Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-майы № 319
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
1-берене.
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, № 11, 683-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 7-берененин үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Райондордун мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен ар бир категориянын алкагында мугалимдердин эмгек акысына кошумчаларды белгилеши мүмкүн".
2. 8-берененин экинчи бөлүгүндөгү "Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен" деген сөздөр "Райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен " деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 11-берененин экинчи бөлүгүндөгү "областка баш ийген" деген сөздөр "областтык маанидеги" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "дача участогун" деген сөздөр "жер участогун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|