Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-апрели № 82
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Өзгөн жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Өзгөн жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 82 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
1 | Таш-Көмүр шаардык | Калыбеков Абыткан Токтосунович ("Мекеним Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы. Айыл башчысы кызматына дайындалганына байланыштуу | № 2, 05.04.2018-ж. |
Аксы району | ||||
2 | Авлетим айылдык | Жоробеков Мунарбек Ташбаевич | Өз арызы | № 3, 11.04.2018-ж. |
Ала-Бука району | ||||
3 | Ала-Бука айылдык | Атабаев Фарход Абдуллахаевич | Өз арызы | № 3, 12.04.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
4 | Жазы айылдык | Апазов Асан Маманович | Өз арызы | № 4, 11.04.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
5 | Арашан айылдык | Бейшеев Самат Чоробекович | Өз арызы | № 1, 12.04.2018-ж. |
6 | Арашан айылдык | Дрокина Валентина Федоровна | Өз арызы | № 2, 12.04.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 82 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
1 | Таш-Көмүр шаардык | Султанов Асылбек Алимбекович ("Мекеним Кыргызстан" деп. фракциясы) | Муниципалдык менчик департаменти, чарба башчы | № 2, 05.04.2018-ж. |
Аксы району | ||||
2 | Авлетим айылдык | Жапаркулова Лайликан Рысбековна | Жеке ишкер | № 3, 11.04.2018-ж. |
Ала-Бука району | ||||
3 | Ала-Бука айылдык | Парпиев Алымкул Атакулович | "Наристе" балдар бакчасы, чарба иштери боюнча директордун орун басары | № 3, 12.04.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
4 | Жазы айылдык | Акжолов Абдыкадыр Жолдошович | Убактылуу иштебейт | № 4, 11.04.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
5 | Арашан айылдык | Алыпкаштиев Сабырбек Исмаилович | Фрунзе мех. токой чарбасы, күзөтчү | № 1, 12.04.2018-ж. |
6 | Арашан айылдык | Кошокбеков Анарбек Курманбекович | Убактылуу иштебейт | № 2, 12.04.2018-ж. |