Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-ноябры № 532
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кызыл-Кыя, Ала-Бука, Сузак, Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя, Ала-Бука, Сузак, Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
1 | Кызыл-Кыя шаардык | Сулайманов Сабыржан ("Өнүгүү Прогресс" деп. фракциясы) | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 18, 22.09.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
2 | Көк-Серек айылдык | Тоялиева Санталат Батыровна | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 18, 30.10.2017-ж. |
3 | 1-Май айылдык | Касымов Алмазбек Абдыманапович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 19, 30.10.2017-ж. |
Сузак району | ||||
4 | Таш-Булак айылдык | Абдукадиров Абдумарип Махмутович | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 72, 08.11.2017-ж. |
Токтогул району | ||||
5 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык | Бекишов Абдыбек Дүйшебекович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 41, 03.11.2017-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
6 | Дөбөлү айылдык | Бектемиров Авас Турдубаевич | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 13, 02.11.2017-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаардык | ||||
1 | Кызыл-Кыя шаардык | Каарова Азада Маматовна ("Өнүгүү Прогресс" деп. фракциясы) | Пенсионер | № 18, 22.09.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
2 | Көк-Серек айылдык | Шабаев Ныязбек Рысбекович | "KAZ Minerals Bozymchak" ЖЧК, айдоочу | № 18, 30.10.2017-ж. |
3 | 1-Май айылдык | Нурматов Абдикарим Жуманазарович | Айдоочу | № 19, 30.10.2017-ж. |
Сузак району | ||||
4 | Таш-Булак айылдык | Сатвалдиев Шамшидин Розиваевич | Жеке ишкер | № 72, 08.11.2017-ж. |
Токтогул району | ||||
5 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык | Ысыраилов Жумабек Сапардинович | ДЭУ-30, башкы инженер | № 41, 03.11.2017-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
6 | Дөбөлү айылдык | Муталип уулу Бакытбек | Нарын районундагы № 30 кесиптик лицей, улук мастер | № 13, 02.11.2017-ж. |