Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 98
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын-Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ош, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Баткен жана Түп аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Баткен жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 15-майындагы № 98 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
1 | Ош шаардык | Маметова Алтынай Сулейманова ("Бир Бол" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 2, 07.05.2018-ж.. |
Кара-Кулжа району | ||||
2 | Кара-Гуз айылдык | Шамшиев Аширбек Турдалиевич | Өз арызы, мектеп директору болуп дайындалган | № 2, 14.05.2018-ж. |
Кара-Суу району | ||||
3 | Шарк айылдык | Алимов Махаматазиз Садикович | Өз арызы | № 10, 11.05.2018-ж. |
Өзгөн району | ||||
4 | Куршаб айылдык | Ташиев Алтынбек Аликович | Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 8, 10.05.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
5 | Кара-Бак айылдык | Исаков Абдулла Абдурашидович | Өз арызы, айыл башчысы болуп шайланган | № 55, 10.05.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
6 | Чоң-Таш айылдык | Жумабекова Жумагул Өмүрбекович | Өз арызы, мектеп директору болуп дайындалган | № 3, 14.05.2018-ж. |
7 | Санташ айылдык | Балтабаев Кенжебек Нурсеитович | Өз арызы | |
8 | Михайловка айылдык | Искакова Назгул Эсенгуловна | Өз арызы, мектеп директору болуп дайындалган | |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 15-майындагы № 98 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
1 | Ош шаардык | Курбаназаров Сейиткасым Алипбекович ("Бир Бол" деп. фракциясы) | Санврач | № 2, 07.05.2018-ж.. |
Кара-Кулжа району | ||||
2 | Кара-Гуз айылдык | Назарбеков Улукман Даниярович | Убактылуу иштебейт | № 2, 14.05.2018-ж. |
Кара-Суу району | ||||
3 | Шарк айылдык | Исмайилов Махаматжан Абдикадирович | "Уста боекчу" кооперативинин | № 10, 11.05.2018-ж. |
Өзгөн району | ||||
4 | Куршаб айылдык | Эшматов Каныбек | "Фонд поддержки образовательных инициатив" координатору | № 8, 10.05.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
5 | Кара-Бак айылдык | Сайфидинов Ильяс Сайфидинович | Убактылуу иштебейт | № 55, 10.05.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
6 | Чоң-Таш айылдык | Жаныбаев Рысбек Аманбаев | Дыйкан чарба | № 3, 14.05.2018-ж. |
7 | Санташ айылдык | Ибраева Шайыр Советбековна | Жеке ишкер | |
8 | Михайловка айылдык | Конурбаев Арслан Ишембекович | Жеке ишкер | |