Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-январы № 2022-П-13/2-3-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын ички рыногунда аффинаждалган алтын куймаларын сатуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20, 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын ички рыногунда аффинаждалган алтын куймаларын сатуу эрежелери бекитилсин (тиркелет).
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Боконтаев |