Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу № 166
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Сокулук, Таш-Көмүр, Ысык-Ата жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук, Таш-Көмүр, Ысык-Ата жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-августундагы № 166 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1 | Камышановка айылдык | Балпаев Доктурбек Джолдошевич | Каза болгондугуна байланыштуу | № 14, 06.08.2018-ж. |
2 | Күн-Туу айылдык | Сейдалиев Адылет Айтбекович | Өз арызы Айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 15, 06.08.2018-ж. |
3 | Асылбаш айылдык | Жумабеков Жалын Жумабекович | Айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 16, 06.08.2018-ж. |
4 | Фрунзе айылдык | Азизов Бахтияр Хаимович | Соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу | № 17, 13.08.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
5 | Таш-Көмүр шаардык | Арзыбаев Рысбек Саламбекович ("Таш-Көмүр жаштары" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 4, 13.08.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
6 | Ысык-Ата айылдык | Теңизбаев Камбарбек Асипбаевич | Өз арызы Айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 3, 14.08.2018-ж. |
Аламүдүн району | ||||
7 | Таш-Дөбө айылдык | Мамбеков Азамат Джумабекович | Өз арызы | № 8, 14.08.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-августундагы № 166 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1 | Камышановка айылдык | Кулбеков Абдулла Куралович | Бишкек ш., ЦСМ № 1, мед. кызматкер | № 14, 06.08.2018-ж. |
2 | Күн-Туу айылдык | Ниязов Рашид Сейитбекович | Убактылуу иштебейт | № 15, 06.08.2018-ж. |
3 | Асылбаш айылдык | Табалдиев Турдубек Омуркалиевич | "Орто-Алыш" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 16, 06.08.2018-ж. |
4 | Фрунзе айылдык | Султанбеков Эдилбек Жолчубекович | Убактылуу иштебейт | № 17, 13.08.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
5 | Таш-Көмүр шаардык | Сапаралиев Азамат Сагынбекович ("Таш-Көмүр жаштары" деп. фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 4, 13.08.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
6 | Ысык-Ата айылдык | Калиев Болотбек Матанович | "Байсаяк" дыйкан чарбасынын башчысы | № 3, 14.08.2018-ж. |
Аламүдүн району | ||||
7 | Таш-Дөбө айылдык | Уметалиев Совхозбек Куватбекович | Убактылуу иштебейт | № 8, 14.08.2018-ж. |