Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-январы № 6
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Токмок, Ат-Башы, Талас жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок, Ат-Башы, Талас жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 16-январындагы № 6 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Токмок шаары | ||||
1 | Токмок шаардык | Жоокаев Данияр Эмилбекович ("Республика-Ата Журт деп. фракциясы") | Өз арызы | № 10, 26.12.2017-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
2 | Ат-Башы айылдык | Жамашев Максатбек Калыгулович | Өз арызы | № 1, 08.01.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
3 | Кызыл-Үнкүр айылдык | Жолдошов Сыргабай Мамираимович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 1, 05.01.2018-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
4 | Талас шаардык | Момунбеков Бектурсун Жылдызович ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы, башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши байланыштуу | № 1, 08.01.2018-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 16-январындагы № 6 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Токмок шаары | ||||
1 | Токмок шаардык | Кальченко Виктор Геннадьевич ("Республика-Ата Журт" деп. фракциясы) | Дыйкан чарба, төрага | № 10, 26.12.2017-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
2 | Ат-Башы айылдык | Осмонов Давлет Эшимбекович | АКБ "Кыргызстан" банкынын "Чатыр-Көл" филиалынын башкаруучусу | № 1, 08.01.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
3 | Кызыл-Үнкүр айылдык | Ускенбаев Алтынбек Тойчуевич | Токой чарба, балчылык | № 1, 05.01.2018-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
4 | Талас шаардык | Карпеков Куттубек Борисович ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | "Фирдаус Трейд" ЖЧК, соода сатык боюнча өкүл | № 1, 8.01.2018-ж. |