелүү негизги каражаттар, кубаттуулук, функционалдык мүмкүнчүлүктөр жана персоналдар менен камсыз болгон) кандайча карайт? Резервде турган объект тобокелдиктин так профилине ээ болуусу үчүн негизги объекттен канчалык чоң аралыкта тургандыгы кандайча камсыз болгон? | ||||||
17.6.6. Финансы рыногунун инфраструктурасы экстремалдык жагдайларда мөөнөттүү транзакцияларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берген альтернативалуу механизмдерди карап чыкканбы (мисалы, кол менен иргеп чыгуунун, кагаз түрүндөгү документтердин жана башка варианттардын негизинде жол-жоболор)? | ||||||
Кайра карап чыгуу жана тестирлөө | ||||||
17.6.7. Ири жана глобалдуу үзгүлтүктөр менен байланыштуу сценарийлерди кошо алганда, финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан колдонулган иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу механизмдери кандайча каралып чыгат жана тесттен өтөт? | ||||||
17.6.8. Финансы рыногунун инфраструктурасынын катышуучулары жана негизги провайдерлер канча убакытта бир кайра кароодон жана тесттен өткөрүлөт? Финансы рыногунун инфраструктурасы иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча механизмдерин кайра карал чыгуу жана тестирлөө ишине өз катышуучуларын, негизги провайдерлерди жана байланыштуу финансы рыногунун инфраструктурасын кандайча тартат? | ||||||
7-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы негизги катышуучулардын, башка финансы рыногунун инфраструктурасынын, ошондой эле алардын операцияларына дуушар болгон провайдерлердин жана коммуналдык кызматтардын тобокелдиктерин тескөөгө жана мониторингди жүзөгө ашырууга тийиш. Мындан тышкары, финансы рыногунун инфраструктурасы башка финансы рыногунун инфраструктурасы дуушар боло турган өз операцияларынын тобокелдиктерин тескөөгө жана мониторингди жүзөгө ашырууга тийиш. | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын өз операциялары менен байланыштуу тобокелдиктери | ||||||
17.7.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучулар, башка финансы рыногунун инфраструктурасы, провайдерлер жана коммуналдык кызматтар тарабынан түзүлгөн өз операциялары үчүн кандай тобокелдиктерди аныктаган? Финансы рыногунун инфраструктурасы мониторингди кандайча жүзөгө ашырат жана ушул тобокелдиктерди кандайча тескейт? | ||||||
17.7.2. Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы аутсорсингдин негизинде алардын операциялары үчүн маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланса, анда ал маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдеринин операциялары ишенимдүүлүктүн ошол эле талаптарына дал келишин кандайча камсыз кылат? | ||||||
Башка финансы рыногунун инфраструктурасы үчүн тобокелдиктер | ||||||
17.7.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы башка финансы рыногунун инфраструктурасы үчүн ал тарабынан түзүлгөн тобокелдиктерди кандайча аныктайт, мониторинг жүргүзөт, тобокелдиктерди жеңилдетет? | ||||||
17.7.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы башка өз ара көз каранды финансы рыногунун инфраструктурасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу механизмдерин кайсыл деңгээлде координациялайт? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткаруу боюнча жыйынтыктоочу баа берүү (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
| Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр |
|
| |||
18-принцип. Пайдаланууга жана катышууга талаптар. Финансы рыногунун инфраструктурасы туура жана ачык пайдалануу камсыз кылган жана тобокелдикти эске алган катышуунун белгилүү объективдүү критерийлерин колдонууга тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын ичинде тике жана зарылчылыгына жараша тобокелдиктер менен шартталган катышууга карата талаптардын негизинде ири катышуучуларга жана башка финансы рыногунун инфраструктурасына, өз кызмат көрсөтүүлөрүнө туура жана ачык пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого тийиш. | ||||||
Катышуу критерийлери жана катышууга карата талаптар | ||||||
18.1.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан катышуу критерийлери жана катышууга карата талаптар кайсылар (мисалы, операциялык, финансылык жана юридикалык талаптарды)? | ||||||
18.1.2. Бул критерийлер жана талаптар тике же тиешелүү учурларда тике эмес катышуучулардын жана башка финансы рыногунун инфраструктурасынын финансы рыногунун инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн ачык пайдалана алуусуна жол берилеби? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасында катышууга карата талаптар ал тейлеген рыноктордун жана финансы рыногунун инфраструктурасынын коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн камсыз кылууга жана финансы рыногунун инфраструктурасынын өзгөчө мүнөздүү тобокелдиктери менен бирдей өлчөнүүгө тийиш. Алгылыктуу стандарттар колдоого алынган шартында, финансы рыногунун инфраструктурасы пайдалана алуунун эң аз чектөөсүн алдын алган талаптарды белгилөөгө тийиш | ||||||
Катышуу критерийлерине түшүндүрмө берүү | ||||||
18.2.1. Коопсуздук жана эффективдүүлүк жагында финансы рыногунун инфраструктурасынын катышууга карата талаптары жана ал тейлеген рынокту ролу кандай жана алар финансы рыногунун инфраструктурасынын өзгөчө тобокелдиктерин эске алабы? | ||||||
18.2.2. Тобокелдиктерге негизделбеген, бирок мыйзам актыларында же ченемдик документтеринде каралган катышууга карата талаптар барбы? Эгерде бар болсо, алар кайсылар? | ||||||
18.2.3. Катышуучулардын бардык түрлөрүнө пайдалана алуунун бирдей критерийлери колдонобу? Эгерде колдонбосо, башка критерийлердин рационалдуу негизи (мисалы, иш көлөмү жана анын түрү, үчүнчү жактардын атынан иш алып барган катышуучуларга карата кошумча талаптар, жөнгө салынбаган уюмдардан болуп саналган катышуучуларга карата кошумча талаптар) кандай? | ||||||
Жеңилдетилген пайдалануу | ||||||
18.2.4. Жеңилдетилген пайдалана алууну камсыз кылуу үчүн, пайдаланууга карата чектөөлөр жана талаптар кандайча кароого алынат? Кайра кароо канча убакытта бир жүргүзүлүп турат? | ||||||
Критерийлер жөнүндө маалыматты анын көрсөтүү | ||||||
18.2.5. Катышууну чектөөнү кошо алганда, катышуу критерийлери кандайча эл алдында ачып көрсөтүлөт? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуу талаптарына жооп бербеген катышуучуну алып салуу жана катышууну токтотуп турууну камсыз кылуучу белгилүү жана жалпыга маалым жол-жоболорго ээ болууга жана катышууга карата ая тарабынан белгиленген талаптарды аткарууну дайыма контролдоого тийиш. | ||||||
Дал келүүсүнө контролдук | ||||||
18.3.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучулардын пайдалануу критерийлерине ылайык келишине үзгүлтүксүз контролдукту кандайча ишке ашырат? Финансы рыногунун инфраструктурасынын саясаттарында катышуу критерийлерине ылайык келүүгө контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган маалыматтар так жана өз учурунда берилиши каралганбы? | ||||||
18.3.2. Тобокелдикке дуушарлануу ыктымалдыгы күчөп бара жаткан катышуучунун ишине контролдукту орнотуунун кошумча ыкмаларын киргизүү жагында саясаттар иштелип чыкканбы? | ||||||
Катышууну токтотуп жана андан чыгуу тартиби | ||||||
18.3.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышууну токтотуу жана катышууга карата белгиленген талаптарды бузууга жол берген катышуучуну чектетүү жагында жол-жоболорду иштеп чыкканбы? | ||||||
18.3.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышууну токтотуу жана андан чыгуу тартибин жөнгө салуу боюнча кандай жол-жобону колдонот? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткарылышына жыйынтыктоочу баа берүүлөр (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
| Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр |
|
| |||
19-принцип. Катышуунун көп деңгээлдүү түзүмү. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуунун көп деңгээлдүү түзүмүнөн улам, дуушар болуучу олуттуу тобокелдиктерди аныктоого, мониторингди жүзөгө ашырууга жана тескөөгө тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы, ал катышуунун көп деңгээлдүү түзүмү болушунан улам, дуушар болгон бардык олуттуу тобокелдиктерди аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана тескөө максатында, кыйыр катышуу жөнүндө негизги маалыматты чогултууга мүмкүндүк берген макулдашуу, жол-жоболор жана эрежелер менен камсыз кылууга тийиш. | ||||||
Катышуунун көп деңгээлдүү түзүмү | ||||||
19.1.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуунун көп деңгээлдүү түзүмүнө ээби? Эгерде ээ болсо, ал түзүмдү баяндап бергиле? | ||||||
19.1.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы тике катышпоо жөнүндө базалык маалыматты кандайча чогултат? Кайсы маалымат чогултулат жана ал канча убакытта бир жолу жаңыртылып турат? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасы үчүн тобокелдиктер | ||||||
19.1.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы ушундай түзүм тарабынан түзүлгөн тобокелдиктерди кандайча баалайт? | ||||||
19.1.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы өзү үчүн катышуунун көп деңгээлдик түзүмү тарабынан түзүлгөн кандай олуттуу тобокелдиктерди аныктаган? Бул тобокелдиктерди финансы рыногунун инфраструктурасы кандайча жеңилдетет? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы ага таасир эте турган тике жана кыйыр катышуучулар ортосунда көз карандылыкты аныктоого тийиш. | ||||||
19.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы ага таасир эте турган тике жана кыйыр катышуучулар ортосунда көз карандылыкты кандайча аныктайт? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы бүтүмдүн олуттуу бөлүгүн түзгөн кыйыр катышуучуларды, ошондой эле ушундай транзакциялардан улам келип чыккан тобокелдиктерди тескөө максатында, финансы рыногунун инфраструктурасынан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган тике катышуучулардын мүмкүнчүлүктөрүнө салыштырмалуу транзакциялардын саны жана көлөмү көп болгон кыйыр катышуучуларды аныктоого тийиш. | ||||||
19.3.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы(а) тике катышуучулардын операцияларынын көлөмүндө кыйыр катышуучулардын атынан ар бир тике катышуучулар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын үлүшүн, (б) көп сандаш кыйыр катышуучулардын атынан иш алып барган тике катышуучуларды, (в) системанын жүгүртүлүшүндө операциялардын көлөмү олуттуу болуп саналган кыйыр катышуучуларды жана (г) ушундай транзакциялардан улам келип чыккан тобокелдиктерди тескөө максатында, финансы рыногунун инфраструктурасынан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн алган тике катышуучулардын жүгүртүүсү менен салыштырганда транзакциялардын көлөмү жана саны ири болуп саналган кыйыр катышуучуларды аныктаганбы? | ||||||
19.3.2. Финансы рыногунун инфраструктурасында кандай тобокелдиктер бар жана ал кыйыр катышуучулар тарабынан түзүлгөн тобокелдиктерди кандайча тескейт? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуунун көп деңгээлдүү түзүмүнөн улам, келип чыккан тобокелдиктерге дайым талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана зарылчылык келип чыккан учурда тобокелдиктерди кыскартууга багытталган чараларды көрүүгө тийиш. | ||||||
19.4.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы үчүн катышуудан улам түзүлгөн тобокелдиктерди кыскартуу максатында эрежелерди жана жол-жоболорду кайра карап чыгуу боюнча колдонгон принциптер кайсылар? Кайра карап чыгуу канча убакытта бир жүргүзүлүп турат? | ||||||
19.4.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы тобокелдикти кыскартуу боюнча чараларды көрүү учурун аныктоо үчүн кайсы критерийлерди колдонот? Финансы рыногунун инфраструктурасы мониторингди кандай жүргүзөт жана өз тобокелдиктерин кандайча кыскартат? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткарылышына жыйынтыктоочу баа берүүлөр (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
| Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр |
|
| |||
20-принцип. Финансы рыногунун инфраструктурасынын байланыштары. Финансы рыногунун инфраструктурасы бир же бир нече финансы рыногунун инфраструктурасы менен түзгөн байланышы ушул байланыш менен шартталган тобокелдикти аныктоого жана контролдоого, ошондой эле ушундай тобокелдиктерди тескөөгө тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
1-негизги түшүнүк. Байланышты белгилөө жөнүндө келишимди түзүүдөн мурда, жана дайыма байланыш белгиленгенден кийин финансы рыногунун инфраструктурасы байланыштын бар болуусунан жана аларды башкаруудан улам келип чыккан тобокелдиктин бардык булагын аныктоого жана контролдукка алууга тийиш. Байланыш механизмдери ар бир финансы рыногунун инфраструктурасы ушул докладда берилген башка принциптерди аткара алгандай болуп уюштурулууга тийиш. 20.1.1. Потенциалдуу байланыштар менен келип чыккан тобокелдиктердин (мисалы, юридикалык жана кредиттик тобокелдиктер, ликвиддүүлүк тобокелдиги, депозитардык жана операциялык тобокелдиктер) потенциалдуу булактарын аныктоо үчүн кандай жол-жоболор колдонулат? Бул финансы рыногунун инфраструктурасынын байланышты белгилөө же белгилебей коюу жөнүндө чечимине кандайча таасир этет? | ||||||
20.1.2. Башка финансы рыногунун инфраструктурасы менен кандай байланыштар белгиленген? Финансы рыногунун инфраструктурасы тобокелдиктерди кандайча аныктайт, аларга мониторинг жүргүзөт жана тескейт? | ||||||
20.1.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын байланыш түзүмү калган принциптердин аткарылышын кандайча камсыз кылат? Мындай талдап-иликтөөлөр канча убакытта бир жолу өткөрүлүп турат? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Байланыш бардык тиешелүү юрисдикцияларда укуктук негизге ээ болууга тийиш, ал байланышты белгилеген финансы рыногунун инфраструктурасынын шайкеш коргоого алынышын камсыз кылат жана байланыш механизмдерин колдоого алат | ||||||
20.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы кайсы юрисдикцияларда байланышты белгилеген? Белгиленген байланышты колдоого алган укуктук негиз кайсы? | ||||||
20.2.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын түзүмүн колдогон жана байланыштуу финансы рыногунун инфраструктурасынын шайкеш коргоого алынышын камсыз кылган ишенимдүү укуктук негизге ээ байланышын кандайча камсыз кылат? Анын туруктуу негизде коргоого алынышын кандайча камсыз кылат? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Өз ара байланышта болгон баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи бири-бирин дуушарланткан жана аларды тескеген кредиттик тобокелдиктерди, ликвиддүүлүк тобокелдиктерин өлчөөгө жана контролдоого тийиш. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи ортосунда кредиттердин бардык пролонгациялары толук көлөмдө жогорку сапаттагы күрөөлүк камсыздоого ээ болууга жана белгиленген лимиттерди сактоого тийиш. | ||||||
20.3.1. Кредиттик тобокелдикти жана белгиленген байланыштар менен түзүлгөн ликвиддүүлүк тобокелдигин өлчөө, ага мониторинг жүргүзүү жана аны тескөө үчүн кандай жол-жоболор бар? | ||||||
20.3.2. Эгерде баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи ага байланыштуу болгон жактарга кредит сунуштаган болсо, ошол кредиттердин кайтарылышына кепилдик берген кандай жол-жоболор бар жана мындай кредиттер жогорку сапаттагы күрөө менен толук камсыз болгонбу жана аларга карата лимиттер белгиленгенби? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Байланыштуу баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи ортосунда баалуу кагаздардын убактылуу өткөрүлүп берилишине же убактылуу өткөрүлүп берилген баалуу кагаздардын кайтарым өткөрүп берүүлөрүнө ал аягына чыкканга чейин тыюу салынууга тийиш. | ||||||
20.4.1. Өз ара байланыштуу топтор ортосунда баалуу кагаздардын алдын ала өткөрүлүп берилишине уруксат берилеби? Эгерде берилсе, андай кандай механизмдер алдын ала берилүүнү зарыл кылат жана баалуу кагаздардын биринчи өткөрүлүп берилүүсү аяктаганга чейин аларды өткөрүп берүүгө тыюу салынабы? | ||||||
5-негизги түшүнүк. Эгерде бул механизм баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи-инвестордун катышуучуларынын укугун жогорку деңгээлде корголушун камсыз кылган учурда гана, ал баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи-эмитент менен байланышты түзүүгө тийиш. | ||||||
20.5.1. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи-инвестор байланышты түзгөн учурда анын катышуучуларынын укугу коргоонун жогорку деңгээлине ээ экендигин кандайча аныктайт? | ||||||
20.5.2. Баалуу кагаздары депозитарийде сактоодо турган уюмдар боюнча активдерди салыштыруу канча убакытта бир жүргүзүлөт? | ||||||
20.5.3. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи-инвестор катышуучуларынын укугун коргоону (сегрегациялоо жана көчүрүү механизмдерин, "омнибус" эсептери үчүн активдерди коргоо шарттарын кошо алганда) кандайча камсыз кылат? | ||||||
6-негизги түшүнүк. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи-эмитент менен байланышты ишке ашыруу үчүн ортомчунун кызмат көрсөтүүлөрүн колдонгон баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи-инвестор ортомчунун кызмат көрсөтүүлөрүн тартуу менен келип чыккан кошумча тобокелдиктерге (депозитардык, кредиттик, юридикалык жана операциялык тобокелдиктерди кошо алганда) баа берүүгө, аларды контролдукка алууга жана тескөөгө тийиш. | ||||||
20.6.1. Эгерде баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи ортомчуну байланышты башкаруу үчүн тартып жатса, анын ортомчуну (ортомчуларды) тандоо критерийлери кандай? Ушул эле критерийлер тобокелдиктерге негизделгендерден болуп саналабы? | ||||||
20.6.2. Эки байланыштуу баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи менен ортомчулардын тиешелүү милдеттери кайсылар? | ||||||
20.6.3. Ортомчуну тартуу менен келип чыккан тобокелдиктерди өлчөө, ага мониторингди жүргүзүү жана тескөө үчүн кандай жол-жоболор бар? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткарылышына жыйынтыктоочу баа берүүлөр (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
| Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр |
|
| |||
21-принцип. Эффективдүүлүк жана натыйжалуулук. Финансы рыногунун инфраструктурасы өзү тейлеген катышуучуларынын жана рыногунун муктаждыгын натыйжалуу канааттандырууга тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы өзү тейлеген катышуучулардын жана рыноктордун муктаждыгын канааттандырылышын камсыз кылууга тийиш, айрыкча бул клирингдин жана эсептешүүлөрдүн схемасын, операциялык түзүмдү, клиринг, эсептешүү же эсепке алуу жүргүзүлгөн продуктылардын түрүн тандоого, ошондой эле технологияларды жана жол-жоболорду колдонууга тийиштүү. | ||||||
21.1.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын (клиринг жана эсептешүүлөрдүн механизмдерин, операциялык түзүмдү, ташып жеткирүү системасын жана технологияларын, ошондой эле айрым кызмат көрсөтүүлөрдү жана продукттарды кошо алганда) түзүмү тейлөөгө алынуучу катышуучулардын жана рыноктордун муктаждыгын кандайча эске алат? | ||||||
21.1.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучулардын жана башка пайдалануучулардын муктаждыгына жана талаптарына дал келээрин жана алардын өзгөрүүсүнө жараша (мисалы, кайтарым байланыш механизмдери аркылуу) бул талаптарга дал келип жаткандыгын кандайча аныктайт? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы сандык баа берүү мүмкүн болгон белгилүү бир максаттарга жана милдеттерге ээ болууга тийиш жана тейлөөнүн минималдуу деңгээли, тобокелдиктерди тескөө жагында күтүүлөр жана бизнес-артыкчылыктар сыяктуу жетишкендиктер болушу мүмкүн. | ||||||
21.2.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы операциялардын натыйжалуулугуна карата кандай максаттарды жана милдеттерди көздөйт? | ||||||
21.2.2.Финансы рыногунун инфраструктурасы анын максаттары жана милдеттери так болушун, сандык баа берүүгө жол берилишин кандайча камсыз кылат? | ||||||
21.2.3. Бул максаттар жана милдеттер канчалык деңгээлде иштелип чыккан? Ишке ашыруу деңгээлин өлчөө жана баа берүү үчүн финансы рыногунун инфраструктурасы кандай механизмдерди колдонот? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун эффективдүүлүгүнүн жана талдап-иликтөөлөрү боюнча болууга тийиш. | ||||||
21.3.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулуктун сандык баа берүүсү үчүн кандай жол-жоболорду жана көрсөткүчтөрдү колдонот? | ||||||
21.3.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн эффективдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна канча убакытта бир баа берип турат? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткарылышына жыйынтыктоочу баа берүүлөр (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
| Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр |
|
| |||
22-принцип. Байланыш жол-жоболору жана стандарттары. Финансы рыногунун инфраструктурасы эффективдүү төлөмдөрдү, клирингди, эсептешүүлөрдү жана документти жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн байланыштын эл аралык жол-жоболорун жана стандарттарын колдонууга же ыңгайлаштырууга тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы эл аралык кабыл алынган байланыш жол-жоболорун жана стандарттарын колдонууга же эң аз дегенде ыңгайлаштырууга тийиш. | ||||||
Коммуникациялык жол-жоболор | ||||||
22.1.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы билдирмелерди берүүнүн эл аралык стандарттарын колдонобу, эгерде колдонгон болсо, алар кайсылар? Билдирмелерди берүүнүн эл аралык жол-жоболорун ыкчам шайкеш келтирилиши кандайча камсыз кылынат? | ||||||
22.1.2. Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды жүзөгө ашырса, анда операциялык жол-жоболордо, процесстерде, системаларда маалыматтарды берүүнүн эл аралык жол-жоболору кандайча колдонулат, же чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды жүргүзүүдө аларды ыкчам шайкеш келтирүү кандайча камсыз кылынат? | ||||||
Коммуникациялык стандарттар | ||||||
22.1.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы билдирмелерди берүүнүн эл аралык стандарттарын колдонобу, эгерде колдонгон болсо, алар кайсылар? Билдирмелерди берүүнүн эл аралык жол-жоболорун ыкчам шайкеш келтирилиши кандайча камсыз кылынат? | ||||||
22.1.4. Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы чек ара аркылуу жүргүзүлүүчү операцияларды жүзөгө ашырса, анда финансы рыногунун инфраструктурасында операциялык жол-жоболордо, процесстерде жана системаларда эл аралык жол-жоболор кандайча колдонулат? | ||||||
22.1.5. Эгерде эл аралык стандарттар колдонулбаса, анда финансы рыногунун инфраструктурасы маалыматтардын жана эл аралык стандарттарга жооп берген маалыматтарды берип турган жана конвертациялаган системалардын оперативдүү айкалышта иштөөсүн кандайча камсыз кыла алат? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткарылышына жыйынтыктоочу баа берүүлөр (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
| Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр |
|
| |||
23-принцип. Эрежелерди, негизги жол-жоболорду жана рыноктук маалыматтарды ачып көрсөтүү. Финансы рыногунун инфраструктурасы так жана бардыгын камтуучу эрежелерди жана жол-жоболорду белгилөөгө, ошондой эле финансы рыногунун инфраструктурасында катышуучулардын катышуусу менен байланыштуу тобокелдиктер, комиссиялык жана башка (реалдуу) чыгашалар жөнүндө так түшүндүрмө алууга мүмкүндүк берген толук маалыматты алууга тийиш. Бардык тиешелүү эрежелер жана негизги жол-жоболор жалпыга маалымдалууга тийиш.
| ||||||
Кыскача маалымат | ||||||
| Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: | ФРИ баасы | Улуттук банктын баасы | |||
1-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы так жана бардыгын камтуучу эрежелерди жана жол-жоболорду аныктоого жана катышуучуларды маалымдоого, мындан тышкары, тиешелүү эрежелер жана негизги жол-жоболор жалпыга маалымдалууга тийиш. | ||||||
Эрежелер жана жол-жоболор | ||||||
23.1.1. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелери жана жол-жоболору кайсы документте берилген? Бул документтер катышуучуларга кандай ачып көрсөтүлөт? | ||||||
23.1.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы анын эрежелери жана жол-жоболору так берилгендигин жана комплекстүү болуп саналгандыгын кандайча аныктайт? | ||||||
Маалыматты ачып көрсөтүү | ||||||
23.1.3. Финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелеринде жана стандарттык эмес, бирок күтүлүүчү жагдайларда анын чегинде иш алып барган жол-жоболордо кандай маалымат камтылат? | ||||||
23.1.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы эрежелер жана негизги жол-жоболор өзгөргөн учурда алар аткарган технологиялык процесстер жөнүндө маалыматты кандайча жана кимге ачып көрсөтөт? | ||||||
23.1.5. Тиешелүү эрежелерди жана негизги жол-жоболорду финансы рыногунун инфраструктурасы эл алдында кандай ачып көрсөтөт? | ||||||
2-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы системанын түзүмүн жана операцияларын, ошондой эле финансы рыногунун инфраструктурасында катышуудан улам, алар дуушарланган тобокелдиктерге баа берүү үчүн катышуучулардын укуктарын жана милдеттерин так баяндап жалпыга жарыялоого тийиш. | ||||||
23.2.1. Системанын түзүмү жана операциялары кайсы документте берилген? Ушул тууралуу маалыматты кандайча жана кимге ачып көрсөтөт? | ||||||
23.2.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы системанын ишине түздөн-түз таасир эткен маанилүү чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктубу? | ||||||
23.2.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы өз катышуучуларына алардын укуктары, милдеттери жана финансы рыногунун инфраструктурасында алардын катышуусу менен байланыштуу тобокелдиктери жөнүндө кайсы маалыматты сунуштайт? | ||||||
3-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы бардык зарыл жана тиешелүү документтерди сунуштоого жана катышуучуларга финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелерин жана жол-жоболорун, ошондой эле анда катышуунун натыйжасында алар дуушар болуучу тобокелдиктерди түшүнүүнү жеңилдетүү үчүн окутууларды өткөрүүгө тийиш. | ||||||
23.3.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы иштеп чыккан эрежелердин жана жол-жоболордун катышуучулар тарабынан толук түшүнүүсүнө кантип жетишүүгө болот жана катышууга байланыштуу тобокелдиктер кандайча тескөөгө алынат? | ||||||
23.3.2. Катышуучулар финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелерин жана жол-жоболорун, ошондой эле ага байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди түшүнүүсүн камсыз кылган каражаттар барбы? | ||||||
23.3.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучунун финансы рыногунун инфраструктурасынын эрежелерин жана жол-жоболорун түшүнбөгөндүгүн көрсөткөн жүрүм-туруму, ошондой эле катышууга байланыштуу тобокелдиктер аныкталган учурда кайсы чараларды көрөт? | ||||||
4-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган жыйымдар, ошондой эле жеңилдиктерди белгилөө принциптери жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоого тийиш. | ||||||
23.4.1. Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнчө сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жана жеңилдиктерди сунуштоо саясаты жөнүндө маалыматты эл алдында кантип ачып көрсөтөт? Бул маалымат кандайча ачып көрсөтүлөт? | ||||||
23.4.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана алардын наркынын өзгөрүүсү жөнүндө катышуучуларды жана коомчулукту өз убагында кандай билдирет? | ||||||
23.4.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы акы төлөнүүчү негизде сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баяндалышын сунуштайбы? Бул кызмат көрсөтүүлөрдүн баяндалышы ушул сыяктуу финансы рыногунун инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөрү менен салыштырууга мүмкүндүк береби? | ||||||
23.4.4. Финансы рыногунун инфраструктурасы ал тарабынан колдонулган технологиялар жана билдирмелерди берүү жол-жоболору, ошондой эле финансы рыногунун инфраструктурасынын операциялык чыгымдарына таасир эткен башка факторлор жөнүндө маалыматты ачып көрсөтөбү? | ||||||
5-негизги түшүнүк. Финансы рыногунун инфраструктурасы ушул баа берүүнүн формасы боюнча жоопторду дайыма даярдоого жана жалпыга жарыялоого тийиш. Мындан тышкары, финансы рыногунун инфраструктурасы бүтүмдөрдүн көлөмү жана наркы тууралуу негизги маалыматтарды эң аз дегенде ачып көрсөтүүгө тийиш. | ||||||
23.5.1. Финансы рыногунун инфраструктурасында акыркы жолу баа берүү формасы качан толтурулган? Маалыматтар канча убакытта бир жаңыртылып турат? Финансы рыногунун инфраструктурасында орун алган олуттуу өзгөрүүлөрдөн кийин жана анын чөйрөсүндө маалыматтар ар бир эки жылда жаңыртылып турабы? | ||||||
23.5.2. Финансы рыногунун инфраструктурасы кайсы сандык маалыматтарды эл алдына чыгарат? Бул маалымат канча убакытта бир жаңыртылып турат? | ||||||
23.5.3. Финансы рыногунун инфраструктурасы дагы кайсы маалыматты эл алдына алып чыгат? | ||||||
23.5.4. Бул маалыматты эл алдында кандай ачыкка чыгарат? Ачыкка чыккан маалымат кайсы тилде (тилдерде) сунушталат? | ||||||
Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин аткаруусуна жыйынтыктоочу баа берүү (5, 4, 3, 2, 1) | ||||||
Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр | ||||||
Жетекчи | ___________________ | _______________________ |
|
| (кол тамга) | (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
Башкы бухгалтер | ___________________ | _______________________ |
|
| (кол тамга) | (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
Аткаруучу | ___________________ | _______________________ | _______________________ |
| (кол тамга) | (аты-жөнү) | (телефон) |
|
| "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелерине карата" 9-тиркеме |
Баа берүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
Баа берүү эрежелери 21-бөлүктөн турат жана ал системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын операторлору (катышуучулар, эгерде системанын операторлору Кыргыз Республикасынын резидент эместеринен болуп саналса) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын операторлору үч жылда бир жолу өз системаларынын ишине баа берүү менен анын жыйынтыктарын Улуттук банктын талабы боюнча төмөнкү документтерди (келишимди, операция боюнча эрежелерди, ички ченемдик документтерди, буйрукту ж.б.) тиркөө менен сунуштайт.
Жаңы төлөм системаларынын операторлору системаны каттоодон өткөрүү/лицензиялоо учурунда Улуттук банкка система жана анын ээси тууралуу Улуттук банкка толук маалыматты сунуштоого тийиш.
Улуттук банктын талабынын аткарылышына баа берүү иши системага баа берүүнүн ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
Системага баа берүү жооптуу аткаруучунун, башкы бухгалтердин жана түзүмдүн жетекчисинин кол тамгасы менен ар бир төлөм системасы боюнча өзүнчө толтурулуп, операторлор тарабынан талап боюнча Улуттук банкка сунушталат.
Баа берүүнүн аталышы көрсөтүлгөн тилкеде:
- "Төлөм системасынын аталышы" - системанын тиешелүү аталышы толтурулат (мисалы, айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы, "Элкарт" ж.б.);
- "Төлөм системасынын түрү" - системанын түрү боюнча тиешелүү мааниси көрсөтүлөт (мисалы, система ири төлөмдөр системасына кирет, төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы ж.б.);
- "Төлөм системасынын оператору" - системанын операторунун тиешелүү аталышы толтурулат (мисалы, Улуттук банк, "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК ж.б.);
- "Төлөм системасынын катышуучусу" - системанын катышуучусу тиешелүү аталышы толтурулат, эгерде системанын оператору резидент эмес болсо (мисалы, коммерциялык банктын аталышы ж.б.).
|
| "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелерине карата" 10-тиркеме |
Маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлерине ______________-жылы баа берүүдө СУРООЛОР ТИЗМЕГИ
Кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин аталышы ___________________________________
Кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин ишинин түрү ________________________________
1-сунуш көрсөтмө. Тобокелдиктерди аныктоо жана тескөө. Маалымат технологиялары жана билдирмелерди алмашуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр провайдерине (мындан ары - провайдер) алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тийиштүү олуттуу операциялык жана финансылык тобокелдиктерди аныктоо жана аны тескөө, ошондой эле бул тобокелдиктерди тескөө процессинин натыйжалуулугун камсыз кылуу сунушталган. Провайдер белгилүү бир тобокелдиктер жөнүндө чечимди кабыл алуу жана тобокелдиктерди тескөө максатында, тобокелдиктерди аныктоо жана документ менен тастыктоо, ошондой эле контролдоо каражаттарын колдонуу үчүн натыйжалуу процесстерге жана системага ээ болууга тийиш. Провайдер маалымат коопсуздугу, иштин калыбына келүү жөндөмдүүлүгү жана технологиялык пландаштыруу, ошондой эле анын корпоративдик түзүмүнө, кардарларга болгон мамилесине жана ишкананын үчүнчү жактардан көз каранды болуу менен иш алып баруу жөндөмдүүлүгүнө таасир эткен стратегиялык чечимдерине тиешелүү юридикалык жана ченемдик талаптар менен байланыштуу тобокелдиктерге кабылышы мүмкүн. Аныкталган тобокелдиктерди кыскартуу максатында маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдери өз тобокелдиктерине жана аныкталган тобокелдиктерди эсепке алууда тобокелдиктердин тескөө системасынын шайкештүүлүгүнө кайрадан баа берүүгө тийиш. Тобокелдиктерди аныктоо жана аларды тескөө маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдеринин Директорлор кеңешинин (кеңеши) байкоосунда жүзөгө ашырылууга жана кеңештин тиешелүү мүчөлөрүнө баа берүүнүн жыйынтыктары менен тааныштырган ички аудиттин көз карандысыз бөлүмү тарабынан баа берилүүгө тийиш. Мында, ички аудитти көз карандысыз жана кесипкөй бөлүмүнүн кеңеши тарабынан түзүү болжолдонууда. Аудиттин (мисалы, Ички аудиторлор институту) жүргүзүлүшүн жана тажрыйбасын жөнгө салган кесипкөй уюштуруу принциптерин аткаруу жана тобокелдиктерге, ошондой эле тобокелдиктерди тескөө процесстеринин натыйжалуулугуна жана түзүмүнө, ички контролдуктун каражаттарына көз карандысыз баа берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн ички аудит бөлүмүнүн ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Мындан тышкары, ички аудит бөлүмү өз баа берүүлөрүнүн жыйынтыктары менен кеңештин тиешелүү мүчөлөрүн тааныштырууга тийиш. | |||
Кеңири маалымат | |||
| Маанилүү суроолор | Провайдердин баа берүүсү | Провайдердин баа берүүсү |
| Ишканада тобокелдиктерди тескөө системасы: |
|
|
| 1.1. Кызмат көрсөтүүлөр провайдери (мындан ары - провайдер) тобокелдиктерди (операциялык, финансылык жана кадр тобокелдиктерин кошо алганда) идентификациялоонун жана документтештирүүнүн кандай процесстерине жана системаларына ээ? Өз процесстери жана системалары аркылуу провайдер тарабынан тобокелдиктердин кайсы түрлөрү идентификацияланган жана документ түрүндө таризделген? |
|
|
1.2. Провайдер тобокелдиктерди тескөөнүн кайсы процесстерине жана системаларына ээ? Провайдер өзүнө калган тобокелдиктерди алууда кандай чечим кабыл алат? | |||
1.3. Провайдер идентификациялык тобокелдиктерди жоюу учурунда тобокелдиктерди тескөө системасынын жетиштүүлүгүнө жана өз тобокелдиктерине кайра баа берүүнү кандайча жүргүзөт? Ушул сыяктуу кайра баа берүүлөр канча убакытта бир өткөрүлүп турат? | |||
1.4. Провайдер кандайдыр бир укуктук же жөнгө салуучу талаптарды же талаптардагы өзгөрүүлөрдү кандайча жөнгө салат? | |||
1.5. Провайдер пайдалануучулардын өз ара мамилелерине тийиштүү тобокелдиктерине кандайча баа берет? | |||
1.6. Провайдер жалпы коммерциялык тобокелдикке жана финансылык абалга баа берүүнү кошо алганда, чечимди стратегиялык көз караштан кабыл алуу боюнча өз процессине тобокелдиктерди тескөө процессин кандайча киргизет? | |||
Үчүнчү жактан көз карандылыгы: | |||
1.7. Провайдер кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган үчүнчү жактардан көз каранды болгон тобокелдиктерди кандайча идентификациялайт жана контролго алат? | |||
1.8. Провайдер тарабынан аткарылып жаткан операциялардын коопсуздугу, ишенимдүүлүгү жана туруктуулугу үчүнчү жактардын көз карандылыгынан улам төмөндөтүлбөгөндүгүн кандайча аныктайт? | |||
1.9. Провайдер, үчүнчү жактардан көз каранды болгондон улам келип чыккан операциялардын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун алгылыксыз төмөндөшүн кандайча жөнгө салат/четтетет? | |||
Ишканада тобокелдиктерди тескөө системасын контролдукка алуу: | |||
1.10. Тобокелдиктерди идентификациялоодо жана тескөөдө провайдер тарабынан тескөөнүн кандай механизмдери колдонулат? Провайдер тарабынан өз ишканасында тобокелдиктерди тескөө жагында жоопкерчиликтин жана отчет берүүнүн кандай линиялары колдонулат? Ички аудиттин функцияларынын натыйжалуулугуна канча убакытта бир текшерүү жүргүзүлөт? | |||
1.11. Провайдердин башкаруу органы ишканада тобокелдиктерди тескөө системасына текшерүүнү кандайча жүзөгө ашырат? | |||
Ички аудиттин функциясы: | |||
1.12. Провайдер көз карандысыз жана кесипкөй аудиттин функциясын кандайча аткарат? Ички аудиттин функциясы аудитти башкаруунун эл аралык кабыл алынган тажрыйбасынын кандай формасын колдонот? | |||
1.13 Ички аудиттин функциясы тарабынан башкаруу органына өз корутундуларын билдирүүдө отчеттун кандай механизмдери колдонулат жана бул жөнгө салуучуга же кураторго зарылбы? | |||
Аткарылгандыгы боюнча баа берүү (5, 4, 12, 1) | |||
Түшүндүрмөлөр/сунуш көрсөтмөлөр | |||
2-сунуш көрсөтмө. Маалымат коопсуздугу. Провайдерге маалыматтын купуялуулугун жана бүтүндүгүн камсыз кылуу, ошондой эле финансы рыногунун инфраструктурасы менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткаруу максатында жетишерлик ресурстарды бөлүп берүү, тиешелүү принциптерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу, колдонуу сунушталат. Провайдер тобокелдиктерди туура тескей турган маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишенимдүү системага ээ болууга тийиш. Мындай система маалыматты санкцияланбаган жайылтуудан коргоо жана маалыматтын толуктугун сактоо жана кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн ишенимдүү принциптерге жана жол-жоболорго негизделүүгө тийиш. Провайдер белгиленген маалымат коопсуздугунун эрежелерин аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн принциптерди жана жол-жоболорду аныктоого тийиш. Ошондой эле система өткөрмө жөндөмдүүлүгүн пландаштыруу принциптерин жана өзгөрүүлөрдү башкаруу ыкмаларын камтууга тийиш. Айрыкча, маалымат коопсуздугунун иштешине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландаштырган провайдер, андагы өзгөрүүлөрдүн кесепеттерине баа берүүгө тийиш. | |||
Кыскача маалымат: | |||
| Маанилүү суроолор: | Провайдердин баа берүүсү | Провайдердин баа берүүсү |
| Маалымат коопсуздугунун системасы: |
|
|
2.1. Физикалык жана киберкоопсуздук коркунучтарын четтетүү боюнча чечимдер жана тажрыйбалар жагында жалпы жетекчиликти камсыз кылуу боюнча провайдердин ишканасында маалымат коопсуздугунун кайсыл системасы иштейт? Көрсөтүлгөн система төмөнкүлөргө тиешелүү принциптерди жана жол-жоболорду камтыйт: а) кулуялуулук, аныктык жана жетишерлик категориялары боюнча активдерди (системаны жана кызмат көрсөтүүлөрдү) бөлүштүрүү; б) ички жана тышкы коркунучтарды туруктуу идентификациялоо; в) аныкталган тобокелдиктерди жана кемчиликтерди төмөндөтүүгө багытталган коопсуздук боюнча контролдук каражаттарын тандап алуу, ишке ашыруу жана документештирүү, ошондой эле г) тобокелдиктерди тескөө жагында бардык иш-чараларды тиешелүү контролдукка алуу? | |||
2.2. Провайдер өзүнүн саясий иш-чараларына жана жол-жоболоруна эл аралык, улуттук жана өнөр жай стандарттарына кандайча киргизет? | |||
2.3. Провайдер тарабынан анын маанилүү кызмат көрсөтүүлөрү боюнча маалымат коопсуздугунун кандай тобокелдиктери аныкталган? | |||
2.4. Провайдердин башкаруу органынын сунуштоочунун маалымат коопсуздук системасындагы катышуу деңгээли кандай? Башкаруу органы системаны кайра карап чыгууда жана бекитүүдө түздөн-түз катыша алабы? Башкаруу органы системаны канча бир убакытта кайра карап чыгат? | |||
2.5. Провайдердин башкаруу органы маалымат коопсуздук жагында жетекчиликтин маанилүү ролун жана жоопкерчилик даражасын бекитүүнү кандайча жүргүзөт? | |||
Маалымат коопсуздук жагында принциптер жана жол-жоболор: | |||
2.6. Маалыматтын санкцияланбаган пайдаланылышына жана санкцияланбаган жайылтылышына бөгөт коюу үчүн кандай принциптер жана жол-жоболор колдонулат? Айрыкча: а) логикалык сыяктуу эле, физикалык жактан пайдаланууну кошо алганда, пайдалануучуларга уруксатты берүү жана кайтарып алуу; б) пайдалануучулардын артыкчылыгын мезгил-мезгили менен кайра тастыктап туруу; в) администратордун каттоо жазуусун (же купуялуулуктун жогорку деңгээлине ээ жазууларды) берүү, колдонуу жана аны контролдукка алуу; г) маалыматтын купуялуулугунун бузулушун четтетүү; д) системанын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле; е) санкцияланбаган модификациялоого же маалыматты кыянаттык менен колдонууга, каталарга жоготууларга бөгөт коюу максатында, финансы рыногунун инфраструктурасы үчүн сунушталган программаларга контролдоо каражаттарын киргизүү үчүн кандай принциптер жана жол-жоболор колдонулат? | |||
2.7. Алардын жоопкерчилиги жана милдеттери, анын ичинде маалымат коопсуздук системасы тарабынан белгиленген коопсуздук коркунучтары тууралуу тиешелүү тышкы тараптарды жана бардык кызматчыларды кандайча маалымдайт? | |||
2.8. Маалыматтар түйүндөрдө кайра жиберүү абалында жана провайдердин сактоосунда турган учурларды кошо алганда, анын купуялуулугун, ишенимдүүлүгүн жана жалганга чыгарылгыстыгын камсыз кылуу максатында кандай принциптер жана жол-жоболор колдонулат? | |||
2.9. Маалымат коопсуздугунда орун алган окуялар үчүн жана аны четтетүүгө таасир этүүнүн кандай принциптери жана жол-жоболору колдонулат? | |||
Коопсуздукту сактоодогу контролдук; | |||
2.10. Провайдер коопсуздуктун маалымат системасында талаптардын сакталышын жана коопсуздукту контролго алуунун колдонуудагы каражаттарынын натыйжалуулугун кандайча контролго алат? Ошондой эле, белгиленген принциптер жана жол-жоболор инфраструктура деңгээлинде сыяктуу эле, программанын деңгээлиндегидей санкцияланбаган пайдалануудан коргоого тиешелүү кемчиликтерди сканерлөөнү камтыйбы? | |||
2.11. Провайдердин маалымат коопсуздугунун системасына ички жана тышкы аудит канчалык деңгээлде өткөрүлөт? | |||
2.12. Провайдердин башкаруу органы кандайча жана бир мезгилде каняа жолу коопсуздуктун сакталышын контролго алуу боюнча иштин негизги жыйынтыктарын жаңыртып турат? | |||
Өндүрүш кубаттуулугун тандаштыруу: | |||
2.13. Провайдер өндүрүш кубаттуулугун пландаштыруу жагында кандай принциптерди колдонот? Провайдер финансы рыногунун инфраструктурасынын жана анын катышуучуларынын муктаждыгын канааттандыруу үчүн ресурстардын колдонушун кандайча контролго алат жана жөнгө салат? Провайдер финансы рыногунун инфраструктурасынын катышуучуларынын муктаждыгы өндүрүш кубаттуулугунан арткан учурдагы абалды кандайча жөнгө салат? | |||
2.14. Провайдер тарабынан бир финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан белгиленген көлөмдү жана ылайыгына жараша бир нече аталган инфраструктураны тейлөөдө үстү-үстүнө болжолдонгон көлөмдү иштеп чыгуу үчүн жок дегенде өз потенциалын кайра карап чыгуу, аудит жүргүзүү жана текшерүү кандайча жүргүзүлөт? Провайдер канча убакытта бир жолу ушул сыяктуу иштерди жүзөгө ашырат? | |||
Өзгөрүүлөр менен жөнгө салуу: | |||
2.15. Провайдер тарабынан колдонулган долбоорду жана өзгөртүүлөрдү жөнгө салуу жагында принциптер жана жол-жоболор, провайдердин тигил же бул операцияларынын коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө кокусунан таасир этүүчү өзгөртүүлөрдү киргизген тобокелдиктерди төмөндөтүүгө кандайча өбөлгө түзөт? | |||
2.16. Провайдер тарабынан колдонулган өзгөртүүлөрдү жөнгө салуу принциптери, өзгөртүүлөрдү пландаштыруу жана тестирлөө жол-жоболорун, ошондой эле регрессивдүү жана техникалык тестирлөөнү, коопсуздук системасын текшерүүнү кошо алганда, башкаруу жагында милдеттерди кандайча аныктайт? | |||
2.17. Пайдалануучуларга таасир этүүчү өзгөртүүлөр канчалык деңгээлде финансы рыногунун инфраструктурасы менен макулдашууга жана финансы рыногунун инфраструктурасынын катышуусунда, анын катышуучулары тарабынан тесттен өткөрүүгө туура келет? | |||
Аткарууга жыйынтыктоочу баа берүү (5, 4, 3, 2, 1) | |||
Түшүндүрмөлөр/сунуш көрсөтмөлөр | |||
3-сунуш-көрсөтмө. Ишенимдүүлүк жана туруктуулук. Провайдерге тиешелүү принциптерди жана жол-жоболорду колдонуу, ошондой эле ал тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу сунушталат. Ошондуктан ал тарабынан иштелип чыккан иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу планы система иштен чыккан учурда маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн өз убагында калыбына келтирилишин камсыз кылууга тийиш, анткени бул кызмат көрсөтүүлөр финансы рыногунун инфраструктурасы менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык келүүсү зарыл. Провайдер пайдалануучуларга ишенимдүү кызмат көрсөтүүлөрдү жана финансы рыногунун инфраструктурасына түздөн-түз же ага жана анын катышуучуларына кызматтар көрсөтүлгөндүгүнө карабастан ишти калыбына келтирүү жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Провайдер финансы рыногунун инфраструктурасынын муктаждыгын канааттандырган же андан арткан ишенимдүү иштешин жүзөгө ашырууга тийиш. Бардык операциялык жагдайлар финансы рыногунун инфраструктурасында каттоодон өткөртүлүүгө жана ага, ошондой эле анын ишин жөнгө салган, көзөмөлдөгөн же байкоо салган органына маалымдалууга тийиш. Провайдер жагдайларга дароо талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана алардын кайталанбашына бөгөт коюшу зарыл, анткени ал олуттуу кесепеттерге ээ болушу мүмкүн. Мындан тышкары, провайдер иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу планына ээ болууга тийиш. Бул пландар пландык тестирлөөнү жана иште олуттуу бузулуулар келип чыгышынын тобокелдигине баа берүү үчүн ушул тестирлөөнүн жыйынтыктарынын талдап-иликтөөлөрүн камсыз кылуусу зарыл. | |||
Кыскача маалымат: | |||
| Маанилүү суроолор: | Провайдердин баа берүүсү | Провайдердин баа берүүсү |
| Маалымат коопсуздугунун системасы: |
|
|
Жеткиликтүү, ишенимдүү жана ийкемдүү операциялар: | |||
3.1. Эксплуатациялык даярдык, ишенимдүүлүк жана туруктуулук жагында провайдердин башкы милдеттери кайсылар жана алар кандайча документтештирилген? Бул милдеттер канчалык финансы рыногунун инфраструктурасынын жана ылайыгына жараша анын катышуучуларынын муктаждыгына (же алардан артат) жооп берет? | |||
3.2. Провайдердин принциптери жана жол-жоболору анын милдеттерин жеткиликтүүлүк, ишенимдүүлүк жана туруктуулук жагында кандайча колдойт? | |||
3.3. Провайдер финансы рыногунун инфраструктурасына жана анын катышуучуларына (бул колдонулса) сунушталган операциялардын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун кандайча камсыз кылат? Айрыкча провайдер өз өндүрүш жайларында тобокелдиктердин ар түрдүү профилинин жетишерлик санынын болушун кандайча камсыз кылат? Провайдер табият кырсыктарынан, электр менен кубаттандыруудагы үзгүлтүктөрдөн, персоналдын туура эмес иш-аракеттеринен өз өндүрүш жайларын коргоого алынышын кандайча камсыз кылат? Провайдер резервде турган өндүрүш жайларын узак мезгил ичинде маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн жетишерлик потенциалга ээ болушун кандайча камсыз кылат? | |||
Операцияларга мониторинг жүргүзүү жана жагдайларды четтетүү: | |||
3.4. Провайдер өз операциялык иш-аракеттерине мониторингди кандайча жүргүзөт? Провайдер ишенимдүүлүк жана туруктуулук жагында өзүнүн финансы рыногунун инфраструктурасынын милдеттерине ылайык келүүсүн кандайча контролго алат? Белгиленген процессти документтештирүү жана аны колдоо кандайча жүргүзүлөт? | |||
3.5. Өндүрүштө келип чыккан кесепеттерге идентификациялоону, каттоону, классификациялоону, талдап-иликтөөнү жана контролдукту кандайча жүзөгө ашырат? Көрсөтүлгөн жагдайлар тууралуу жетекчиликке кандайча маалымдалат? Провайдер ушул сыяктуу жагдайлар тууралуу финансы рыногунун инфраструктурасын жана ылайыгына жараша компетенттүү органдарды кандайча маалымдайт? Кризис орун алган мезгил ичинде келип чыккан жагдайларды эскалациялоо процесси кандайча жүргүзүлөт? | |||
3.6. Жагдайларга кыйроодон кийинки талдап-иликтөөлөр кандайча ишке ашырылат? Көрсөтүлгөн процесс жагдайлардын негизги себептеринин идентификацияланышын жана келечекте алардын кайталанбашына жол берилбешин кандайча камсыз кылат? Кыйроодон кийинки талдап-иликтөөлөрдө финансы рыногунун инфраструктурасынын катышуусу кандай? | |||
Бизнестин үзгүлтүксүздүгү; | |||
3.7. Бизнестин үзгүлтүксүздүгү жана иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жагында провайдердин негизги милдеттери кайсылар? Көрсөтүлгөн милдеттер башкаруу органы жана жетекчилик тарабынан кандайча белгиленет? Башкаруу органы белгиленген милдеттерди канча убакытта бир кайрадан карап чытып турат? | |||
3.8. Провайдердин бизнестин үзгүлтүксүздүгү жана иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча планы олуттуу бузулуу орун алган учурларды кошо алганда, тейлөө токтотулган учурда кызмат көрсөтүүлөрдүн өз убагында калыбына келтирилишин кандайча камсыз кылат? Жогоруда белгиленген пландар тейлөө токтотулгандан улам, маалыматтардын мүмкүн болуучу жоголуп кетүү проблемаларын кандайча чечет? | |||
3.9. Финансы рыногунун инфраструктурасынын көрсөтүлгөн процесс учуруна катышуу деңгээли кандай жана провайдер тейлөөнү потенциалдуу токтотуп коюу сценарийин кандайча аныктайт? | |||
3.10. Бизнестин үзгүлтүксүздүгү жана иш жөндөмдүүлүгүнүн калыбына келиши жагында провайдердин пландары киберчабуулдарды кандайча четтетет? Бузулуудан кийин системанын калыбына келүүсүн кошо алганда, киберчабуулдардын таасирин идентификациялоого жана контролдукка алууга белгиленген пландар провайдерге кандайча мүмкүнчүлүк берет? | |||
3.11. Тейлөөнүн токтоп калуусун жөнгө салуу үчүн провайдер кризистик абал орун алган учурда абройду сактап калуу планынын кайсыл түрүн колдонот? Айрыкча, белгиленген план финансы рыногунун инфраструктурасы жана бийликтин компетенттүү органдары менен маалымат алмашуу жана коммуникация жаатында суроо жараткан учурларды кандай чечет? | |||
3.12. Бизнестин үзгүлтүксүздүгү жана иш жөндөмдүүлүгүнүн калыбына келиши жагында провайдер пландарды кандайча жана аны бир мезгил ичинде канча жолу ишке ашырат? Сценарийдин кайсы түрлөрү сыноодон өткөрүлөт жана алар өзүндө киберчабуулдарды камтыйбы? Бизнестин үзгүлтүксүздүгүн модель жагынан сыноодо финансы рыногунун инфраструктурасынын жана анын катышуучуларынын (ылайыгы келсе) катышуу деңгээли канчалык? | |||
3.13. Бизнестин үзгүлтүксүздүгү жана иш жөндөмдүүлүгүнүн калыбына келиши жагында провайдердин планы финансы рыногунун инфраструктурасынын болжолдоолоруна ылайык келишине канча убакытта бир жолу бааланат? | |||
Аткарууга жыйынтыктоочу баа берүү (5, 4, 3, 2, 1) | |||
Түшүндүрмөлөр/сунуш көрсөтмөлөр | |||
4-сунуш-көрсөтмө. Технологиялык пландаштыруу. Провайдерге технологиялар колдонулган бүтүндөй мөөнөт ичинде пландаштыруу, ошондой эле технологиялык стандарттарды тандоо боюнча туура ыкмаларды колдонуу сунушталат. Провайдер жалпы операциялык тобокелдикти минималдаштырууга жана операциялардын эффективдүүлүгүн жогорулатууга түрткү берген эффективдүү технологиялык пландаштырууну жүзөгө ашырууга тийиш. Пландаштыруу - бул колдонулган технологиялардын пайдалануу мөөнөтүн, ошондой эле аларды башкаруу жана кызматтарды көрсөтүүдөн улам, стандарттарды тандоо процессин эске алган маалымат технологиялар жагында комплекстүү стратегиянын болушун түшүндүрөт. Эгерде провайдер өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ниет кылган учурда, ал финансы рыногунун инфраструктурасы, ал эми зарылчылыгына жараша анын катышуучулары менен так жана толук консультацияларды жүргүзүүгө тийиш. Провайдер өз технологиялык пландарына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде ал тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн колдонулган технологияларына жана процесстерине баа берип турууга тийиш. | |||
Кыскача маалымат: | |||
| Маанилүү суроолор: | Провайдердин баа берүүсү | Провайдердин баа берүүсү |
Технологиялык пландаштыруу жагында колдонулган принциптер, жол-жоболор жана башкаруу механизмдери: | |||
4.1. Провайдер тарабынан технологиялык пландаштыруу жагында кандай принциптер, жол-жоболор жана башкаруу механизмдер колдонулат? Аталган принциптер, жол-жоболор жана башкаруу механизмдер технологиянын пайдалануу мөөнөтүн, жаны технологиялык стандарттардын тандалышын кандайча белгилейт? | |||
4.2. Провайдер өз технологиялык тобокелдиктерине баа берүүнү канча убакытта бир жүзөгө ашырат? Белгиленген баа берүүлөрдө тигил же бул технологияларды колдонууга тиешелүү маалымат коопсуздук тобокелдигин кошо алганда, ишенимдүүлүк, туруктуулук тобокелдиги кандайча эске алынат? Финансы рыногунун инфраструктурасына жана анын катышуучуларына потенциалдуу таасир эткен тигил же бул технологиялык тобокелдиктер көрсөтүлгөн баа берүүлөрдө кандайча эске алынат? | |||
Технологиялык өзгөртүүлөрдү башкаруу принциптери, жол-жоболору жана механизмдери: | |||
4.3. Провайдер тарабынан колдонулган технологияларда өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кандай принциптер, жол-жоболор жана механизмдер колдонулат? Көрсөтүлгөн принциптер жана жол-жоболор технологиялардын коопсуздугун жана туруктуулугун колдоо, технологияларды колдонуу версияларын башкаруу боюнча суроо жараткан учурларды кандайча чечет? | |||
4.4. Көрсөтүлгөн башкаруу принциптери, жол-жоболор жана механизмдер провайдердин операциясынын ишенимдүүлүгүнө жана туруктуулугуна потенциалдуу таасир эте турган өзгөртүүлөрдү болтурбоо максатында технологиялардын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди идентификациялоо жана жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн кандайча камсыз кылат? Провайдер технологиялык өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн колдонулган процесстерди сыноодон өткөрүүнү жана ага баа берүүнү бир мезгил аралыгында канча жолу жүргүзөт? | |||
4.5. Провайдер финансы рыногунун инфраструктурасына олуттуу таасир эткен технологияларына кандайдыр бир сунушталган маанилүү өзгөртүүлөрдү суроо жараткан учурлар жагында финансы рыногунун инфраструктурасы жана анын катышуучулары менен консультацияларды кандайча жүргүзөт? | |||
4.6. Тигил же бул технологияларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо учурунда финансы рыногунун инфраструктурасы канчалык деңгээлде ишке тартылат? Мисалы, финансы рыногунун инфраструктурасынын технологиялык өзгөртүүлөрдү тестирлөөдө катышуусу саналабы? | |||
Аткарууга жыйынтыктоочу баа берүү (5, 4, 3, 2, 1) | |||
Түшүндүрмөлөр/сунуш көрсөтмөлөр | |||
5-сунуш-көрсөтмө. Пайдалануучулар менен маалымат алмашуу. Провайдерге, алар тарабынан провайдердин кызмат көрсөтүүлөрү менен байланыштуу тобокелдиктерди тескөө жагында өз ролун жана милдеттерин так түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген жетишерлик маалыматты сунуштоого жана өз пайдалануучулары үчүн ачык-айкындуулукту камсыз кылуу сунушталат. Провайдер кардарлар менен маалымат алмашуу боюнча эффективдүү жол-жоболорду жана процесстерди колдонууга тийиш. Айрыкча, провайдер финансы рыногунун инфраструктурасына, ал эми зарылчылык келип чыккан учурда, анын катышуучуларына колдонулган кызмат көрсөтүүлөр менен байланыштуу өз тобокелдиктеринин тиешелүү деңгээлде тескөөгө алынышын жана тобокелдиктерди тескөө жагында өз ролун жана милдеттерин так түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген толук маалыматты сунуштоого тийиш. Эрежедегидей эле, пайдалануучулар үчүн пайдалуу маалымат башкаруу процесстери жана провайдердин контролдоо каражаттары, ошондой эле ушулардын жыйынтыктарын көз карандысыз текшерүү жөнүндө маалыматты камтыйт. Провайдер коммуникациялар жагында өз жол-жоболорунун жана процесттеринин курамында тобокелдиктердин колдонулбаган же жүргүзүлбөгөн контролдоо каражаттарын кошо алганда, операциялардын бардык техникалык өзгөртүүлөрү маселеси боюнча пайдалануучуларга жана рынокко консультацияларды берүү механизмдерин алдын алууга тийиш. Мындан тышкары, провайдер өз кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоодо операциялык бузулуулар менен келип чыккан кризистик жагдайларда коммуникациянын планына ээ болууга тийиш. | |||
Кыскача маалымат: | |||
| Маанилүү суроолор: | Провайдердин баа берүүсү | Провайдердин баа берүүсү |
Жөнөкөй коммуникация: | |||
5.1. Провайдер тарабынан өз пайдалануучулары менен байланышуу үчүн кандай процесстер жана жол-жоболор колдонулат? | |||
5.2. Провайдер финансы рыногунун инфраструктурасына жана катышуучуларга провайдердин маанилүү кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуусуна байланыштуу тобокелдиктерди тескөөдө жоопкерчилик чараларын жана өз ролун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген маалыматтын кайсыл түрүн сунуштайт? Көрсөтүлгөн маалымат кандай мезгилдүүлүгү менен кайра кароого алынат? | |||
5.3. Провайдер, анын операцияларында маанилүү өзгөртүүлөр боюнча суроолор жагында пайдалануучулар менен байланышууну кандайча жүзөгө ашырат? (2.17, 4.5 жана 4.6. карагыла)? | |||
5.4. Операциялык, финансылык жана кадрлар маселесине тиешелүү тобокелдиктерди кошо алганда провайдер өз пайдалануучуларына тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөндүгү тууралуу кандайча маалымдайт? | |||
Консультация жүргүзүү механизмдери: | |||
5.5. Провайдер тарабынан пайдалануучуларга жана зарылчылык келип чыккан учурда сатып өткөрүү рыногуна консультацияларды берүү үчүн (мисалы, финансы рыногунун инфраструктурасына олуттуу таасир эте турган операцияларда кандайдыр бир техникалык өзгөртүүлөрдү алганда) механизмдердин кайсыл түрү колдонулат (ошондой эле 4.5. карагыла)? | |||
Жагдайлар жана кризистик абал жөнүндө маалымат: | |||
5.6. Провайдер жагдайлар жөнүндө (зарыл болгон учурда) пайдалануучуларды кандай маалымдайт (ошондой эле 3.5. карагыла)? | |||
5.7. Тейлөө учурунда үзгүлтүктөрдү четтетүү максатында провайдер кризистик абал орун алган мезгилде абройду сактап калуу боюнча кайсыл планды колдонот? Белгиленген план бардык пайдалануучуларды жана кызыкдар тараптарды (ошондой эле 3.11. карагыла) камтыйбы? | |||
Аткарууга жыйынтыктоочу баа берүү (5, 4, 3, 2, 1) | |||
Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: | |||
Жетекчи | ___________________ | _______________________ |
|
| (кол тамга) | (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
Башкы бухгалтер | ___________________ | _______________________ |
|
| (кол тамга) | (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
Аткаруучу | ___________________ | _______________________ | _______________________ |
| (кол тамга) | (аты-жөнү) | (телефон) |
|
| "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелерине карата" 11-тиркеме |
Баа берүүнү толтуруу ЭРЕЖЕСИ
Бул баа берүү эрежеси 5 бөлүктөн турат жана системага баа берүүнү жүргүзүү үчүн маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлери үчүн багытталган.
Маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлери үч жылда бир жолкудан кем эмес өз системаларынын иштешине баа берүү менен анын жыйынтыктарын Улуттук банктын талабы боюнча төмөнкү документтерди (келишимди, операция боюнча эрежелерди, ички ченемдик документтерди, буйруктарды ж.б.) тиркөө менен сунуштайт.
Баа берүүдө ар бир багыт боюнча так маалымат сунушталууга тийиш.
Улуттук банктын талабынын аткарылышына баа берүү иши системага маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдери тарабынан жүргүзүлгөн баа берүүнүн ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
Маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлери системага жаны сервистерди/продукттарды киргизүүдө Улуттук банкты өзүнүн ниети жөнүндө алдын ала маалымдоого жана аталган банкка системага өзгөртүүлөрдүн/толуктоолордун киргизилишин болжолдогон, иштелип чыга турган сервис/продукттарды баяндаган маалыматты тиркөө менен билдирүү жөнөтүлөт.
Баа берүү жооптуу аткаруучунун, башкы бухгалтердин жана түзүмдүн жетекчисинин кол тамгасы менен ар бир төлөм системасы боюнча өзүнчө толтурулат.
|
| "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелерине карата" 12-тиркеме |
Баа берүүгө тиркелүүчү маалыматтын ТИЗМЕСИ
1. Баа берүүгө тиркелүүчү материалдар/документтер төмөнкү багыттар боюнча толук маалыматы камтууга тийиш:
1. Жалпы маалымат
- Системанын оператору жана системанын ээси.
- Системаны багытгоо.
- Системанын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук база.
- Иш регламенти, иштөө принциптери.
- Программалык камсыздоо.
- Төлөм системасынын персоналы.
1.1. Системанын түзүмү жана эсептөө.
1.2. Статистика:
- Катышуучулардын (тике, түздөн-түз катышпаган, адистештирилген) саны.
- Бир күн ичинде төлөмдөрдүн/которуулардын орточо саны жана көлөмү.
- Алардын ичинен ири суммага төлөмдөр/которуулар.
- Системада төлөмдөрдүн/которуулардын орточо наркы.
- Төлөмдөрдүн/которуулардын наркынын өлчөмүнүн берүү убактысынан жана төлөмдөрдүн/которуулардын өлчөмүнөн көз карандылыгы.
- жана башкалар.
1.3. Кошумча маалымат:
1.3.1. Төлөмдөрдү/которууларды кабыл алууда баш тартуу себептери:
- ката документтер же толук эмес реквизиттер;
- лимиттин артышы;
- ж.б.
1.3.2. Претензиондук ишти жүргүзүү тартиби.
1.3.3. Төлөм системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү же өркүндөтүү боюнча пландар.
2. Финансылык тобокелдиктердин ачык-айкындуулугу жана анын мааниси.
2.1. Финансылык тобокелдиктер жагында колдонулган принциптер, эрежелер жана жол-жоболор.
2.2. Суроолордун баяндалышы:
- система ишинин тактыгы жана толуктугу.
- Тобокелдиктерди тескөө.
- Системадан катышуучулардын пайдалана алуу мүмкүнчүлүгү.
- Оператордун жана катышуучулардын эркин иш алып баруусу, укуктары жана милдеттери.
- Штаттан тышкаркы жагдайларда чечимдерди кабыл алуу.
- Алардын иш алып баруусуна мониторингди жүргүзүү боюнча катышуучуларды даярдоо.
2.3. Тобокелдиктерди тескөө үчүн маалыматтын өз убагында жана толук берилиши.
2.4. Катышуучулардын тобокелдиктерге дуушар болушунун толук түшүнүүсүн камсыз кылган чаралар.
3. Кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлук тобокелдигин тескөө:
3.1. Катышуучулардын финансылык тобокелдиктери.
3.2. Кредиттик тобокелдикти тескөө инструменттери:
- Мүчө катары иш алып баруу эрежелери (капиталга карата талаптар, күрөөнү алдын ала каржылоо ж.б.).
- Төлөмдөрдү кабыл алуу жана алар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү кабыл алуу ортосундагы минималдуу жана максималдуу мөөнөттөр.
- Катышуучулардын бири банкротко учураган учурда алардын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү.
3.3. Ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча инструменттер:
- Кезекке туруу механизмдери.
- Ликвиддүүлүк булактары.
- Бир күндүк кредит.
- Убакыт жана нарк боюнча төлөмдөрдүн агымын бөлүштүрүү.
- Явные или неявные обязательства оператора по обеспечению ликвидности системанын ликвиддүүлүгүн камсыз кылуу боюнча оператордун ачык же ачык эмес милдеттенмелери.
3.4. Жалпы мүнөздөгү инструменттер:
- Эсептердеги жана өз позицияларындагы калдыктар тууралуу маалыматтан катышуучулардын пайдалана алуу мүмкүнчүлүгү.
- Системанын оператору тарабынан мониторинг жүргүзүү.
3.6. Ликвиддүүлүк тобокелдигин жана кредиттик тобокелдикти тескөө себептери.
- Катышуучулар ортосунда чыгымдарды бөлүштүрүү механизми.
- Ликвиддүүлүк тобокелдигин контролго алууга жараша бааларды түптөө.
4. Операциянын акыркы жана кайтарып алынгыс мүнөзү.
4.1. Төлөмдөрдүн/которуулардын ар бир баскычында кайтарып алынгыс боюнча деңгээли.
4.2. Система жана катышуучу-алуучу тарабынан төлөмдөрдү/которууларды кабыл албай коюу шарттары.
4.3. Төлөмдөрдү/которууларды кабыл алуудан баш тартуу тууралуу катышуучунун маалым болушу.
4.4. Ликвиддүүлүк жок болгон учурда күндүн акырында позицияларды жабуу.
4.5. Айыптар же башка санкциялар түрүндө иш регламентине ылайык келишин камсыз кылуу боюнча расмий механизмдер.
4.6. Акыркы эсептешүүнү расмий тастыктоо.
4.7. Каталардын кесепеттерин жоюу.
5. Клирингдик системалар.
5.1. Ар тараптуу өз ара чегеришүүнүн негизинде таза сальдону эсептөө.
5.2. Таза позициялар боюнча эсептешүүлөрдү иштеп чыгуу.
5.3. Клирингдин катышуучуларынын таза позициялары жөнүндө маалымат.
5.4. Катышуучулар тарабынан үстөк ликвиддүүлүктөн коргонуу.
5.5.
Банкротко учураган катышуучунун дебеттик позициясын жабуу.
5.6. Катышуучунун дебеттик позициясын жабуу үчүн күрөө же резервдик фонд.
5.7. Системада ликвиддүүлүктү камсыз кылуу боюнча акыркы инстанция.
5.8. Клиринг системасынын оператору.
5.9. Акыркы эсептешүүнү камсыз кылуу боюнча жол-жоболор жана ликвиддүүлүктү тескөө механизмдери.
5.10. Бир катышуучунун, эки катышуучунун кудуретсиздиги учурунда акыркы эсептешүүнү камсыз кылуу.
6. Эсептешүү активдери
6.1. Эсептешүүлөр үчүн активдер.
6.2. Коммерциялык банктын Улуттук банктын корреспонденттик эсебинде турган каражаттар.
6.3. Эсептешүү банкынын ликвиддүүлүгүнө, кредит берүү жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерийлери.
6.4. Төлөм системасынын катышуучуларын системанын банкротко учурашынан коргоо чаралары.
6.5. Активдердин активдердин башка түрлөрүнө өзгөрүшү.
6.6. Чет өлкө валютасындагы активдер.
7. Коопсуздук жана операциялык ишенимдүүлүк
7.1. Төлөм системасынын коопсуздугунун түзүмү.
7.2. Системанын ишине мезгил-мезгили менен аудит жүргүзүү.
7.3. Системанын абалына документ жүргүзүү.
7.4. Маалыматтарды өткөрүп берүү түйүндөрүнө байланыштуу компьютердик системалардын коопсуздук жана ишенимдүүлүк деңгээлине көз карандысыз текшерүүлөрдү жүргүзүү.
7.5. Программалык модулда операцияларды аткаруунун белгилүү бир ырааттуулугунун бар болушу.
7.6. Күндөлүк маалыматтарды резервге коюу каражаттары.
7.7. Системаны толугу менен калыбына келтирүү боюнча максаттуу деңгээл.
7.8. Иш үзгүлтүксүздүгү:
- Жөнөкөйлүүлүк жана колдонууга ыңгайлуу.
- Система боюнча документтерде үзгүлтүксүздүк механизмдерин чагылдыруу.
- Система боюнча документтерде маалыматтарды жайылтуу жана кризистик башкаруу жол-жоболорун чагылдыруу.
7.9. Кыйроолор орун алган учурда иш жигердүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча пландар.
7.10. Системаны калыбына келтирүү боюнча мезгил-мезгили менен текшерүүлөрдүн орун алышы.
7.11. Акыркы үч жыл ичиндеги статистика
7.12. Системанын коопсуздук жана операциялык ишенимдүүлүгүнүн деңгээли.
7.13. Системанын операторунун жана/же катышуучусунун "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам жагында кардарлардын операцияларына талдап-иликтөө боюнча жыйынтыктардын болушу.
7.14. Төлөмдөрдү өткөрүүгө белгиленген лимиттер же чектөөлөр.
8. Колдонууга ыңгайлуу жана эффективдүүлүгү
8.1. Баа түзүү боюнча расмий саясат.
8.2. Төлөмдөрдү/которууларды өткөрүү мөөнөттөрү.
8.3. Банктардын ассоциациясы жана катышуучулары менен өз ара иш алып баруу.
8.4. Тарифтер боюнча саясаттын механизмдери, жол-жоболору жана чаралары.
8.5. Төлөмдөрдүн/которуулардын толук иштеп чыгуу мөөнөттөрү.
8.6. Сарптоолорго жана пайдага талдап-иликтөө.
8.7. Төлөм системасынын эффективдүүлүгүн өркүндөтүү боюнча чаралар.
8.8. Системанын пайдалануучулары үчүн төлөмдөрдү/которууларды жүргүзүүнүн эффективдүүлүгү жана ыңгайлуулугу.
9. Системадан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгү
9.1. Системадан пайдалана алуу шарттары, эрежелери жана талаптары.
9.2. Төлөм системасынын тике катышуучулары.
9.3. Клирингдик системадан түздөн-түз эмес пайдалануу.
9.4. Катышуучулардын төлөмдөрүн/которууларын жүзөгө ашыруу тартиби жана эрежеси.
9.5. Тарифтер.
9.6. Системадан катышуучунун чыгуусу.
9.10. Катышуу боюнча объективдүү жана жалпыга маалымдалган критерийлер.
10. Системаны жетектөө
10.1 .Жалпы баяндоо.
10.2. Консенсуска жетуүгө багытталган механизмдер.
10.3. Төлөм системасынын операторунун кыска жана орто мөөнөттүк бизнес-пландары.
10.4. Иш жыйынтыгы боюнча отчет.
10.5. Системанын ээси жана жетекчилиги тууралуу маалымат.
10.6. Системадагы өзгөрүүлөр жөнүндө ири чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу.
10.7. Бардык маанилүү принциптерге толук ылайык келүүсүн камсыз кылган пландар.
10.8. Акыркы үч жыл ичинде орун алган проблемалар жана суроолор.
10.9. Ишке ашыруу процессинде турган өзгөртүүлөр жана реформалар.
10.10. Жетектөө механизмдеринин эффективдүүлүгү, отчет берүүсү жана ачык-айкындуулугу.
1. Төлөм системасынын операторлорунун жана катышуучуларынын, электрондук акчаны чыгарган банктардын Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү:
1. Төлөм системасын пайдалануу боюнча талаптарды аткаруу.
2. Улуттук банктын ченемдик документтеринин талаптарын аткаруу.
3. Улуттук банктын коопсуздук талаптарын сактоо:
1) Төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу учурунда купуялуулуктун, бүтүндүктүн, аутентификациялоонун сакталышы;
2) коопсуздук деңгээлинин ишенимдүүлүгү жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу система ишинин үзгүлтүксүздүгү:
- аппараттык каражаттардын жана линия байланыштарынын бузулушуна байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүү (төлөмдөрдү жүргүзүү системасына байланыштуу жабдуулар орнотулган жайларга тиешеси жок адамдардын кирүүсүн чектөө);
- программалык камсыздоодо каталар же анын модификацияланышы менен байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүү;
- электрондук төлөм документинин авторлугунан же аны алуу фактысынан баш тартуу, ошондой эле байланыш каналдары боюнча маалыматтарды өткөрүү учурунда анын жайылтылышы жана бурмаланышы тобокелдиктерин төмөндөтүү;
3) электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү жана банктын ыйгарым укуктуу адамдарынын жеке ачкычтары менен иш алып баруу, ошондой эле аларды сактоо жана колдонуу эрежелерин сактоо.
4. Төлөм документтерин толтурууга карата талаптарды аткаруу:
1) Улуттук банк тарабынан белгиленген төлөм документтеринин форматтарына карата талаптарды аткаруу;
2) төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн жооптуу адамдардын кол тамгаларынын бар болушу;
3) мөөрдүн жана штамптардын так оттискаларынын бар болушу;
4) төлөм документтеринин реквизиттерин толтуруу жана мөөр, штамп жана кол тамга үчүн каралган жерде аларды коюу;
5) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон реквизиттерди толтуруу жана аларды туура толтуруу;
6) төлөм багытынын анын кодуна ылайык келүүсү;
7) төлөм документтеринде корректировкалоочу суюктукту колдонуу жана оңдоолордун, сызылган жерлердин бар болушу/жоктугу.
5. Электрондук төлөм документтерин жүргүзүү учурунда талаптарды аткаруу:
1) төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык реквизиттердин болушу;
2) электрондук төлөм документинин бардык реквизиттери анын кагаз түрүндөгү реквизиттерине дап келүүсү;
3) ар бир төлөм документинде тиешелүү цифралык кол тамгалардын болушу жана анын аныктыгы;
4) төлөм документтеринде дайындалган жооптуу адамдардын жана алардын ишин кайталап аткарган (дублер) адамдардын электрондук цифралык кол тамгаларын колдонуу;
5) электрондук төлөм документтерин өткөрүү учурунда коопсуздуктун талап кылынган деңгээлин сактоо, паролдорду жана жашырын ачкычтарды сактоо;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык электрондук төлөм документтерин сактоо жана резервдик көчүрүү;
7) электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча белгиленген жол-жоболорду аткаруу;
8) электрондук төлөм документтеринин аныктыгын тастыктоо боюнча жол-жоболорду сактоо.
6. Ички ченемдик документтердин сакталышы:
1) төлөм операцияларын жүзөгө ашырууга байланыштуу оператордун иши боюнча так жана толук документтештирилген ички жол-жоболордун болушу.
2) төлөмдү жүргүзө турган кардардын документин кабыл алуудан тартып төлөмдүн жүзөгө ашырылышына жана ал тууралуу кардарды билдирүүгө чейин төлөмдү жүзөгө ашыруу ырааттулугу;
3) төлөмдөрдү кабыл алуу, иштеп чыгуу жана жөнөтүү боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда ар бир кызматкердин жоопкерчилик деңгээли;
4) төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөн же кардардын төлөм нускоосунун талаптарын бузган учурда банктын кардар алдында жоопкерчилиги (башка эсепке чегерүү, төлөмдү жүргүзбөй коюу, сумманын туура эмес көрсөтүлүшү ж.б.);
5) төлөмдөрдү кабыл алуу, иштеп чыгуу жана жөнөтүү боюнча ички контролдуктун жол-жобосу.
6) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы жагында кардарлардын операцияларына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү методикасы.
7. Төлөмдөрдү жүргүзүүдө коопсуздуктун ички талаптарын сактоо:
1) коопсуздук саясаты төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу системасынын мүнөздөмөлөрүнө дал келүүгө жана банктын өзүнүн, Улуттук банктын жана анын кардарларынын талаптарын канааттандыруучу коопсуздуктун зарыл деңгээли менен камсыз кылуу үчүн жетиштүү болууга тийиш;
2) коопсуздук саясаты аппараттык, программалык камсыздоосу менен системадан пайдалануу жана системаны, ички жана тышкы санкцияланбаган иш-аракеттерден анын маалыматтарын коргоо түйүнүнүн контролдугун аныктоого тийиш;
3) жол-жоболордо төлөмдөрдү жүргүзүүгө карата лимиттердин же чектөөлөрдүн тизмеси берилүүгө тийиш.
______________
Эскертүү:
(1) CPSS-IOSCO "Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптери", 2012-жылдын апрель айы.
2014-жылдын 1-сентябрынан тартып Төлөм жана эсептешүү системалары боюнча комитеттин (CPSS) аталышы Төлөмдөр жана рынок инфраструктурасы боюнча комитетке (CPMI) өзгөрүлгөн.