Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-декабры № 544
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Баткен, Аксы, Кара-Көл, Кара-Суу, Алай жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен, Аксы, Кара-Көл, Кара-Суу, Алай жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 8-декабрындагы № 544 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
1 | Кыштут айылдык | Маматов Арсланбек Абдимиталипович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 47, 22.11.2017-ж. |
2 | Эргешов Азамат Жолбаевич | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | ||
3 | Жороев Замирбек Жумабаевич | Өз арызы | ||
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
4 | Кербен шаардык | Мырзаев Абдырашит Абдыраимович ("Кыргызстан" депутаттык фракциясы) | Өз арызы | № 65, 27.11.2017-ж. |
Кара-Көл шаары | ||||
5 | Кара-Көл шаардык | Жардамов Садык Орозматович ("Энергетик" депутаттык фракциясы) | Өз арызы | № 18, 27.11.2017-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
6 | Кара-Суу шаардык | Козубаев Кутугали Колчакович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" депутаттык фракциясы) | Өз арызы, Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланган | № 50-1, 27.11.2017-ж. |
7 | Нурбаев Кубанычбек Мухитдинович ("Мекеним Кыргызстан" депутаттык фракциясы) | Өз арызы | № 50-2, 27.11.2017-ж. | |
8 | Сары-Колот айылдык | Жунусов Султанбек Таирбекович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 50-3, 27.11.2017-ж. |
9 | Төлөйкөн айылдык | Сулайманов Хатамжан Жоробаевич | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 50-4, 27.11.2017-ж. |
10 | Кызыл-Кыштак айылдык | Маккамбаев Маннабжан Ибрагимжанович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 50-5, 27.11.2017-ж. |
Алай району | ||||
11 | Сары-Таш айылдык | Үсөн уулу Бактияр | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 16, 26.11.2017-ж. |
12 | Кабылан-Көл айылдык | Сатаров Базарбай Пришович | Өлгөндүгүнө байланыштуу | |
13 | Темирмамат уулу Аматбек | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | ||
14 | Үч-Төбө айылдык | Молдоташов Зайирбек Суранбаевич | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | |
15 | Корул айылдык | Алиев Даниэль Ногойбаевич | Өлгөндүгүнө байланыштуу | |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
16 | Кочкорбаев айылдык | Мамедов Шайсмаил Бадырович | Өз арызы | № 14, 25.11.2017-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 8-декабрындагы № 544 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
1 | Кыштут айылдык | Урустомов Равшанбек Мамытович | Жеке ишкер | № 47, 22.11.2017-ж. |
2 | Атабаев Алмаз Жолдошович | Газ орто мектеби, мугалим | ||
3 | Маматбеков Мамадали Ашымович | Убактылуу иштебейт | ||
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
4 | Кербен шаардык | Мизанов Меңдалы Нурматович ("Кыргызстан" депутаттык фракциясы) | Аксы райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо башкармалыгы, адис | № 65, 27.11.2017-ж. |
Кара-Көл шаары | ||||
5 | Кара-Көл шаардык | Молдомусаев Насыпбек Кубанычбекович ("Энергетик" депутаттык фракциясы) | ДЭУ № 30, контролер | № 18, 27.11.2017-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
6 | Кара-Суу шаардык | Урманов Хабибилла Нематжанович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" депутаттык фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 50-1, 27.11.2017-ж. |
7 | Таиров Рамазан Акылтаевич ("Мекеним Кыргызстан" депутаттык фракциясы) | ОшМУ, студент | № 50-2, 27.11.2017-ж. | |
8 | Сары-Колот айылдык | Бекмурзаев Арзыкул Мусурманкулович | Убактылуу иштебейт | № 50-3, 27.11.2017-ж. |
9 | Төлөйкөн айылдык | Тишабаев Нематулла Абдулазизович | Жеке ишкер | № 50-4, 27.11.2017-ж. |
10 | Кызыл-Кыштак айылдык | Абдулазимов Улугбек Азизуллаевич | КРнын Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Улуттук борбору, эксперт | № 50-5, 27.11.2017-ж. |
Алай району | ||||
11 | Сары-Таш айылдык | Юсупов Аскарбек Бадыевич | Жеке ишкер | № 16, 26.11.2017-ж. |
12 | Кабылан-Көл айылдык | Сыдыков Турдакун Ысакович | Жеке ишкер | |
13 | Жумаш уулу Исланбек | № 25 Э.Мурзаев атындагы орто мектеби, мугалим | ||
14 | Үч-Төбө айылдык | Беделов Сейитбек Жоошбекович | Ош шаардык суу канал ишканасы, электрик | |
15 | Корул айылдык | Камбаров Жыргалбек Аматбекович | С.Дооронов атындагы музыкалык мектеби, мугалим | |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
16 | Кочкорбаев айылдык | Шафиев Рафаил Равильевич | "Гыдырша" дыйкан чарбасы, мүчө | № 14, 25.11.2017-ж. |