Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-февралы № 28
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Базар-Коргон, Кара-Суу, Алай, Москва, Жумгал жана Кемин аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон, Кара-Суу, Алай, Москва, Жумгал жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 6-февралындагы № 28 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
1 | Кызыл-Үңкүр айылдык | Кадыров Алмазбек Сабирбекович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 2, 29.01.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
2 | Жоош айылдык | Мамадалиев Асилбек Орозалиевич | Өз арызы | № 8, 25.01.2018-ж. |
3 | Савай айылдык | Абдуллаев Кыялбек Давранович | Өз арызы | № 9, 25.01.2018-ж. |
4 | Кашкар-Кыштак айылдык | Жунусов Болотбек Жуспович | Өз арызы | № 10, 25.01.2018-ж. |
Алай району | ||||
5 | Бүлөлү айылдык | Балтабаев Дастан Эркинбаевич | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 1, 30.01.2018-ж. |
6 | Жошолу айылдык | Мирланбек уулу Азизбек | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 1, 30.01.2018-ж. |
7 | Корул айылдык | Ысаков Алайбек Гулжигитович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 1, 30.01.2018-ж. |
8 | Сары-Могол айылдык | Нурмаматов Абдыгапар Абжамилович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 1, 30.01.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
9 | Петровка айылдык | Абдылдабеков Эдиль Джамшитбекович | Өз арызы, башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши байланыштуу | № 36, 11.01.2018-ж. |
Кемин району | ||||
10 | Кемин шаардык | Ибраимова Гульмира Абдыкеримовна (СДПК деп. фракциясы) | Өз арызы | № 1, 02.02.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
11 | Миң-Куш айылдык | Акылбек уулу Самат | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 1, 25.01.2018-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 6-февралындагы № 28 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
1 | Кызыл-Үңкүр айылдык | Кадыров Мейманали Касымович | Кызыл-Үңкүр токой чарбасы, токойчу | № 2, 29.01.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
2 | Жоош айылдык | Усонбаев Жанышбек Мавланбекович | Жеке ишкер | № 8, 25.01.2018-ж. |
3 | Савай айылдык | Кошбаев Санжар Кошбаевич | Кара-Суу райондук маданият үйү, директор | № 9, 25.01.2018-ж. |
4 | Кашкар-Кыштак айылдык | Токобаева Гулуйпа Бокоевна | № 82 А.Эшматов атындагы орто мектеби, мугалим | № 10, 25.01.2018-ж. |
Алай району | ||||
5 | Бүлөлү айылдык | Токтосунов Адилет Туратбекович | Нарматов атындагы орто мектеби, мугалим | № 1, 30.01.2018-ж. |
6 | Жошолу айылдык | Бердиев Таалайбек Шадыевич | Убактылуу иштебейт | № 1, 30.01.2018-ж. |
7 | Корул айылдык | Ташкулов Ныязалы Акжигитович | Убактылуу иштебейт | № 1, 30.01.2018-ж. |
8 | Сары-Могол айылдык | Турдубаев Шерали Савганович | Алымсеитов атындагы орто мектеби, мугалим | № 1, 30.01.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
9 | Петровка айылдык | Мукеев Арсен Шабырбекович | "Таза Петровка" чакан ишканасы, чарба башчы | № 36, 11.01.2018-ж. |
Кемин району | ||||
10 | Кемин шаардык | Ибраимов Рустам Тукаевич (СДПК деп. фракциясы) | Фермер | № 1, 02.02.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
11 | Миң-Куш айылдык | Жапаров Адис Канчороевич | Э.Акматалиев атындагы маданият үйү, башчы | № 1, 25.01.2018-ж. |