Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-февралы № 39
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Араван, Кара-Кулжа, Бакай-Ата, Талас шаардык, Түп, Лейлек, Нарын шаардык жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван, Кара-Кулжа, Бакай-Ата, Талас шаардык, Түп, Лейлек, Нарын шаардык жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 27-февралындагы № 39 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
1 | Мангыт айылдык | Бегматов Ураимбек Сатибаевич | Өз арызы | № 19, 08.02.2018-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
2 | Кеңеш айылдык | Рысбеков Курстанбек Нурмаматович | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 43, 16.02.2018-ж. |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
3 | Ленинполь айылдык | Кообашев Нурбек Кубанычбекович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 7, 13.02.2018-ж. |
Талас шаары | ||||
4 | Талас шаардык | Суйутбекова Эльмира Талантбековна ("Мекеним Кыргызстан" деп. фракдия) | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 5, 26.02.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
4 | Тогуз-Булак айылдык | Ниязов Таалайбек Каныбекович | Өз арызы | № 2, 16.02.2018-ж. |
5 | Ысык-Көл айылдык | Рыскулов Токтосун Темирбекович | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | |
6 | Азамат уулу Адилет | Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | ||
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
7 | Ак-Суу айылдык | Шамшидинов Акмалжон Ахматжонович | Өз арызы | № 61, 16.02;2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
8 | Нарын шаардык | Жусаев Муса Токонович ("Ала-Тоо ынтымагы" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 2, 6.02.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Майлуу-Суу шаары | ||||
9 | Майлуу-Суу шаардык | Айдаралиев Иметбек Маматбекович (СДПК деп. фракциясы) | Өз арызы | № 1, 22.02.2018-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 27-февралындагы № 39 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
1 | Мангыт айылдык | Жороев Камбарали Жалилович | Ветеринар | № 19, 08.02.2018-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
2 | Кеңеш айылдык | Чымынов Эрмамат Суранбаевич | Жайыт комитети, төрага | № 43, 16.02.2018-ж. |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
3 | Ленинполь айылдык | Муратбеков Алмасбек Тотонович | РЭС, диспетчер | № 7, 13.02.2018-ж. |
Талас шаары | ||||
4 | Талас шаардык | Токторбаев Кубан Сейитжанович Талантбековна ("Мекеним Кыргызстан" деп. фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 5, 26.02.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
4 | Тогуз-Булак айылдык | Алиев Нургазы Сансызбаевич | Дыйкан чарба | № 2, 16.02.2018-ж. |
5 | Ысык-Көл айылдык | Байсеркеев Болотбек Алешович | Дыйкан чарба | |
6 | Бейшекеев Бакыт Баишевич | Дыйкан чарба | ||
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
7 | Ак-Суу айылдык | Ахматов Джоробай Бердимуратович | РЭС, контролер | № 61, 16.02.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
8 | Нарын шаардык | Чоробек кызы Айзат ("Ала-Тоо ынтымагы" деп. фракциясы) | НГУ, декандын орун басары | № 2, 6.02.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Майлуу-Суу шаары | ||||
9 | Майлуу-Суу шаардык | Тугелов Алмазбек Калмаматович (СДПК деп. фракциясы) | "МС ЭЛ" ЖЧК, газ-энергетика кызматынын жетекчиси | № 1, 22.02.2018-ж. |