Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-сентябры № 177
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Өзгөн, Кара-Кулжа, Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан, ошондой эле Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Өзгөн, Кара-Кулжа жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Өзгөн, Кара-Кулжа, Сүлүктү жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 177 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
1 | Жалал-Абад шаардык | Адылбеков Майрамбек Алымбекович ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 43/19, 04.09.2018-ж. |
2 | Дуйшеев Автандил Салиевич ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 43/20, 04.09.2018-ж. | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
3 | Жаргылчак айылдык | Акматов Нурмукамет Умоталиевич | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 8, 28.08.2018-ж. |
4 | Оргочор айылдык | Акматов Адилет Берикбаевич | Соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө киришине байланыштуу | |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
5 | Кызыл-Октябрь айылдык | Бапиев Улан Абдимиталипович | Өз арызы | № 12, 05.09.2018-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
6 | Капчыгай айылдык | Жусукеев Карыбек Назарович | Өз арызы | № 9, 30.08.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
7 | Сүлүктү шаардык | Мавлянова Равия Турдалиевна ("Бүтүн-Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 1, 05.09.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 177 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
1 | Жалал-Абад шаардык | Сыдыков Аслидин Махаматюсупович ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | Жеке ишкер | № 43/19, 04.09.2018-ж. |
2 | Турдиев Тилекберди ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | Жеке ишкер | № 43/20, 04.09.2018-ж. | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
3 | Жаргылчак айылдык | Жылкыбай уулу Мурадил | Дыйкан чарба | № 8, 28.08.2018-ж. |
4 | Оргочор айылдык | Сманов Темирбек Сартбаевич | Тынаева атындагы орто мектеби, мугалим | |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
5 | Кызыл-Октябрь айылдык | Батыров Базарбек Боконович | Жеке ишкер | № 12, 05.09.2018-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
6 | Капчыгай айылдык | Калыбаев Сулайман Термечикович | "Кыргызпочтасы" МИ Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ байланыш бөлүмүнүн башчысы | № 9, 30.08.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
7 | Сүлүктү шаардык | Муминов Асылбек Жаныбаевич ("Бүтүн-Кыргызстан" деп. фракциясы) | "Ак-Булак комур" ЖЧК, башкы эсепчи | № 1, 05.09.2018-ж. |
Бишкек шаары | ||||
8 | Бишкек шаардык | Пирматова Асель Айтбаевна ("КСДП" деп. фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 11, 07.09.2018-ж. |
Төрага | Н. Шайлдабекова
|