КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-июлу № 484
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринде каралган иш-чаралардын бирин-бири кайталоосун болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы №635 "Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
Премьер-министр | И.Чудинов |