Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-январындагы № 2022-П-13/2-3-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын ички рыногунда аффинаждалган алтын куймаларын сатуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Бул Эрежеде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын ички рыногунда жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (алтын өндүрүү жана иштеп чыгуу ишканаларын эске албаганда) аффинаждалган алтын куймаларын (мындан ары - аффинаждалган куймалар) сатуу эрежелери аныкталган.
2. Аффинаждалган алтын куймалар - "Кыргызалтын" ААК тарабынан даярдалган жана маркировкаланган, салмагы 10900 граммдан 13400 граммга чейин, куйманын лигатурдук массасынын кеминде 99,95 пайызы химиялык таза негизги металлдан турган алтын куйма.
3. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (алтын өндүрүү жана иштеп чыгуу ишканаларын эске албаганда) аффинаждалган куймаларды сатуу, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине которуу аркылуу Улуттук банктын борбордук жүгүртүү касса тобу тарабынан нак эмес формада ишке ашырылат.
4. Сатуу баасы Улуттук банк тарабынан ар бир аффинаждалган алтын куймага өзүнчө белгиленет жана ал күнүмдүк негизде Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланып турат.
5. Аффинаждалган куймалар даярдап чыгарган заводдун аффинаждалган куйманын сандык-сапаттык көрсөткүчтөрүн тастыктаган сертификатын, ошондой эле белгиленген формадагы квитанцияны (ушул Эрежеге карата 1-тиркеме) милдеттүү түрдө ага тиркөө менен сатылат.
6. Улуттук банк күнүнө 5 куймадан ашпаган санда аффинаждалган куймаларды сатууну ишке ашырат. Улуттук банк аффинаждалган алтын куймаларын сатууну чектеши мүмкүн.
7. Аффинаждалган куймаларды сатууда милдеттүү түрдө ошол куймаларды сатып алып жаткан адамдын катышуусунда алардын салмагы жана рентген-флюоресценттик анализатордун жардамы менен алтындын сапат белгиси текшерилет. Тараза салмактоодо анын жыйынтыгы көрүнүп тургудай жайгаштырылууга тийиш.
8. Аффинаждалган куймаларды сатууну борборлоштуруп эсепке алуу максатында сатылган куйма жөнүндө маалымат ушул Эрежеге карата 2-тиркемеде белгиленген формага ылайык маалымат базасына киргизилет.
9. Жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында аффинаждалган куймаларды сатуу шарттары жөнүндө маалымат жайгаштырылат.
10. Аффинаждалган куймаларды сатуу операциялары белгиленген күн ичинде ишке ашырылат. Акча каражаттары Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын башкы баракчасында аффинаждалган куймаларды сатуу баасы белгиленген учурдан тартып жумуш күнү саат 12.00дөн кечиктирбестен Улуттук банктын эсебине түшүүгө тийиш.
11. Улуттук банктын тиешелүү эсебине акча каражаттары түшкөндөн кийин аффинаждалган куймалар төмөнкүлөргө берилет:
- төлөм тапшырмасынын жана инсандыгын күбөлөндүргөн документтин (паспортун) негизинде жеке адамдарга;
- төлөм тапшырмасынын, ишеним каттын (юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документтердин) жана ишеним берилген адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин (паспортун) негизинде юридикалык жактарга.
12. Аффинаждалган куймалар Улуттук банктын эсебине акча каражаттары түшкөндөн кийин ошол эле күнү саат 15.00дөн кечиктирбестен берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын ички рыногунда аффинаждалган алтын куймаларын сатуу эрежелерине карата 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 20___-жылдын "___" _______________ |
Аффинаждалган алтын куймаларын сатуу боюнча № ________ КВИТАНЦИЯ
Катар № | Куйманын массасы, г | Куйманын номери | Саны, даана | Бир даанасы үчүн баа, сом | Бардыгы, сом |
1 | |||||
2 | |||||
3 | |||||
4 | |||||
5 | |||||
Жыйынтыгында |
Суммасы ___________________________________________________________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Сатып алуучу тууралуу маалымат: ______________________________________________________________
(инсандыгын тастыктаган документ, ишеним кат)
Сатып алуучу | ____________________________ | _____________________________________________ |
| (кол тамга) | (аты-жөнү) |
|
|
|
Кассир/оператор | ____________________________ | _____________________________________________ |
| (кол тамга) | (аты-жөнү) |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын ички рыногунда аффинаждалган алтын куймаларын сатуу эрежелерине карата 2-тиркеме |
Сатылган аффинаждалган куймалар боюнча МААЛЫМАТ БАЗАСЫ
1 | Жеке адамдын аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы, жеке адамдын паспорттук маалыматтары/юридикалык жактын ишеним каты боюнча өкүлү, ишеним каттын реквизиттери ж.б. | |
2 | Баалуу металлдардын аталышы | |
3 | Аффинаждалган куйманын номери | |
4 | Аффинаждалган куйманын металлынын жана сапат белгисинин дал келиши (атайы жабдууда текшерүү) | дал келет/дал келбейт |
5 | Аффинаждалган куйманын жалпы көрүнүшүн текшерип карап чыгуу (куйманын капталдары, бети тегиз экендигин, чийилип кетпегендигин карап чыгуу) | |
6 | Аффинаждалган куйманын маркировкасынын дал келиши (тамга жана сан түрүндө белгилердин дал келиши) | дал келет/дал келбейт |
7 | Аффинаждалган куйманын айкын салмагы грамм түрүндө |