Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-апрели № 75
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука, Тоң жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ала-Бука, Тоң жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука, Тоң жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жыллдын 4-апрелиндеги № 75 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
1 | Ала-Бука айылдык | Ныязбеков Муктарбек Турдукулович | Өз арызы | № 2, 30.03.2018-ж. |
2 | Т.Балтагулов айылдык | Садыков Болотбек Жоробекович | Өз арызы | № 2, 30.03.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
3 | Улахол айылдык | Кулакунов Таласбек Жолдошбекович | Өз арызы | № 3, 30.03.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
4 | Соң-Көл айылдык | Дуйшекеев Мурат Аалиевич | Өз арызы | № 4, 02.04.2018-ж. |
5 | Кочкор айылдык | Абакиров Рахатбек Болотбекович | Өз арызы. Айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 4, 02.04.2018-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жыллдын 4-апрелиндеги № 75 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
1 | Ала-Бука айылдык | Абдумомунов Чынгыз Жумадилович | "Кап Строй Кей Джи" курулуш компаниясы, инженер-логист | № 2, 30.03.2018-ж. |
2 | Т.Балтагулов айылдык | Жумабаев Абдираим Кожобекович | Ала-Бука соцфонду, башкы адис | № 2, 30.03.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
3 | Улахол айылдык | Абдразакова Айым Шарапидиновна | Шор-Булак айылы, ден соолук комитети, катчы | № 3, 30.03.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
4 | Соң-Көл айылдык | Шейшенбек уулу Аязбек | Убактылуу иштебейт | № 4, 02.04.2018-ж. |
5 | Кочкор айылдык | Солтонкулов Тынарбек Анарбекович | Убактылуу иштебейт | № 4, 02.04.2018-ж |