Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 27-октябры № 2021-П-14/59-5-(ПС)
"Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө" жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-февралындагы № 2018-П-14/5-3-(ПС) "Төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө" Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Коммерциялык банктар жана "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК 2022-жылдын 1-февралына чейин "Элкарт" төлөм карттары менен улуттук эсептешүү системасы боюнча камсыздандыруу (камдык) фондун "Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык түзсүн.
6. "Эл аралык төлөм карттары менен эсептешүү системаларын колдонуу менен улуттук валютада эсептешүүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү жөнүндө" 2018-жылдын 11-июлундагы № 2018-Д-142/803-3-4-2 макулдашууга ылайык, эл аралык төлөм карттары менен эсептешүү системасын колдонуу менен улуттук валютада эсептешүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктар тарабынан түзүлгөн камсыздандыруу (камдык) фонду "Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык иштейт.
7. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун, Кыргыз Республиканын коммерциялык банктарын, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин жана "Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
8. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
9. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Боконтаев |