Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-январы № 16
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Сузак, Токтогул, Ноокат, Сокулук и Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак, Токтогул, Ноокат, Сокулук и Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 25-январындагы № 16 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
1 | Ленин айылдык | Абдуллаев Эмилбек Садирбекович | Өз арызы | № 75, 22.01.2018-ж. |
2 | Кызыл-Туу айылдык | Матиев Максатбек Ажиматович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 76, 22.01.2018-ж. |
Токтогул району | ||||
3 | Үч-Терек айылдык | Байсабаев Асылбек Бараталиевич | Өз арызы | № 42, 23.01.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
4 | Көк-Бел айылдык | Ташматов Ибрайим Абдилдабекович | Өз арызы | № 28, 28.12.2017-ж. |
5 | Жаңы-Ноокат айылдык | Хайдаралиев Махамадали Шералиевич | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 1, 16.01.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
6 | Жаңы-Жер айылдык | Хизриев Хизри Магомедович | Өз арызы | № 95. 17.01.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
7 | Тепке айылдык | Айтбосунов Азиз Васкеевич | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 26, 5.01.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 25-январындагы № 16 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
1 | Ленин айылдык | Мураталиев Балатай Базарбаевич | А.Тажибаев атындагы орто мектеби, мугалим | № 75, 22.01.2018-ж. |
2 | Кызыл-Туу айылдык | Артыкбаев Канат Эркинович | Жеке ишкер | № 76, 22.01.2018-ж. |
Токтогул району | ||||
3 | Үч-Терек айылдык | Кулманбетов Зыпарбек Бараталиевич | "Мөл-Булак" дыйкан чарбасы, мүчөсү | № 42, 23.01.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
4 | Көк-Бел айылдык | Адимов Адылбек Акматович | Ош аэропорту, коопсуздук кызматынын инспектору | № 28, 28.12.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
5 | Жаны-Жерский айылдык | Курмагомедов Ахмед Нухиевич | Дыйкан чарба, мүчө | № 95, 17.01.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
6 | Тепке айылдык | Джаныбеков Шергазы Дюшенбекович | Каракол токой чарбасы, токойчу | № 26, 5.01.2018-ж. |