Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 560
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кадамжай, Лейлек, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл, Сузак, Аламүдүн, Жайыл жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай, Лейлек, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл, Сузак, Аламүдүн, Жайыл жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 560 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
1 | Айдаркен шаардык | Шадиев Жоомартбек Даминович ("Ата-Журт Мекенчил" деп. фракциясы) | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 41, 15.12.2017-ж. |
2 | Шакиров Бекалы Кенжеевич ("Мекеним Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 41, 15.12.2017-ж. | |
3 | Алга айылдык | Мадаминов Руслан Кушкиярович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 42, 15.12.2017-ж. |
4 | Дыканов Жыргалбек Рахманович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 42, 15.12.2017-ж. | |
5 | Айдаров Каныбек Доолатович | Өз арызы | № 42, 15.12.2017-ж. | |
Лейлек району | ||||
6 | Жаңы-Жер айылдык | Тургунова Айнура Абдразаковна | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 60, 25.12.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
7 | Талды-Суу айылдык | Акматов Шайлообек Кадыркулович | Өз арызы | № 14, 21.12.2017-ж. |
Жети-Өгүз району | ||||
8 | Алдашев айылдык | Абдрахманов Данияр Карасартович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 40, 12.12.2017-ж. |
Ак-Суу району | ||||
9 | Боз-Учук айылдык | Алиев Болотбек Эшимбекович | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 24, 7.12.2017-ж. |
Ысык-Көл району | ||||
10 | Темир айылдык | Казакбаев Замир Керимгазиевич | Катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катышпаган | № 123, 25.12.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
11 | Атабеков айылдык | Арапов Иброхим Куватович | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 74, 20.12.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
12 | Ленин айылдык | Джаамбаева Кымбат Тургунбековна | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 20, 21.12.2017-ж. |
Жайыл району | ||||
13 | Сары-Коо айылдык | Огонбаев Эржан Джолдошбекович | Катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катышпаган | № 4, 25.12.2017-ж. |
14 | Жайыл айылдык | Алишеров Замирбек Алтынбекович | Катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катышпаган | № 4, 25.12.2017-ж. |
15 | Кара-Суу айылдык | Алгожоев Роман Кадырбекович | Өз арызы | № 4, 25.12.2017-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
16 | Кароол айылдык | Абдисаламов Жалын | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 131, 18.12.2017-ж. |
17 | Өзгөн шаардык | Ходжиматова Ибодаткан (КСДП деп. фракциясы) | Өз арызы | № 132, 27.12.2017-ж. |
18 | Жоробаев Хайрилло (КСДП деп. фракциясы) | Өз арызы | ||
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 560 токтомунун 2-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
1 | Айдаркен шаардык | Кенжебаев Махсатхон Авазовна ("Ата-Журт Мекенчил" деп. фракциясы) | № 19 "Б.С.Садыков" орто мектеби, мугалим | № 41, 15.12.2017-ж. |
2 | Абдуллаев Азамат Давлетович ("Мекеним Кыргызстан" деп. фракциясы) | № 6 ҮДТ, врач-стоматолог | № 41, 15.12.2017-ж. | |
3 | Алга айылдык | Борубаев Амирбек Рахманкулович | "Борубай" дыйкан чарба, мүчө | № 42, 15.12.2017-ж. |
4 | Козубаева Сардал Жоробаевна | Пенсионер | № 42, 15.12.2017-ж. | |
5 | Алимова Сабахат Абдуманаповна | "Өрнөк" орто мектеби, мугалим | № 42, 15.12.2017-ж. | |
Лейлек району | ||||
6 | Жаңы-Жер айылдык | Эргашев Сулайман | Жеке ишкер | № 60, 25.12.2017-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
7 | Талды-Суу айылдык | Тыйтаков Канатбек Кадырович | Дыйкан чарба, мүчө | № 14, 21.12.2017-ж. |
Жети-Өгүз району | ||||
8 | Алдашев айылдык | Шыгаев Медеркул Дюшеналиевич | Жеке ишкер | № 40, 12.12.2017-ж. |
Ак-Суу району | ||||
9 | Боз-Учук айылдык | Тентиев Чубак Тентиевич | АЧХ боюнча мектептин директорунун орун басары | № 24, 7.12.2017-ж. |
Ысык-Көл району | ||||
10 | Темир айылдык | Садыбакова Атыркул Турсунбаевна | Убактылуу иштебейт | № 123, 25.12.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
11 | Атабеков айылдык | Шарипбеков Арстанбек Бегалиевич | "Тулеке" ЖЧК, директор | № 74, 20.12.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
12 | Ленин айылдык | Гарбузарь Ольга Александровна | Чүй орто мектеби, мугалим | № 20, 21.12.2017-ж. |
Жайыл району | ||||
13 | Сары-Коо айылдык | Сариев Мирлан Онолбекович | "Буденовка" орто мектеби, мугалим | № 4, 25.12.2017-ж. |
14 | Жайыл айылдык | Подпальный Дмитрий Сергеевич | ҮДТ, чарба башчысы | № 4, 25.12.2017-ж. |
15 | Кара-Суу айылдык | Дооронбаев Нурбек Орунбекович | "Атом" күзөт агенттиги, кызматчы | № 4, 25.12.2017-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
16 | Кароол айылдык | Сополов Таирбек Аттокурович | Жеке чарба | № 131, 18.12.2017-ж. |
17 | Өзгөн шаардык | Кахаров Алишер | Жеке ишкер | № 132, 27.12.2017-ж. |
18 | Ахмедов Хосилжан Садыкович | Жеке ишкер | ||