Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-февралы № 24
2018-жылдын 28-январында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 13 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Тоголок-Молдо айылдык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1 шайлоо участогу түзүлгөн. Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 11 мандатка 25 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 2076ны түзүп, анын ичинен 978 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 47,11% түзөт.
Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 31-январындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 6-февралындагы № 24-токтомуна 1-тиркеме |
2018-жылдын 28-январы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Нарын облусу, Ак-Талаа району, Тоголок-Молдо айылдык кеңеши
(облустун, райондун, аймактын аталышы)
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо
I. 2018-жылдын 28-январындагы Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын.
II. Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана № 1, № 2 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
11 мандаттуу Кара-Ой шайлоо округу боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
1 | Абдыжапаров Таалайбек Өкүнович | 327 |
2 | Абдыкадырова Гүлзат Кариловна | 288 |
3 | Акматов Нарынбек Жумагазиевич | 455 |
4 | Бегимкулова Гүлсара Айдаровна | 332 |
5 | Жымыева Жыпаркүл Турдубековна | 370 |
6 | Исмаилов Алмасбек Сатыбалдиевич | 279 |
7 | Исмаилова Назгүл Карыбековна | 336 |
8 | Кадышов Тимурлан Керимбекович | 306 |
9 | Карагулов Кумарбек Сатарович | 212 |
10 | Качкынбаев Эдик Кеминбекович | 273 |
11 | Качкынбай уулу Мунарбек | 261 |
12 | Кулов Таалайбек Тобокелович | 286 |
13 | Кулубаев Алтыбай | 336 |
14 | Курманов Эрнисбек Жакенович | 279 |
15 | Мамбетов Амантур Сапарбекович | 407 |
16 | Осмонов Урмат Асанович | 256 |
17 | Саргожоев Бактыбек Нурдинович | 360 |
18 | Сатындиев Мирбек Декенович | 475 |
19 | Ташматов Мелисбек Аманжанович | 297 |
20 | Таялиев Айбек Асыкбаевич | 318 |
21 | Турдалиева Айнура Токтожумаевна | 331 |
22 | Түрүкбаев Максатбек Сейиткожоевич | 373 |
23 | Шааев Жекшенбек Нурпайысович | 290 |
24 | Шамиев Бактыбек Жамадилович | 317 |
25 | Шергазиев Урмат Аксайбекович | 328 |
26 | Баардыгына каршы | 0 |
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
Шайлоонун натыйжалары боюнча Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттары болуп төмөнкү талапкерлер шайланды (№ 2-таблица)
№ 2 таблица
11 мандаттуу Кара-Ой шайлоо округу боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
1 | Сатындиев Мирбек Декенович | 475 |
2 | Акматов Нарынбек Жумагазиевич | 455 |
3 | Мамбетов Амантур Сапарбекович | 407 |
4 | Түрүкбаев Максатбек Сейиткожоевич | 373 |
5 | Жымыева Жыпаркүл Турдубековна | 370 |
6 | Саргожоев Бактыбек Нурдинович | 360 |
7 | Исмаилова Назгүл Карыбековна | 336 |
8 | Кулубаев Алтыбай | 336 |
9 | Бегимкулова Гүлсара Айдаровна | 332 |
10 | Турдалиева Айнура Токтожумаевна | 331 |
11 | Шергазиев Урмат Аксайбекович | 328 |
Протокол 2018-жылдын 31-январында саат 12-30 мүнөттө түзүлдү.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы | У.Жылтыров | |
Катчысы | А.Илебаева | |
Мүчөлөрү | Б.Бексултанов | |
К.Сатымкулов | ||
А.Секиев | ||
С.Кулманбетова | ||
А.Узакбаева | ||
У.Жангазиев | ||
Ч.Жамадилов | ||
Э.Багышов | ||
К.Шыгаев |