Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 124
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бишкек, Сузак, Базар-Коргон, Кара-Суу, Чоң-Алай жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек, Сузак, Базар-Коргон, Кара-Суу, Чоң-Алай жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин. 2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын. 3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын. 4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5.Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2018-жылдын 14-июну
№124 токтомунун 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | ||
Бишкек шаары | ||||||
1. | Бишкек шаардык | Жумалиев Чынгыз Зайнидинович (“Өнүгүү-Прогресс” деп.фракциясы) | Жеке ишкер | №4, 05.06.2018-ж. | ||
Жалал-Абад облусу | ||||||
Сузак району | ||||||
2. | Көк-Жаңгак шаардык | Аширбаев Джиргалбек Асанович (“СДПК” деп.фракциясы) | Жеке ишкер | №7, 31.05.2018-ж. | ||
3 | Таш-Булак айылдык | Эшмуратова Хасиятхан Мадановна | Жеке ишкер |
№3, 07.06.2018-ж. | ||
4 | Мамаев Нурболот Маматназарович | Жеке ишкер | ||||
Базар-Коргон району | ||||||
5 | Акман айылдык | Арыкбаев Максатбек Курбанович | РЭС, инженер | №3, 11.06.2018-ж. | ||
Ош облусу | ||||||
Кара-Суу району | ||||||
6. | Кызыл-Кыштак айылдык | Айтибаев Ислам Миманбаевич | “М.Заиров” дыйкан чарбасынын мүчөсү | №14, 06.06.2018-ж. | ||
Чоң-Алай району | ||||||
7 | Чоң-Алай айылдык | Саитов Апызбек Абсаламович | Спорт мектеби, тренер | №4, 04.06.2018-ж. | ||
Нарын облусу | ||||||
Нарын району | ||||||
8. |
Учкун айылдык | Апсалиева Гүлайым Ташболотовна | Дыйкан чарбанын мүчөсү |
№3, 06.06.2018-ж.. | ||
9. | Осмоналиев Жумабек Жусупович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | ||||
10 | Мокеев Жетиген Чортонович | Убактылуу иштебейт | №4, 11.06.2018-ж. | |||