Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 551
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ысык-Ата, Москва, Аламүдүн, Чаткал жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата, Москва, Аламүдүн, Чаткал жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы № 551 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
1 | Кант шаардык | Таукенова Марина Владимировна ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" депутаттык фракциясы) | Өз арызы | № 15, 6.12.2017-ж. |
Москва району | ||||
2 | Предтеченка айылдык | Эшмамбет уулу Эрлан | Жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолу келбегендигине байланыштуу | № 33, 22.11.2017-ж. |
3 | Умуркулов Рахат Куванучбекович | Жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолу келбегендигине байланыштуу | ||
4 | Садовое айылдык | Борозенцев Николай Иванович | Кыргыз Республикасынын аймагынан туруктуу жашоо үчүн чыгып кетишине байланыштуу | № 34, 22.11.2017-ж. |
5 | Любимов Александр Григорьевич | Өлгөндүгүнө байланыштуу | ||
Аламүдүн району | ||||
6 | Маевка айылдык | Ханаш Александр Анатольевич | Өз арызы | № 19, 8.12.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Чаткал району | ||||
7 | Терек-Сай айылдык | Ашырбаев Болотбек Сапарбекович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 7, 7.12.2017-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
8 | Самаркандек айылдык | Абдималик уулу Баймат | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 48, 5.12.2017-ж. |
9 | Дара айылдык | Тажибаев Авдижапар Жээнбаевич | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы № 551 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
1 | Кант шаардык | Асанов Зарылбек Аманкулович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" депутаттык фракциясы) | Ысык-Ата аймактык ооруканасы, Неврология бөлүмү, башчы | № 15, 6.12.2017-ж. |
Москва району | ||||
2 | Предтеченка айылдык | Омуркулов Калбек Дутанович | "Чекир-Суу" айыл чарба өндүрүштүк кооперативи, техникалык коопсуздук боюнча инженер | № 33, 22.11.2017-ж. |
3 | Агибаев Замирбек Талайбекович | "Чекир-Суу" айыл чарба өндүрүштүк кооперативи, сүт товар фермасынын башчысы | ||
4 | Садовое айылдык | Дуйшобаев Мениш | ӨКМдин түндүк борбору, диспетчер | № 34, 22.11.2017-ж. |
5 | Хажиметов Мамиржан Сайдахметович | "Бахтияр" дыйкан чарбасы, мүчө | ||
Аламүдүн району | ||||
6 | Маевка айылдык | Дурсунов Бинали Рустамович | Убактылуу иштебейт | № 19, 8.12.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Чаткал району | ||||
7 | Терек-Сай айылдык | Ташболотов Жолдошбек Сапарбекович | А.Чымканов атындагы орто мектеби, мугалим | № 7, 7.12.2017-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
8 | Самаркандек айылдык | Айдаров Улукбек Амирбекович | "Самаркандек Аласан" ишканасынын, башчысы | № 48, 5.12.2017-ж. |
9 | Дара айылдык | Бабаев Абдилашим Мадумарович | Убактылуу иштебейт | |