Загрузка документа…
Көңүл буруңуз!
Токтом 2022-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-апрели № 2022-П-14/25-3-(ПС)
"Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобо бекитилсин (кошо тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
2) 2016-жылдын 27-октябрындагы № 43/7 "Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө";
3) 2017-жылдын 24-февралындагы № 7/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө";
4) 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
5) 2018-жылдын 14-февралындагы № 2018-П-14/5-5-(НПА) "Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
6) 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-14/9-4-(ПС) "Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
7) 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-4-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
8) 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 2020-П-14/66-5-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө".
3. Ушул токтом менен бекитилип жаткан "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобонун 2022-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире турган 63-пунктун эске албаганда, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялагандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, эл аралык электрондук акча системаларын тааныштырсын.
6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу: | З.Чокоев |