Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-майы № 99
2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 55 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Токтогул шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Токтогул шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 6 саясий партия катталды, алардын ичинен төмөнкү 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: КСДП - 31,26% (7 мандат); "Мекеним Кыргызстан" - 28,05% (6 мандат); "Өнүгүү-Прогресс" - 15,41% (3 мандат), "Ата-Журт" - 11,45% (3 мандат); "Энергетиктердин" - 7,2% (2 мандат). Шайлоочулардын саны 10819ту түзүп, анын ичинен 5475 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 50,61% түзөт.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине ылайык № 2235, № 2236, № 2237, № 2238, № 2239 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2018-жылдын 13-майындагы протоколдорунун негизинде Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган. Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 16-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына жана Токтогул шаардык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 21-майындагы № 99 токтомуна тиркеме |
2018-жылдын 13-майы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Жалал-Абад облусу, Токтогул району
Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ
Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо:
I. 2018-жылдын 13-майындагы Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицасы тиркелет).
II. Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди. № 1, 2, 3 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№ | Саясий партиянын аталышы (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | Берилген добуштардын % |
1 | "Ата-Журт" мекенчил партиясы" саясий партиясы | 627 | 11,45 |
2 | "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы | 1536 | 28,05 |
3 | "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | 844 | 15,41 |
4 | "Бирик" саясий партиясы | 300 | 5,48 |
5 | КСДП (Кыргызстан социал-демократиялык партиясы) саясий партиясы | 1712 | 31,26 |
6 | "Энергетиктердин" саясий партиясы | 395 | 7,21 |
7 | Талапкерлердин тизмесинин баардыгына каршы | 15 | 0 |
№ 2 таблица
1 | Участкалык шайлоо комиссиялары алган шайлоо бюллетендеринин саны |
| |||||
2 | Шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны |
| |||||
3 | Жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин саны |
| |||||
4 | Шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын жалпы саны (5=5а+5б+5в) |
| |||||
5а | Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны |
| |||||
5б | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жарактуу көчмө үкөктөр боюнча) |
| |||||
5в | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жараксыз көчмө үкөктөр боюнча) |
| |||||
6 | Жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендердин саны |
| |||||
7 | Жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны |
| |||||
8 | Жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны (жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендер эске алынбайт, б.а. 6-сап эске алынбайт) |
|
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
№ 3 таблица
1 | Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын аталышы | ||
1. "Ата-Журт" мекенчил партиясы" саясий партиясы 2. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы 3. "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы 4. КСДП ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы 5. "Энергетиктердин" саясий партиясы | |||
2 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | ||
Саясий партиянын аталышы | Депутаттык мандаттын саны | ||
1 | "Ата-Журт" Мекенчил партиясы" саясий партиясы | 3 | |
2 | "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы | 6 | |
3 | "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | 3 | |
4 | КСДП (Кыргызстан социал-демократиялык партиясы) саясий партиясы | 7 | |
5 | "Энергетиктердин" саясий партиясы | 2 | |
3 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги ар бир шайланган депутаттарды Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | ||
№ | Саясий партиянын аталышы | № | Депутаттын фамилиясы, аты, атасынын аты |
1 | "Ата-Журт" мекенчил партиясы" саясий партиясы | 1 | Касымов Алмаз Рахматиллаевич |
2 | Бадыров Мелис Болотбекович | ||
3 | Жамгырбек кызы Кундуз | ||
2 | "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы | 1 | Дербишев Кубанычбек |
2 | Ашыралиев Эмил Рысбекович | ||
3 | Чалбаева Нурия Сарматовна | ||
4 | Момунов Тимурлан Алымович | ||
5 | Раманкулов Тынчтыкбек Аскарович | ||
6 | Джаныбаева Айнура Омушевна | ||
3 | "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | 1 | Жусупахунов Мирбек Нышанович |
2 | Мейманжанов Султангазы Мамбетказиевич | ||
3 | Бекматова Зина Абылгазиевна | ||
4 | КСДП (Кыргызстан социал-демократиялык партиясы) саясий партиясы | 1 | Калмурзаев Марат Сагынбекович |
2 | Исаков Максат Муктарбекович | ||
3 | Чоюбекова Анархан Сарыпбековна | ||
4 | Доолотбеков Максатбек Кошукеевич | ||
5 | Бактияров Элмурод Эркинбекович | ||
6 | Умарова Курманжан Эрнстовна | ||
7 | Озубеков Аманбек Буркуткалиевич | ||
5 | "Энергетиктердин" саясий партиясы | 1 | Осмонов Талантбек Маматазизович |
2 | Болгонбеков Болот Турдуевич | ||
Протокол 2018-жылдын 16-майында саат 17.00 мүнөттө түзүлдү.
Төрага | Абдыкадыров З. | Токталиева А. |
Катчы | Тургунбаев Э. | Тургуналы к. Г. |
Мүчөлөр: | Абалканов Н. | Усенканова А. |
Жанузакова И. | Мирзаева Э. | |
Жумагулова Б. | Омурбеков С. | |
Жетигенова Ж. | Эсенова А. |