Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы
2022-жылдын 20-апрели № 2022-П-14/25-3-(ПС)
токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-марты № 15/6
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-октябрындагы № 43/7, 2017-жылдын 24-февралындагы N 7/1, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын:
- 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу;
- 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 65/2 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө".
3. Төлөм системасынын банк - электрондук акча эмитенти менен "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык келишим түзбөгөн операторлору электрондук акчага байланыштуу ишин 2016-жылдын 1-июнунан тартып токтотушсун.
3-1. Эл аралык электрондук акча системасынын операторлору/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенттери Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды колдонуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн өз ишин ушул токтомго ылайык келтирүүгө жана 2017-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өтүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/1 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Документ менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен иштеп жаткан коммерциялык банктарды, төлөм системасынын операторлорун жана эл аралык электрондук акча системасын тааныштырсын.
8. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |