Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-августу № 173
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ак-Талаа, Сокулук, Жайыл жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа, Сокулук, Жайыл жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-августундагы № 173 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
1 | Баетов айылдык | Аалиев Аманбек Насирдинович | Өз арызы Муниципалдык кызматка дайындалгандыгына байланыштуу | № 5, 06.08.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
2 | Төш-Булак айылдык | Сыдыгалиева Назира Зарлыковна | Өз арызы | № 17, 13.08.2018-ж. |
Жайыл району | ||||
3 | Кара-Балта шаардык | Иманбекова Минара Акылбековна ("Элдик-Народная" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 7, 22.08.2018-ж. |
4 | Кара-Балта шаардык | Байдолотова Бермет Бакытбековна ("Элдик-Народная" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 7, 22.08.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
5 | Бешкент айылдык | Султанов Рустам Ташхужаевич | Өз арызы | № 5, 27.08.2018-ж. |
6 | Сумбула айылдык | Артыкбаев Дуйшобай Гапарович | Өз арызы | № 5, 27.08.2018-ж. |
7 | Тогуз-Булак айылдык | Исманов Мусабек Халматович | Өз арызы | № 5, 27.08.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-августундагы № 173 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
1 | Баетов айылдык | Өмүрова Махсальмина Карыбековна | Ак-Талаа аймактык ооруканасы, лаборатория башчысы | № 5, 06.08.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
2 | Төш-Булак айылдык | Саргулов Бучкакбек Ахметович | Убактылуу иштебейт | № 17, 13.08.2018-ж. |
Жайыл району | ||||
3 | Кара-Балта шаардык | Джолдошбаев Рустам Осмоналиевич ("Элдик-Народная" деп. фракциясы) | Кредит кызматкери, Сокулук району | № 7, 22.08.2018-ж. |
4 | Кара-Балта шаардык | Мураталиев Мирбек Бактыбекович ("Элдик-Народная" деп. фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 7, 22.08.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
5 | Бешкент айылдык | Тиллобоев Шайбек Джангибоевич | Жеке ишкер | № 5, 27.08.2018-ж. |
6 | Сумбула айылдык | Курбаналиев Темирбек Кенжебаевич | Жеке ишкер | № 5, 27.08.2018-ж. |
7 | Тогуз-Булак айылдык | Разыков Аззамкул Алиевич | Жеке ишкер | № 5, 27.08.2018-ж. |