Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-июлу № 152
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Токтогул, Панфилов жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Токтогул, Панфилов жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 152 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
1 | Ак-Чий айылдык | Жусупжанов Азизбек Мухтарбекович | Өз арызы | № 4, 03.07.2018-ж. |
Кочкор району | ||||
2 | Кара-Суу айылдык | Талантбек уулу Жылдызбек | Өз арызы | № 9, 11.07.2018-ж. |
3 | Кочкор айылдык | Базаров Акжолтой Сүйүнтбекович | Өз арызы | № 9, 11.07.2018-ж. |
4 | Ак-Кыя айылдык | Турдубеков Тилек Рысбекович | Өз арызы. Айыл өкмөт башчы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 9, 11.07.2018-ж. |
Жумгал району | ||||
5 | Чоң-Дөбө айылдык | Карыпбаев Урмат | Өз арызы | № 7, 13.07.2018-ж. |
6 | Чоң-Дөбө айылдык | Азисбек уулу Дыйканбек | Өз арызы | № 7, 13.07.2018-ж. |
7 | Чоң-Дөбө айылдык | Абакиров Кайырбек | Өз арызы | № 7, 13.07.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
8 | Токтогул шаардык | Болгонбеков Болот Турдуевич ("Энергетиктер" деп. фракциясы) | Өз арызы. Мэр кызматына шайлангандыгына байланыштуу | № 15, 16.07.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
9 | Курама айылдык | Казакбаева Бактыгуль Артыкбаевна | Өз арызы. Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 5, 16.07.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
10 | Т.Зулпуев айылдык | Акматжанов Алимжан | Өз арызы | № 5, 18.07.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 152 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
1 | Ак-Чий айылдык | Искендеров Болот | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 4, 03.07.2018-ж. |
Кочкор району | ||||
2 | Кара-Суу айылдык | Чодуев Мухамбетөмүр Мамбетжумаевич | Бала бакча, кароолчу | № 9, 11.07.2018-ж. |
3 | Кочкор айылдык | Астраханов Мыктыбек Зарлыкович | К.Кыдыралиев атындагы орто мектеп, чарба башчысы | № 9, 11.07.2018-ж. |
4 | Ак-Кыя айылдык | Сапаров Марлис Турдакунович | Сантехник | № 9, 11.07.2018-ж. |
Жумгал району | ||||
5 | Чоң-Дөбө айылдык | Абакиров Атаназ Алтымышович | ГП "Кара-Кече", механизатор | № 7, 13.07.2018-ж. |
6 | Чоң-Дөбө айылдык | Дооронбеков Кубанычбек Батырканович | Убактылуу иштебейт | № 7, 13.07.2018-ж. |
7 | Чоң-Дөбө айылдык | Курманалиева Айтбүбү Баркыжоковна | Тыналы атындагы орто мектептин мугалими | № 7, 13.07.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
8 | Токтогул шаардык | Оргараева Нурзада Райымкуловна ("Энергетиктер" деп. фракциясы) | Жеке ишкер | № 15, 16.07.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
9 | Курама айылдык | Абдыкалыков Адилет Джалилович | ОсОО "Темо Груп", директор | № 5, 16.07.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
10 | Т.Зулпуев айылдык | Сатыбалдыев Рахматила Сулайманович | "Сулайман-2" дыйкан чарбасынын жетекчиси | № 5, 18.07.2018-ж. |