Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 558
2018-жылдын 28-январындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топтун аккредитация жөнүндө сунушун эске алып, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 28-январындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн тиркемеде көрсөтүлгөн массалык маалымдоо каражаттары аккредитациялансын.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 558 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга аккредитациядан өтүү үчүн документтерин толук тапшырган жалпыга маалымдоо каражаттарынын ТИЗМЕСИ
Басылмалар | |
1 | Общественная независимая газета "Весть" |
2 | "Таш-Көмүр жарчысы" |
Телевидение | |
3 | "НТС" |
4 | "3 Канал" |
5 | "Next TV" |
Радио | |
6 | "Татина" |
7 | "Next FM" |