Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 27- октябрындагы № 2021-П-14/59-5-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы №2018-П-14/5-3-(ПС)
Төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө» Убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери женүндө» мыйзамынын 16, 17, 20 жана 68-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамга, мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/8 токтомуна карата «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө» Убактылуу жобо бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, төлөм системасынын операторлорун жана Кыргыз Республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага | Т. Абдыгулов |