Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу № 156
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Жумгал, Ысык-Ата, Алай, Аксы жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал, Ысык-Ата, Алай, Аксы жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 31-июлундагы № 156 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
1 | Кең-Булуң айылдык | Абдуллаев Махамеджан Абдулкасымович | Өз арызы | № 2, 23.07.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
2 | Чаек айылдык | Жээнбекова Гүлжан Жумакадыровна | Өз арызы | № 8, 24.07.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
3 | Алай айылдык | Эрматов Куштарбек Тогузбаевич | Өз арызы | № 6, 25.07.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
4 | Авлетим айылдык | Аликеев Каныбек Анарбекович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 10, 25.07.2018-ж. |
5 | Авлетим айылдык | Назаралиев Жолдошбек Кожобекович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 10, 25.07.2018-ж. |
Сузак району | ||||
6 | Кара-Дарыя айылдык | Султанов Каныбек Токоевич | Өз арызы | № 13, 26.07.2018-ж. |
7 | Таш-Булак айылдык | Бурханов Тайчиходжа Шамсаидович | Өз арызы | № 13, 26.07.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 31-июлундагы № 156 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
1 | Кең-Булуң айылдык | Дуйшекеева Замира Карагуловна | Ивановка айылы. Медайым | № 2, 23.07.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
2 | Чаек айылдык | Биялиев Даир Советович | "Чаек-водоканал" муниципалдык ишканасы, сантехник | № 8, 24.07.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
3 | Алай айылдык | Назарбаев Нуралы Айдаралиевич | Жеке ишкер | № 6, 25.07.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
4 | Авлетим айылдык | Ажыбаев Абдыгапар Абдыразакович | Жеке ишкер | № 10, 25.07.2018-ж. |
5 | Авлетим айылдык | Добутова Анаркан Кубатбековна | Жеке ишкер | № 10, 25.07.2018-ж. |
Сузак району | ||||
6 | Кара-Дарыя айылдык | Абдраимов Таалайбек Исраилович | Жеке ишкер | № 13, 26.07.2018-ж. |
7 | Таш-Булак айылдык | Юнусов Эргашходжа Ибрагимович | Жеке ишкер | № 13, 26.07.2018-ж. |