КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-июлундагы № 484 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июну № 341
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрдагы № 635 "Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттин катышы болгон акционердик коомдордун акцияларын фондулук биржада жүгүртүү боюнча мамлекеттик органдардын координацияланган иштерин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрдагы № 635 "Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункттагы "Мамлекеттин үлүштүк катышы бар акционердик коомдордун акцияларын фондулук биржада жүгүртүү боюнча иштерди жүргүзүү" позициясындагы "Жооптуу аткаруучулар" графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Маммүлккомитети, Финкөзөмөл кызматы, баалуу кагаздар рыногундагы соода-сатыкты уюштуруучулар (макулдашуу боюнча)".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |