Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-майы № 91
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кемин, Токтогул, Чаткал, Майлуу-Суу, Баткен, Ноокат жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин, Токтогул, Чаткал, Майлуу-Суу, Баткен, Ноокат жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-майындагы № 91 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Кемин шаары | ||||
1 | Кемин шаардык | Омурбеков Мирлан Мусабекович ("СДПК" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 17, 18.04.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
2 | Жаңы-Жол айылдык | Рысбеков Айбек Эмильбекович | Өз арызы | № 8, 19.04.2018-ж. |
Чаткал району | ||||
3 | Чаткал айылдык | Кошокбаев Эгемберди | Өз арызы | № 2, 20.04.2018-ж. |
Майлуу-Суу шаары | ||||
4 | Майлуу-Суу шаардык | Батыркулов Аскарбек Нуракаевич ("СДПК" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 3, 23.04.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
5 | Баткен шаардык | Шералиев Махаматгазы Караевич ("Өнүгүү Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 2, 24.04.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
6 | Бел айылдык | Раимбеков Асан Арынович | Өз арызы | № 2, 25.04.2018-ж. |
7 | Жаңы-Ноокат айылдык | Рузалиев Нодирбек Зокиржанович | Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 2, 25.04.2018-ж. |
8 | Т.Зулпуев айылдык | Жуманазаров Мирлан Каныбекович | Мамлекеттик кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 2, 25.04.2018-ж. |
9 | Т.Зулпуев айылдык | Казак уулу Элдар | Мамлекеттик кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 2, 25.04.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
10 | Новопавловка айылдык | Мережко Григорий Николаевич | Соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу | № 9, 27.04.2018-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-майындагы № 91 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Кемин шаары | ||||
1 | Кемин шаардык | Нурсеитов Улан Медетбекович ("СДПК" деп. фракциясы) | Кемин № 1 орто мектеби, дене тарбия мугалими | № 17, 18.04.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
2 | Жаңы-Жол айылдык | Жумалиев Нургалий Кенжетаевич | Саруу дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 8, 19.04.2018-ж. |
Чаткал району | ||||
3 | Чаткал айылдык | Шаршенбек уулу Эрнис | К.Усупбеков атындагы орто мектептин мугалими | № 2, 20.04.2018-ж. |
Майлуу-Суу шаары | ||||
4 | Майлуу-Суу шаардык | Темирбаев Эльдиярбек Курванбекович ("СДПК" деп. фракциясы) | Майлуу-Суу РЭТ, электромонтер | № 3, 23.04.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
5 | Баткен шаардык | Матазимов Исраил Сыдыкович ("Өнүгүү Прогресс" деп. фракциясы) | Баткен электр тармактар ишканасы, айдоочу | № 2, 24.04.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
6 | Бел айылдык | Расулов Максут Ибрагимович | "Абзал" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 2, 25.04.2018-ж. |
7 | Жаңы-Ноокат айылдык | Муталов Махамадобид | "Нозимбай" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 2, 25.04.2018-ж. |
8 | Т.Зулпуев айылдык | Мамасадыков Русланбек Асанбаевич | Кыргызстан банкы, кассир | № 2, 25.04.2018-ж. |
9 | Т.Зулпуев айылдык | Топчубаев Рустам Абдрахманович | "Учбай" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 2, 25.04.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
10 | Новопавловка айылдык | Табалдиев Сүйүнбай Байышович | ОсОО "Неман-Фарм", айдоочу | № 9, 27.04.2018-ж. |