Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 121
2018-жылдын 5-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы ПЖ № 133 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.А.Конурбаевге жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 14-июнундагы № 121 токтомуна тиркеме |
Баткен облусу
Кадамжай району
Майдан айылдык кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча округдарынын схемалары
Кара-Жыгач шайлоо округу, (8110) мандаттын саны - 6
Борбору: Кара-Жыгач айылдык клубунун имараты
Шайлоочунун саны - 1959
Чек аралары: Кара-Жыгач, Кара-Кыштак айылдары толугу менен кирет.
Көчөлөрү Кара-Жыгач, Кошбаков Тешебай, Мамасыдыков Асан, Жолдошов Шерикбек, Ташполотов Курсан, Галымбетов Али, Акматов Батыр, Темирбаев Акматали, Молдо Тойкул, Шава сай, Сулайманов Ташбалта, Кудайбердиев Турду, Топчубаев Кудайкул, Эргешов Абдыкалык, Полотов Абдирашит, Шермаматов Рахматилла, Мааназаров Гапыр, Турдукулов Эрмек.
Майдан шайлоо округу (8111) мандаттын саны - 6
Борбору: "Исфайрам" атындагы орто мектебинин имараты
Шайлоочунун саны - 1866
Чек аралары: Майдан, Пум айылдары толугу менен кирет.
Көчөлөрү: Кудайназаров Амиракул, Шамбы сай, Топчубаев Жамшут, Исаков Катан, Байматов Тургунбай, Примов Абдурасул, Садыков Эшман, Дамашов Жумабай, Султанов Суран, Ташмат Амин, Койчиев Талас, Токторов Дурсунали, Молдобаев Закир, Сатыбалдыев Абдималик, Адаев Акматали, Таиров Орунбай, Айылчиев Шамши, Маатов Таир, Жолдошов Камчыбек, Манас Ажы, Молдо Малик, Абдираимов Абдыкадыр, Сексенбаев Эшманбет.
Кароол шайлоо округу (8112) мандаттын саны - 2
Борбору: М.Таиров (Исфайрам) атындагы орто мектебинин имараты
Шайлоочунун саны - 534
Чек аралары: Кароол , Кереге-Таш, Аустам айылдары кирет.
Көчөлөрү: Козуев Мусакул, Бийжанов Анарбай, Мамашукуров Абдилла, Кереге-Таш айылынын № 1, № 2, № 3 көчөлөрү, Жоошов Каразак, Чокоев Эдилбай, Истамов Чила, Нишанов Таштан, Ашуров Тилебалды.
Сары-Алтын шайлоо округу (8153) мандаттын саны - 4
Борбору: "Сары-Алтын" атындагы орто мектебинин имараты
Шайлоочунун саны - 1108
Чек аралары: Бак, Сары-Алтын, Акимбек, Жаны-Абад айылдары кирет.
Сары-Алтын № 1, № 2, № 3, № 4, № 5, № 6, № 7, № 8, № 9, № 10 көчөлөрү, Бак № 1, № 2, № 3, № 4, № 5, № 6, № 7, № 8, Акимбек № 1, № 2, № 3, № 4, № 5, Жаны-Абад № 1, № 2, № 3, № 4, № 5 көчөлөрү.
Исамариям шайлоо округу (8195) мандаттын саны - 3
Борбору: "А.Темирбаев" атындагы орто мектебинин имараты
Шайлоочунун саны - 982
Чек аралары: Кара-Дөбө, Исамариям айылдары толугу менен кирет.
Кара-Дөбө айылынын № 1, № 2, № 3, № 4, № 5, № 6, № 7, № 8, № 9, № 10, № 11, № 12, № 13, № 14 көчөлөрү, Келечек № 1, Келечек № 2, Келечек № 3, Келечек № 4, Келечек № 5, Келечек № 6, Келечек № 7, Исфайрам айылы боюнча № 1, № 2, № 3, № 4, № 5, № 6, № 7, № 8, № 9 көчөлөрү.