Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели № 88
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Чоң-Алай, Таш-Көмүр, Каракол жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай, Таш-Көмүр, Каракол жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 88 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Чоң-Алай району | ||||
1 | Кашка-Суу айылдык | Сейитбекова Нургуль Абибиллаевна | Өз арызы | № 2, 12.04.2018-ж.. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
2 | Таш-Көмүр шаардык | Колоев Тимур Раимбекович ("СДПК" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 3, 16.04.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
3 | Каракол шаардык | Ишембиев Канатбек Абылович ("Табылга" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 2, 18.04.2018-ж. |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
4 | Шекер айылдык | Жунусов Самар Кадырбекович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп дайындалгандыгына байланыштуу | № 4, 23.04.2018-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 88 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Чоң-Алай району | ||||
1 | Кашка-Суу айылдык | Калбаев Турусбек Шермаматович | Дыйкан чарба мүчөсү | № 2, 12.04.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
2 | Таш-Көмүр шаардык | Боронбаев Илязбек Капарович (деп. фракция "СДПК") | Экспедитор | № 3, 16.04.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
3 | Каракол шаардык | Бейшембиев Азамат Бейшембиевич (деп. фракция "Табылга") | БТА банк, Каракол шаардык бөлүмүнүн директору | № 2, 18.04.2018-ж. |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
4 | Шекер айылдык | Суеркулов Аманкул Мамытбекович | Дыйкан чарба | № 4, 23.04.2018-ж. |