Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-февралы № 21
2018-жылдын 28-январында өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-декабрындагы № 13 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31ди түзөт. Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү шайлоо округу жана 17 шайлоо участок түзүлгөн. Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 8 саясий партия катталды, алардын ичинен төмөнкү 4 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: "КСДП" - 33,33% (12 мандат), "ЭлАман" - 21,08% (7 мандат); "Мекеним Кыргызстан" - 19,95% (7 мандат); "Элдик-Народная" - 15,8% (5 мандат). Шайлоочулардын саны 24379ду түзүп, анын ичинен 14722 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 60,39% түзөт.
Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 30-январындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Балта шаардык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 6-февралындагы № 21 токтомуна тиркеме |
2018-жылдын 28-январь КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Чүй облусу Жайыл району
Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ № 21
Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо.
I. 2018-жылдын 28-январь шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди. № 1 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№ | Саясий партиянын аталышы (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | % |
1 | ПП "СОДРУЖЕСТВО НАРОДОВ КЫРГЫЗСТАНА" | 304 | 2,08 |
2 | ПП СДПК "СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЧЕСКАЯ ПАРТИЯ КЫРГЫЗСТАНА" | 4866 | 33,33 |
3 | ПП "РЕСПУБЛИКА" | 532 | 3,64 |
4 | ПП "МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН" | 2913 | 19,95 |
5 | ПП "ЭЛАМАН" | 3078 | 21,08 |
6 | ПП "ЖАКШЫЛЫК-ДОБРО" | 73 | 0,5 |
7 | ПП "ЭЛДИК-НАРОДНАЯ" | 2307 | 15,8 |
8 | ПП "ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС" | 376 | 2,58 |
9 | "Талапкерлердин тизмесинин баардыгына каршы" позициясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | 152 | 1,04 |
№ 2 таблица
1 | Участкалык шайлоо комиссиялары алган шайлоо бюллетендеринин саны |
| |||||
2 | Шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны |
| |||||
3 | Жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин саны |
| |||||
4 | Шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын жалпы саны (5=5а+5б+5в) |
| |||||
5а | Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны |
| |||||
5б | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жарактуу көчмө үкөктөр боюнча) |
| |||||
5в | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жараксыз көчмө үкөктөр боюнча) |
| |||||
6 | Жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендердин саны |
| |||||
7 | Жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны |
| |||||
8 | Жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны (жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендер эске алынбайт, б.а. 6-сап эске алынбайт) |
|
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
№ 3 таблица
1 | Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын аталышы | |
1. ПП "СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЧЕСКАЯ ПАРТИЯ КЫРГЫЗСТАНА" 2. ПП "ЭЛАМАН" 3. ПП "МЕКЕНИМ КЫРЫЗСТАН" 4. ПП "ЭЛДИК-НАРОДНАЯ" | ||
2 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | |
Саясий партиянын аталышы | Депутаттык мандаттын саны | |
1 | ПП "СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЧЕСКАЯ ПАРТИЯ КЫРГЫЗСТАНА" | 12 |
2 | ПП "ЭЛАМАН" | 7 |
3 | ПП "МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН" | 7 |
4 | ПП "ЭЛДИК-НАРОДНАЯ" | 5 |
3 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги ар бир шайланган депутаттарды Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | |
№ | Саясий партиянын аталышы | № | Депутаттын фамилиясы, аты, атасынын аты |
1 | ПП "СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЧЕСКАЯ ПАРТИЯ КЫРГЫЗСТАНА" | 1 | Шекимбаев Тургунбек Айнакулович |
2 | Байсариев Арсен Русланович | ||
3 | Мурадылов Руслан Асанович | ||
4 | Исмаилов Болотбек Сатыбекович | ||
5 | Тохтыев Нурмухамат Элахунович | ||
6 | Шашко Ирина Васильевна | ||
7 | Дуйшенбиев Рустам Аширсултанович | ||
8 | Мурадылов Рустам Асанович | ||
9 | Рыскулбек уулу Нурмат | ||
10 | Сагымбаев Медер Туголбаевич | ||
11 | Сарсембаев Галым Арипжанович | ||
12 | Раманкулов Бакыт Сыргатаевич | ||
2 | ПП "ЭЛАМАН" | 1 | Суюмбаев Таалайбек Бектурович |
2 | Токомбаева Мухаббат Толкуновна | ||
3 | Дакаев Аслан Осмонович | ||
4 | Архипова Ольга Александровна | ||
5 | Эсенбаева Жылдыз Алтымышевна | ||
6 | Айтыкулов Урмат Калыбекович | ||
7 | Дуйшеналиев Мирбек Кубанычбекович | ||
3 | ПП "МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН" | 1 | Токтогулов Айдарбек Сурахматович |
2 | Боромбаев Азимкул Рыскулович | ||
3 | Аалыев Алмаз Аалыевич | ||
4 | Алымкулов Уранбек Бекболотович | ||
5 | Сыйданов Самат Кубанычбекович | ||
6 | Шакирбаев Данияр Баяманович | ||
7 | Эралиев Данияр Айткулович | ||
4 | ПП "ЭЛДИК-НАРОДНАЯ" | 1 | Назарбеков Эрмек Доолотбекович |
2 | Билялова Алмазханум Башировна | ||
3 | Иманбекова Минара Акылбековна | ||
4 | Байдолотова Бермет Бакытбековна | ||
5 | Штрейх Светлана Владимировна |
Протокол 2018-жылдын 30-январь саат 15.30 мүнөттө түзүлдү.
Төрага: | Т.Бешкемпирова | |
Катчы: | Т.Чернова | |
АШК мүчөлөрү: | Н.Алыбаева | |
Л.Акыбаева | ||
А.Шамурзаев | ||
Ж.Джунушалиева | ||
З.Ильгедеева | ||
Г.Исраилова | ||
А.Рыскулова | ||
У.Эсенгулов |