Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-июну № 127
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ноокен, Ат-Башы, Алай, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен, Ат-Башы, Алай, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 19-июнундагы № 127 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
1 | Кочкор-Ата шаардык | Масиров Кеңешбек Ногойкулович (Республика - Ата-Журт деп. фракциясы) | Өз арызы | № 3, 13.06.2018-ж. |
2 | Достук айылдык | Бекибаев Алтынбек Равшанбекович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 2, 13.06.2018-ж. |
3 | Масы айылдык | Жусупбеков Бактыбек Артыкбаевич | Депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу | № 1, 13.06.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
4 | Кара-Коюн айылдык | Илиязов Бактыбек Абдыминович | Өз арызы | № 15, 13.06.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
5 | Алай айылдык | Карыбеков Сталбек Ыбраимович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 5, 14.06.2018-ж. |
6 | Коңур-Дөбө айылдык | Бегматов Базарбай Кочкорович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 5, 14.06.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
7 | Барскоон айылдык | Бейшеева Жыпаркүл Касирдиновна | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 6, 15.06.2018-ж. |
Ысык-Көл району | ||||
8 | Абдрахманов айылдык | Исмаилов Эрмат Шаршембиевич | Өз арызы | № 6, 14.06.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 19-июнундагы № 127 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
1 | Кочкор-Ата шаардык | Ажибаева Калыскан (Республика - Ата-Журт деп. фракциясы) | Кочкор-Ата шаарынын, III кварталынын башчысы | № 3, 13.06.2018-ж. |
2 | Достук айылдык | Бекбаев Зафарбек Намазбекович | РЭС, электромонтер | № 2, 13.06.2018-ж. |
3 | Масы айылдык | Омуралиев Нургазы Исмаилович | Жеке ишкер | № 1, 13.06.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
4 | Кара-Коюн айылдык | Айыпов Бейшенбек Жумабекович | А.Искендеров атындагы орто мектеби, завхоз | № 15, 13.06.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
5 | Алай айылдык | Өмүрөв Анарбек Токтомаматович | Иштебейт | № 5, 14.06.2018-ж. |
6 | Коңур-Дөбө айылдык | Асанов Нурпазыл Тополонович | Жеке ишкер | № 5, 14.06.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
7 | Барскоон айылдык | Элебесов Алтынбек Жакыпович | "Тарылга-Сервис" ЖЧК, директорунун орун басары | № 6, 13.06.2018-ж. |
Ысык-Көл району | ||||
8 | Абдрахманов айылдык | Шаршембиев Айбек Семетеевич | Дыйкан | № 6, 14.06.2018-ж. |