Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-майы № 107
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ош, Өзгөн, Нарын, Балыкчы жана Москва аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош, Өзгөн, Нарын, Балыкчы жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы № 107 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
1 | Ош шаардык | Байзаков Алимжан Топчубаевич ("Бир Бол" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 3, 22.05.2018-ж.. |
Өзгөн шаары | ||||
2 | Өзгөн шаардык | Хоринов Мухаммадайюб Якубжанович ("СДПК" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 9, 15.05.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын | ||||
3 | Нарын шаардык | Курманов Давид Үсөнбекович ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 3, 14.05.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
4 | Балыкчы шаардык | Смадияров Айдарбек Сарбозович (Кыргызстан деп. фракциясы") | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 2, 18.05.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
5 | Чапаев айылдык | Мамырбаев Улан Талипбекович | Өз арызы | № 2, 15.05.2018-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы № 107 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
1 | Ош шаардык | Кулназаров Эрнис Алимбекович ( "Бир Бол" деп. фракциясы) | ЧП "Азем борбору" | № 3, 22.05.2018-ж. |
Өзгөн шаары | ||||
2 | Өзгөн шаардык | Абдурахманов Хатамжан Номанджанович ("СДПК" деп. фракциясы) | "Өзгөн" кооперативи, башчысы | № 9, 15.05.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
3 | Нарын шаардык | Андабеков Нурбек Турдугазиевич ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | Нарын юридикалык колледжи, директор | № 3, 14.05.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
4 | Балыкчы шаардык | Кулова Майрамкуль Эсенбаевна ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | Жеке ишкер | № 2, 18.05.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
5 | Чапаев айылдык | Набиев Уланбек Казбекович | Дыйкан чарба | № 2, 15.05.2018-ж. |